Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “Мамлекеттик бийликти басып алууга аракет” жана “Конституциялык түзүлүштү кулатууга чакырык” беренелери боюнча козголгон кылмыш иш алкагында айыпталып жаткан парламент депутаттары К.Ташиев, С.Жапаров, Т.Мамытов, генерал-майор К.Кожоналиев жана “Ата-Журт” лидеринин үч жансакчысынын үстүнөн жүрүп жаткан сот ишинде күбөлөр көрсөтмө берип бүтүштү. Бирок, сотко күбө катары тартылгандардын бири да ошол каргашалуу 3-октябрда бийликти басып алуу аракети болгонун далилдеп айтып бере алышкан жок.
 
Мамлекеттик айыптоо тарабынан чакырылган улуттук коопсуздук комитетинин, Улуттук гвардиянын ж.б. тартипти камсыз кылууга милдеттүү органдардын кызматкерлери тор ичинде олтургандарга эч кандай дооматы жоктугун билдиришти. Болгону, алардын командирлери гана “беш өрдөгүн” учуруп, залдагыларга бекер тамаша тартуулашты. Ошентип, жалпысынан ала турган болсок, үч депутаттын эч кандай күнөөсү жок экендиги, аларды саясий буйруктун негизинде гана камакка алышканы ачык көрүндү.
 
“Патриот” менен “Охотникке” ишенишкен...
 
Өткөн жумадагы сот олтуруму К.Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткуловдун Башкы прокуратуранын мекемелер аралык тергөө тобунун жетекчиси, өзгөчө иштер боюнча тергөөчүсү Жылдызбек Исмаиловду кайрадан чакырып, суракка алуу талабынан башталды. “Биз башпрокурор Салянова менен кызматкери Исмаиловдун көрсөтмө беришин талап кылган элек. Тергөө тобунун жетекчиси сот олтурумуна келип көрсөтмө бергенде мен жок болуп калгам. Бирок, менде ага бир топ суроолорум бар. Дал ошол себептүү Исмаиловду кайра чакырып суроону талап кылам”,- деди ал.
 
“Ташиевди суракка алып жатышканда Исмаиловдун Салянова менен сүйлөшүп жатканын угуптур. Ошого байланыштуу, мен Салянованын кандайдыр бир өзгөчө буйрук бергенин же бербегендигин билгим келет. Бул маселени ачык калтырбай, аныктап алуубуз зарыл. Анткени, тергөөчүнүн эч бир документтерсиз парламент депутатын кармагандыгы шек жаратууда. Биздин билишибизче, Ташиевди камакка алуунун алдында Салянова башка жактан учуп келип, жеке өзү ушундай буйрук берген”,- деди И.Айткулов.
 
Андан тышкары, Икрамидин Айткулов Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин (МУКК) жетекчисинин орун басары Замир Саабаевдин бийликти басып алуу тууралуу оперативдүү маалыматын ачыкка чыгаруу талабын койду. Сотко күбө катары келген МУККнын 9-башкармалыгынын начальнигинин орун басары Мирбек Касымкулов оперативдүү-издөө ишмердүүлүгү менен алектенбестигин айткан. Бирок, буга чейин бул башкармалыкты жетектеген З.Саабаев 3-октябрга чейин бийликти басып алуу багытында оперативдүү маалымат алганын айтып, бул билдирменин булагын атоодон баш тарткан. “Күбө Касымкулов МУККнын 9-бөлүмү оперативдүү иликтөө иштерин жүргүзбөй турганын айтканына байланыштуу, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетин ал маалыматтын жашыруундугун далилдеген документти бердиртүүгө милдеттендирүү керек”,- деди Айткулов судьяга кайрылып.
 
 Судья жактоочунун талабын МУККга жөнөтүүгө макул болду. Буга чейин жактоочулар көрсөтмөлөрү баш-аягынан окшош болгондуктан, күбөлөрдү иргөө талабын койгон болчу. Ошого байланыштуу, 28-февралдагы соттук олтурумда мамлекеттик айыптоо тарабынан тартылган бир нече күбөнү гана суракка алуу чечимине келишкен. Алар көрсөтмө берип бүткөндөн кийин, 1-марттан баштап судья иштин өзүн иликтөөгө өтүшкөнүн жар салды. Дагы бир адилет чечим – судья Адылбек Субанкулов иштен “Патриот” жана “Охотник” аттуу жашыруун ысым менен көрсөтмө берген адамдардын билдирүүсүн алдырып салды. Анткени, мыйзам боюнча, алар көрсөтмөсүн сотко келип далилдеп бериши керек болчу. Үч депутаттын үстүнөн козголгон кылмыш иши негизинен ушул эки жашыруун адамдын көрсөтмөсүнө таянуу менен ачылган. Анда аты аталбаган бул адамдар айыпталуучулардын 2012-жылдын 25-сентябрында Садыр Жапаровдун иш бөлмөсүндө чогулуп, 3-октябрда бийликти басып алууну пландаштырганын айтып беришкен. Ушуга таянуу менен мамлекеттик айыптоочу А.Иманбеков расмий айыпты мындайча чечмелеген: “Садыр Жапаров "Ата-Журт" оппозициялык фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов,эксперт Кубатбек Кожоналиев, ошондой эле Ташиевдин коомдук жардамчылары Исаев, Камчыбеков, Кадырбаев жана башка тергөөдө аныкталбаган адамдар менен бирге өзүнүн кызматтык кабинетинде алдын-ала сүйлөшүп, бийликти күчкө салып тартып алууну жана бийликти күч менен кармап турууну пландашкан. Ал кылмыштуу планды ишке ашырууну 2012-жылдын 3-октябрына белгилешкен”. Бирок, булардын бул айыбынын далилдениши эми кыйын болуп калды. “Патриот” менен “Охотниктин” көрсөтмөсү иштен алынып салынган соң, түздөн-түз алдын-ала бийликти басып алуу тууралуу план курулганы тууралуу эч бир далил жок болуп калды.
 
Талант Мамытов: “25-сентябрда Дүйшөмбү шаарында болсом, кайсы сговорого катышмак элем?”
 
Мамлекеттик айыптоочулар Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов, эксперт Кубатбек Кожоналиев, ошондой эле Ташиевдин коомдук жардамчылары Исаев, Камчыбеков, Кадырбаевдин 25-сентябрда чогулуп, бийликти басып алууну пландаганын айтып жатпайбы. Биз бул маселе боюнча сотто темир тордун ичинде олтурган депутат Т.Мамытовго кайрылганыбызда, ал төмөнкүлөрдү билдирди: “25-сентябрдан 27-сентябрга чейин мен Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында депутаттык достук тобунун алкагында иш сапарында болгом. Ал жакка жергиликтүү убакыт боюнча 9.45те депутаттар Н.Арипов, Ж.Исаев, Н.Мурашев болуп учканбыз. Эл аралык рейстерге каттоо 3 саат мурда башталарын эске алганда, мен “Манас” аэропортунда таңкы 6да болгом. Анан кайсы чогулушка катышып, сговор кылып жатыптырмын? 25инде учуп, 27синде кайтып келгенимди тастыктаган авиабилетим, иш сапары тууралуу ырастамалары колумда турат. Башкача айтканда, булар бизге ойдон чыгарылган айыптарды коюп жатышат. Башынан аягына чейин мунун баары – саясий заказ! Болгону бийлик бизди алсыратуунун, сындыруунун амалын кылды”.
 
“Ата-Журт” партиясынын лидери, депутат Камчыбек Ташиевдин позициясы баарыбызга белгилүү: “Башкы прокурор менен бийликте отурган кээ бир адамдар биздин камалашыбызга абдан кызыкдар болуп жатат. Бийлик оппозициядагы баш көтөргөндөрдүн баарын сындыруу аракетин көрүүдө. Биздин үнүбүздү басып, темир торго камап коркутууну көздөгөндөр терең жаңылышат. Мен айтып коёюн, бизди эч ким коркутуп, сындырып, чөгөлөтө албайт. Мен 3-октябрь күнү дагы өзүмдүн эмес, элдин кызыкчылыгы үчүн тосмодон ашып өткөнмүн. Эл үчүн дагы деле кызмат кыла берем. Мен эч качан мени чыгаргыла деп бийликтен суранбайм. Козголгон кылмыш иштери мени коркутуп чөгөлөткөнгө гана багытталган. Бирок андай болбойт”. 
 
Депутат Садыр Жапаров да прокурорлордун бийликти басып алууну пландашканы тууралуу жөө жомогун так кесе четке какканы белгилүү: “3-октябрдагы митингдин демилгечиси болгонум чын, бирок, ал толугу менен тынч максатты көздөгөн. Биздин камакта олтургандыгыбыздын себеби - “Кумтөрдөгү” коррупциялык иштерди жана ага аралашкан бийлик төбөлдөрүнүн ысымдарын ачыкка чыгаргандыгыбызда болууда. Аида Салянова 2009-жылы Адилет министрлигинде иштеп турган учурунда “Кумтөрдүн” 3 миллиард долларлык айып пулун кечип жиберүү тууралуу документке кол койгон. Бул кызматы үчүн өзү дагы кайсы бир өлчөмдө акча алган. Ушуну ачык айтканыбыз үчүн бизге кутум салды. Өч алгысы келип, кылмыш ишин жөнү-жок жерден токуй салды”.
 
Кырдаал курчуй баштады...
 
Республиканын бардык булуң-бурчтарында камактагы оппозиция лидерлерин бошотуу талабы коюлган нааразычылык акциялары күч алды. Кечээ Каракол менен Ошто жүздөгөн адамдар борбордук аянттарга чогулушуп, нааразычылыктарын билдиришти. Алар К.Ташиев, С.Жапаров, Т.Мамытовду тез арада бошотууну, “Кумтөр” менен келишимди денонсациялоону талап кылышууда. Мындан тышкары, Жалал-Абадда 150дөй баатыр эне митингге чыгышып, бийликке дагы бир эскертүү беришти. Баарынан да чоң митинг бүгүн Жалал-Абадда өтө турган болууда.
 
Ачык айтуу зарыл – “ата-журтчу” депутаттар чыкмайынча, эл ичиндеги нааразычылык күндөн-күнгө күч ала берери айныгыс факт болуп калды. Биз башында эле, 3-октябрдан кийин бийлик бир тараптуу үч депутатты жаманатты кыла баштаганда айтканбыз: учуру келгенде чындык өз ордун таап, бул саясатчылар баатырга айланат. Арадан 5 ай убакыт өттү, коомчулук бул депутатар көтөрүп чыккан маселенин орчундуулугун эми түшүнүп, аларды саясий туткун катары тааныды. Дал ошондуктан жер-жерлерде аларды бошотуу акциялары күч ала баштады. Соттун чечиминен көп нерсе көз каранды. Депутат Курманбек Осмонов айткандай, “сот терс чечим чыгара турган болсо, коомчулукта терс прецедент пайда болот, анын арты эмне менен аяктай турганын айтуу кыйын”. Ошол эле убакта, оң чечим чыгарса, абалды стабилдештирүүгө шарт түзүлмөк.
 
Бийликтин кийинки кадамы кандай болот? Ансыз деле “ширеңке жаксаң дүрт эте түшчү кырдаал” түзүлүп турганда үч депутатты кесип жиберип, кырдаалга жоопкерчиликти өзүнө алганга эрки жетеби? Саясатчы Мирослав Ниязов айткандай, эл азыр бийликке ишенбөөчүлүгүн көргөзүү үчүн шылтоо таппай турат. “Кыргызстандын жарандары түрдүү шылтоо менен митингге чыгууну улантат. Алардын негизги себеби - бийликке болгон ишенбөөчүлүк болот. Уучурдагы парламенттик система мамлекеттүүлүктүн негизин бузуучу мүнөзгө ээ. Бул канчага чейин турарын билбейм. Канчалык көп турса, биздин мамлекет ошончо талкаланат", -дейт Ниязов.
 
Бул пикирди көпчүлүк аналитиктер, саясат талдоочулар айтышууда. Бийлик моюнга албай эле койсун, бирок, калк ичинде нааразычылыктын улам өөрчүп, өз апогейине жетип калганы чындык. Ошондуктан, бийлик ээлерине айтарыбыз, кошоматчы кеңешчилерин, дүжүр эксперттерин уга бербестен, элди угуп үйрөнүү зарыл. Акаевдин, Бакиевдин катасы да ушунда болгон – алар элди уга билген эмес. Азыркылар да акырындап алардын жолуна түшө баштады. Кеч бололекте көзү ачып ойгонуп, түз жоло түшсөңөрчү!
 
Автандил Белеков,
Булак: “Майдан.kg”, №08 (090), 06.03.2013