Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 2391
Өткөн дем алыш күнү 2010-жылдын 7-апрель окуясынын үч жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленди. Өлкө жетекчилери баш болгон расмий өкүлдөр “Ата-Бейит” көрүстөнүнө сөөгү коюлган жигиттердин арбагына куран окушуп, гүлчамбарларды коюшту. Ал эми раймий жыйында ошол учурдагы Убактылуу өкмөттү жетектеп турган Роза Отунбаева сөз сүйлөп, “Курманбек Бакиевди мен чыгарганмын. Ал үчүн жооп берүүгө даярмын” деп көптөн бери коомчулуктун арасындагы табышмактуу жагдайдын жандырмагын ачыкка чыгарды. Эми Бишкектеги Беларусь элчилигинин имаратын күн сайын арбактай аралап, “Бакиевди бербесеңер элчилигиңерди өрттөймүн!” деп булбаштарды “коркуткан” “7-апрель кыймылынын” лидери Өндүрүш Токтонасыров Роза апчесине догурунса жарашат. Көрсө, эгер Бакиевге коридор берилбесе, ал түштүктө элди көтөрүп, өлкөдө жарандык согуш чыгып кетиши мүмкүн экен ошол кезде. 
 
Кудай сактасын, кылымдар бою бир эл болуп жашап келаткан кыргыздар бир бакиевдер үчүн мындай бөлүнүүгө барбаса керек эле. Ооба, алар алгач ушул план менен Ошко барышканда, ал жактагылар суз кабыл алышып, андан соң сыртка чыгып кетүүнүн амалын издей башташкан. Себеби бакиевдердин азабын эң оболу ошол жердештери да тартышкан. Бүгүнкү бийликтегилер ушул жагдайды туура түшүнүп, түштүктүн кыйын жигиттеринин баарын эле “Бакиевдин куйругу” деп куугунтуктаганды токтотсо болор эле. Ал кезде деле, азыр деле региондук балансты бетке кармап, чоң кызматтарды ээлеген эки жүздүүлөр толтура. Мындайлар бүгүнкү Атамбаевдин бийлигинде деле толтура.
 
Көрсө, ошол биздин башыбызга каран күн түшкөн 2010-жылдын апрель күндөрү Россия, Казакстан, Беларусь, ал тургай АКШнын президенттери Курманбек Бакиевди үй-бүлөсү менен алып чыгып кетүү чечимин кабыл алышкан экен. Албетте, алардын мындай чечимине Р.Отунбаева жана Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү каршы боло алышкан эмес. Анда алар бул чындыкты эмне үчүн ошол замат айтышкан эмес? Себеби жакындарынан ажырап, кан жутуп отургандардын жаалынан, каарынан, андан соң боло турган парламенттик, президенттик шайлоолордо добуш ала албай каларынан коркушкан. Демек, чындыкты жашырып, калп эле “Бакиевдерди ким чыгарды, сот чыгарды, куйруктары кылгылыкты кылды” деген эки жүздүү сөздөрдү айтып, үч жылдан бери элдин башын айландырып келишти. Качан гана шейит кеткендердин сөөгү муздап, алардын үй-бүлөсү менен жакындарына үй, акча берип, көкүрөгүнө орден тагып, көңүлүн алган соң бакиевдерди өздөрү качыргандыгын моюнга алууга аргасыз болушууда.
 
Деги Р.Отунбаева, А.Атамбаев жана Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн 2010-жылдын апрель, июнь окуяларына байланыштуу көптөгөн бүдөмүк жагдайлар боюнча чындыкты айтар сөзү дагы барбы? Менимче жакында алар калган чындыкты өздөрү айтышпаса, башкалар ачыкка чыгарышат. Балким, үч айдан соң Ош окуясынын башкы күнөөкөрлөрү болгон Кадыржан Батыров жана башка өзбек сепаратисттерин ким качыргандыгы да ачыкка чыгып жүрбөсүн?
 
Ошентип шибегени капка ката албагандай эле, тарых алдында эртеби-кечпи ачуу чындык бир күн айтылат. Эмне үчүн АКШ, Россия баш болгон дүйнөлүк державалар К.Бакиевди үй-бүлөсү менен канга боёлгон Кыргызстандан алып чыгаруу чечимине келишкен? Анткени алар апрель окуясын революция катары кабыл алышкан эмес. Бир чети мамлекет башчысы катары алардын бири да жеке өздөрүнүн, мамлекеттин башына биздегидей каран түн түшүшүн каалашпайт. Эч кайсы адам өмүрү бийлик менен өлчөнбөйт.
 
Ооба, биз К.Бакиев, уулу Максим жана анын бир туугандарынын талап-тоноочулук, рейдерлик, Кыргызстандын кызыкчылыгын ойлобой, эл аралык деңгээлдеги Гуревич сыяктуу алдамчыларга өлкөнүн байлыгын талатып-тоноткон чыккынчылыгын актагыбыз келбейт. Ал тургай президент А.Атамбаев айткандай ошол режимдин кайра келишин дегеле каалабайбыз. Бүтүндөй мамлекетти жоголуп кетүү, коррупцияга белчесинен батырган президент сөзсүз кетүүгө тийиш эле.
 
Мындай жол кандуу, куралдуу эмес, цивилизациялуу, дүйнөлүк практикада далилденип келаткандай, шайлоо, тынчтык митинги аркылуу болууга тийиш эле. Тилекке каршы, ошол 6-апрель күнү Таласта ИИМ башчысы Молдомуса Конгантиевдин чала өлүктөй сабалышы, андан соң 7-апрелде Бишкектеги “Форум” ишканасынын алдында, кийин Ак үйдүн алдында ОМОН баш, МУКК чекисттери төш болуп сабалышы, үч жоокердин өмүрүнүн кыйылышы ал кездеги оппозициянын, азыркы бийликтегилердин так позициясы, тактикасы болбогондугун көрсөтүп турат. Эмне үчүн башкалар “Баатыр” болот да, буйрукту аткарып, мамлекеттин башкы имараты – Ак үйдү коргогондор эл душманы катары соттолуш керек? Менимче бул жагдайда үч жылдан бери сот процессинин бүтпөй, бүдөмүк жолго түшүп кетишинин себеби да күнөөсүз аскер кызматкерлеринин жазага тартылып жатышынан улам болсо керек. Ал эми эч кайсы мамлекетте уставды, буйрукту аткарган аскер адамдарын сот жообуна тартпайт.
 
Кыскасы, бир чети ошол кезде жамгыр жаап тургандыктан кулак тундуруучу, көздөн жаш агызуучу октор жарылбай калып, Ак үй тараптан жаалданган топту кандай да болбосун токтотуу үчүн чыныгы октор атылып, андан соң берки жактагылар да атышып, ортодо кызыл кыргын болуп, бейкүнөө жаштардын өмүрү кыйылды. Андан тышкары көпчүлүк маркумдар менен жарадар болгондордун (Ырысбек Өмүрзаковдун “2010-жылдын апрель, июнь окуялары журналисттин көзү менен” аттуу китебинде келтирилген) канынан алкогольдун чыгышы, бул окуяга катышкандардын арасында мастар да болгондугун, башаламандык өкүм сүрүп, ошол кездеги оппозиция кандуу жол менен болсо да бийликти алууну көздөгөндүгүн  көрсөтүп турат. Андан соң Ала-Тоо аянтында каза болгондордун каны сууй электе бакиевдердин алтындары менен үй-мүлкү, чет элдик дүкөндөр түнү бою таланып, өрттөлүп, Кыргызстан дүйнөгө “морадёрчулугу” менен көбүрөөк көрүндү...
 
Ошон үчүн дүйнөлүк коомчулук “кыргыз революциясына” сыртын салып, экономикалык жактан алгылыктуу кызматташпай жатат.
 
Ж. Тилеков
Булак: “Майдан.kg», №013, 2013-жылдын 10-апрели