Кыргызстанда 7-апрель окуясынын үч жылдыгы өзгөчө шаң менен белгиленди. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, азыркы бийлик башчылары үтүктү сайсаң да элдин турмушу жакшы жакка өзгөрүп жатканын айтып, жадатканча сайрашты. Бир гана Азимбек Бекназаров эл көп нерсени күткөндүгүн, бирок, тилекке каршы азыркы бийлик анын баарын унутуп, тескери багыт алганын ачык айтып, чындыкты угузду. Чынын айта турган болсок, мактана турган деле көрүнүшкө туш бололекпиз. Атамбаевиң деле Акаев, Бакиевдин кадрларын тегерегине топтоп алгандан башка эмнени кыйратып ийиптир? Же булар телени өз эшегиндей минип алып, кечке мактана берсе эл ишенет дешеби? Азыркы кыргыз эли – Акаев момпосуй менен сооротуп жүрчү 90-жылдардагыдай караңгы калк эмес. Баарын түшүнүп турат.
 
Учурда Максим Бакиев ээлик кылган киреше булактары кадимкидей күргүштөп, Лондондогу кожоюнун байытып жаткандыгы тууралуу көп сөз жүрүүдө. Жогорку Кеңештин депутаттары да бул маселеге көп жолу кайрылышып, Максимге куйрук кылып ар кимди жабыштырууну адатка айлантып алышты. Эгер бул кептин чындыгы бар болсо, анда 7-апрелдеги кандын акканын итбекер кетти дей берүү керек. Деги эле, бул бийлик башчыларында “апрель окуясынан кийин жакшы жакка өзгөрүүлөр болду”,- деп айткыдай оптимисттик маанай каяктан пайда болуп жатат, ия? Эл талабынын эч болбосо бир пунктун аткара алыштыбы? Аткармак турсун, өздөрү буттан чалынып, эл көтөрүлүшүн пайдаланып акча жасаганы билинип, шерменде болуп жатышпайбы.
 
Эсиңиздерде болсо, апрель ыңкылабынан кийин АУБ эсебинде турган миллиондогон каражаттар изсиз жоголгон. Убактылуу өкмөттүн декрети менен Улуттук банк төрайымдыгын ошол кезде аркалаган Бактыгүл Жеенбаева коомчулукка бири-бирине каршы келген маалыматтарды жарыялап, элдин башын айландырып олтурганы эле болбосо, конкретүү маалымат берген эмес. Отунбаеванын “подружкесинен” башка эмнени күтмөк элек. Ошол изсиз жоголгон миллиондор маселесин бир жаңсыл кылуу максатында гана “АзияУниверсалБанктты” заматта чачыратып жок кылып, анын жакшы активдеринин негизинде “Залкар” банкын түзө салышканы да дайын. Эр болсоң эми сурап ал, ошол миллиондор каякта экенин. Ал эми банк кутучаларынан алынган акчаларчы! Азыркыга чейин чуу басаңдабай келатпайбы. Бул жагынан алып караганда, бир гана “Ата-Мекен” эмес, башкалары да “морадер” болуп чыгаарына ишене берсек болчудай.
 
Эсиңизде болсо, 7-апрелдеги окуя негизинен Максим Бакиевдин таш боор аракетине жаралган нааразычылыктан келип чыккан. Эгерде адилеттүүлүк, акыйкаттуулук болсо, ошол Максим Бакиев тартып, басып алган объектилер мыйзамдуу ээсине кайтарылышы керек болчу. Андай болгон жок. Жең ичинен бөлүштүрүлүп, жарымы Максимге тийешелүү адамдарда, калганы улутташтырылып гана тим болду. Буга “Кыргызөнөржайкурулуш” (КӨКБ) банкынын тагдыры айкын мисал болуп бере алат.
 
КӨКБнү мурунку канзаада Максимдин жан-жөкөрлөрү ырайымсыздык менен тартып алгандыгын банк акционерлери 7-апрелде бийлик алмашкандан кийин сотто толугу менен далилдеген болчу. Бирок, бул иш Жогорку сотко жеткенде Р.Отунбаева, А.Атамбаев, А.Муралиев, Ө.Бабановдун кийлигишүүсү менен, маселе башкача өңүттө чечилип калган. Акыйкат чечим чыгара коём деп бир катар судьялардын кызматынан кол жуугандыгынан да жакшы кабардар болсоңуздар керек. Ошондон улам да, бийликтин АУБтун эски кожоюндары менен жең ичинен сүйлөшүп алгандыгы тууралуу кеп тараган. Андан кийин деле күрөш уланган. А бирок, Максим тартып алган банкты өз ээсине кайтарууну бийлик башындагылар ойлоп да коюшпады. Кайра тескерисинче, аталган банк акционерлерине каршы бийлик катуу чабуул жасап, ындынын, акыйкатка карай умтулуусун өчүрүштү. 
 
КӨКБны басып алуу фактысы боюнча 2010-жылдын 7-апрелинен кийин Соцфонд менен Улуттук банктын жетекчилерине каршы Башкы прокуратура тарабынан кылмыш ишинин да козголгондугу маалым. Анын жүрүшүндө аталган банкты атайылап кудуретсиздикке жеткизүү боюнча Максим Бакиев тарабынан буйрук берилгени далилденген. Бирок, башпрокурорлукка Байболов келери менен, ал да тар чөйрөнүн кызыкчылыгын көздөп, бул ишти жаап койгон. КӨКБ акционерлери анткен менен кол куушуруп олтуруп калышкан жок. Алардын кылмыш ишинин негизсиз токтолушу тууралуу доосун карап чыккан Бишкек райондор аралык соту Башкы прокуратуранын бул токтомун жокко чыгарган. Башка аргасы калбаган Байболовдун прокуратурасы бул ишти кайрадан жанданткан. Ал эми азыркы башпрокурор Аида Салянованын позициясы белгисиз. Дегенибиз, Салянова деле бул багыттагы чындыкты орнотууга кызыкдар эместей мамиле жасоодо.
 
 Эмнеге КӨКБ тууралуу сөз кылып жатабыз? Анткени, бу банктты Максим Бакиев жан-жөкөрлөрүнүн жардамы менен тартып алган соң, анын туруктуу кардарларды тейлөө бөлүмдөрү “АзияУниверсалБанк” шапкасында ишин улаткан. КӨКБ, АУБ, “Залкар банк” – баары чырмалышкан бир шектүү схема болуп жатпайбы. Бийлик акеңде акыйкаттык болсо, апрель ыңкылабынан кийин эле Максим тартып алганды өз ээлерине кайтарып алып берүүгө тийиш болчу. А булар тескери жолго түшүп, ыңкылаптын да кадыр-баркын кетирип тынышты.
 
Биз бийлик партияларынын каракчылыгын атайын сөз кылган жокпуз. Болгону, ушул КӨКБ тегерегиндеги мисалдын негизинде гана эл үмүтү акталбагандыгын айткыбыз келди. Анан эле “бийликтин кадыры кетти”,- десек чычалап чыгышат. Буга фактыны тастыктаган биз эмес, туура эмес иштеп жаткан, Акаев-Бакиев жолуна түшүп алган өздөрүнөн башка эч ким күнөөлүү эмес. Элдин деле кыжыры кайнап, араң турушат. Алар деле: “Кайра-кайра революция жасагандан тажадык, атайын кан төгүп алып келгенден кийин эл үчүн иштеп коюшса болмок”,- таризинде өкүнүп турушат. Бийлигиңдин болгон, жеткен чеги ушул болсо эмне кылабыз? Айла жок, жашайбыз да...
 
Кадырбек Жакыпбек уулу
Булак: “Майдан.kg», №013, 2013-жылдын 10-апрели