Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 3070
Атамбаев бийлигинин абийири айрандай төгүлүп, эксперттер “жазгы ыңкылаптык маанайдан аман-эсен чыгып алдык”,- деп канчалык кылыктанса да массалык нааразычылык толкуну Бишкекти көздөй жыла баштады. Ансайын бийликтин айласы кетип, эртеңки күнү кандай кадамга бараарына башы жетпей, мурда аракетинен майнап чыкпай жыгылып жүрүшсө, азыр түз жерден эле мүдүрүлчү болуп калышты. 
 
Батукаевди өзгөчө шаан-шөөкөт менен узатышкандыгын коомчулук туура түшүнүп, “өлүм алдында жаткан адамга гумандуулук кылды”,- деп кабыл алаарын ойлошсо керек. Бирок, бийликтин бул уре-сценарийи ишке ашпай, Атамбаев бийлигин “жарым криминалдык хандык” атагандар чыкты. Эл сыйлаган саясатчылар камакта чирип жаткан убакта “мыйзамдагы уурунун” президенттердей узатылышы “ээ, койчу, бириң өлүп бириң кал”,- деген кайдыгер адамды да ойготуп ийип жатпайбы. Мунун айынан Ташиев, Жапаров, Мамытовдун резервде турган электораты да көтөрүлө турган болуп калды. Буга чейин өзүңүз билесиз, митингге журттун баарын катыштырышкан эмес. Эми булар Ташиев канча ирет “мен силердин кыйналганыңарды каалабайм, мен үчүн азап чеккениңерди көргүм келбейт”,- дегенине да карабастан жөө-жаландап болсо да Бишкекке жетип, 24-мартта маселени “Эл үнүнө” кошулуп кабыргасынан коюуга даярданууда. Айласы кеткен бийлик ал ортодо Садыр Жапаров менен Талант Мамытовду УКМКнын ооруканасына которуп, гумандуу болгусу келүүдө. Бирок, Камчыбек Ташиевди жалгыз калтырышканына караганда, сүйлөшүү жолу менен, беркилерсиз маселени чечүүнү көздөшкөн сыяктуу. Же болбосо жалгыз калтырып сындырууну ойлоштубу? Эмнеси болсо да бийлик кырдаалдан алты саны аман чыккысы келип, айласы куруду. Коркутабы, сабайбы, жалдырайбы, айтор – бийликтин тагдыры Ташиевдин колуна түшкөнүн ким тана алат? Анын үстүнө булардын Ташиевди шылдыңдоо, Бакиевдин куйругу катары көрсөтүү аракети текке кетип, коомчулукта аны баатыр санагандар көбөйүүдө. Бул жагдай да бийликти шалдыратып, бийликте турган ар бир күнүн санап жашай баштаганы да чындык.
 
Учурда Атамбаевден үзөңгүлөш саясаттагы достору бүт кол үзүшкөнү, өкмөт башчы, министрлеринен бери оппозициялык саясатчыларга түнкүсүн чуркап барып жан соогалап жүрүшкөнү айтылууда. Президент учурунда Акаев менен Бакиев сымал жалгыз калгандай. Жалгыз дегенибиз, анын аткошчу кеңешчи-жардамчылары кеме чөгө баштаса биринчи болуп кожоюнун сатып качып кетери бышык. Бир гана “преданная” болуп башпрокурор Аида Салянова жүрөт. Ажого жакшы көрүнүү максатында “ата-журтчу” депутаттарга жасалма иш козгоп, оңой эле каматып-сындыргысы келген Аида айым да сотто толугу менен “жеңилип бергенден” кийин (анткени айыпталуучулардын күнөөсү далилденбей калган) ойлуу. Аны 7-кабаттан судьяга келип түшкөн буйрук гана сактап калды. Ажону жаман көргөзгөнү ачыкка чыгып, ишеничтен кеткени дайын боло калган маалда судьяга 7-кабаттын кысымы түшкөндө “чарк” ойгонуп, өзүн дагыле системага пайдалуу экенин түшүнүп, эми Садыр Жапаровго каршы “президенттин кадыр-баркына доо кетирди”,- деп кылмыш ишин ачты. Буга Садыр Жапаровдун Атамбаев менен “Кыргызалтындын” азыркы жетекчиси О.Артыкбаевдин “Кумтөрдүн” дивиденддерин ыйгарып алгандыгы тууралуу билдирүүсү түрткү болуптур. “Жапаров сөзүн далилдеген фактыларды бере алган жок. Президент мамлекеттин коргоосунда. Депутат ар бир сөзү үчүн мыйзам алдында жооп беришин сезиши керек”,- деди Салянова. Ажого жакшы көрүнгүсү келгени менен, Салянова бул кылмыш иши аркылуу элдин кыжырын огобетер кайнатканын кантип түшүнбөйт? Же учурунда Адилет министрлигинин статс-секретары болуп, жаш кадр катары салтанаттуу жыйынга катышып, карьерасы өсө баштаганы үчүн Бакиевге ыраазычылык иретинде Атамбаевди атайылап элге жаман көрсөтүп жатабы?
 
“Кумтөр” бүтпөс чыр. 24-апрелде Бишкекте эл Ак үй алдына жыйылганы турат. Бул кенге байланыштуу канадалыктар менен келишимди денонсация кылуу тууралуу “Эл үнү” кыймылы иштеп чыккан мыйзамды парламентке киргизүү максатында 10 миң адамдын колу жыйналган. Ошончо адам 24үндө келгени турат. Азимбек Бекназаров ачык эле айтты, эгер бийлик бул ирет да эл үнүн укпаса эмне болорун. Тагыраак айтканда, жаңы революцияга даяр экенин. Бекназаров азыр даяр болгон чыгаар, а бирок, эл ичинде бул маанай качантан бери жашап жатат! Бийлик бул маанайды жок кылууга эмнеге аракет жасабайт? Күч жолу менен эмес, чындыкты айткан депутаттарды камоо жолу менен эмес, өз иши менен эмнеге элдин көңүлүн албайт? 
 
Садыр Жапаров айтты эле, “ушул “Кумтөр” элдин пайдасына чечилсе өмүр бою абакта олтурганга даярмын” деп. Ташиев кайталаган аны: “Элимдин жыргалчылыгы үчүн азап тартсам бактылуумун”,- деп. Эл деле бул азаматтардын азап чегип жатканын жөн гана карап тура бермек беле? Бир күнү жарылат... Бир күнү бул бийлик да эл алдында жооп берип калышы мүмкүн. А бирок, анда бийлик үчүн кеч болуп калат. Ансыз деле араң турган мамлекетти дагы бир ызы-чуулуу революция бөлүп ташташы ыктымал. Ушуну сезсе, элин сыйласа бийлик эл үнүн угушу керек!
 
Нурдин Сейитов
Булак: “Майдан.kg”, №014, 17.04.2013-ж.