Жүздөгөн адамдын өмүрү кыйылып, миңдеген адам жараат алып, ондогон адамдын дайны билинбей, өрттөлүп, тирүүлөй мууздалып жок болуп кеткен Ош коогалаңына 3 жылдын жүзү болоюн деп калды. Ош коогалаңынын уюштурууда  бирден бир башында турган, эки улутту касташтырган Кадыржан Батыров болгондугун Кыргызстандын жарандары жакшы билебиз. Канчалаган уул, кызынан ажыраган энелердин, ата-энесинен ажыраган бөбөктөрдүн, өмүрлүк жарынан ажыраган аялзатынын ыйы, каргышы уктаса турса кулагына угулуп, көзүнө көрүнүп тынч уктатпай жаткандыр каргыш ургурду.
 
К Батыров Кыргызстандагы эң бай адамдардын катарын толуктап келгенин ММК байма-бай жазууда. Бүгүнкү күндө ага таандык миллиондогон долларды чапчыган 31 объектилери «ни  туда, ни сюда»  болуп же улутташтырылбай турган чагы. 3 жылга жакын убактан бери  создуктурулуп, улутташтырылбай тургандыгы коомчулукта күмөндүү ойлорду жаратып жаткандыгына себеп болууда. 2010-жылдын 7-апрелдеги “куралдуу төнкөрүш” дейбизби же “куралсыз төнкөрүшпү” (“революция”,- дегендер да жок эмес), ошол окуядан соң, “Бакиевдин мал мүлктөрү, банктагы акчалары заматта өз ээлерин таап кетти да, а  К Батыровдун мүлкүн улутташтырышпайт, элге өткөрүп беришпейт эмгиче”,- деген  нааразычыктар да жок эмес коомчулукта. Анын үстүнө Бакиевдин саясатын колдоп, жакшы иштеген мамлекет башчы болчу деген ойду кармангандар кечээ жакында Бакиевдин улуусу 24 жылга, үкаси Жаныштын өмүр бою эркинен ажыратылганына, Ош коогалаңында, Жалал-Абадда мыкаачылык менен кыргыз улутундагы адамдарды өлтүргөндүгү үчун өмүр бою эркинен ажыратылган мыкаачыны эркиндикке койо берген сотторго нааразычылын билдиришип, жерге сая түкүрүшүүдө.
 
Мынчалык Батыровдун байлыгын «аяп» жатышкандыгы карапайым калкка бүдөмүк бойдон калууда. Кадыржандын байлыгына байланышкан көшөгөнүн аркасында кызык оюндар болуп жатабы деген ой келет. Бакиевдин байлыгын бийликте отурган маданияттуу мародёрлор талап тоногону, Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү да карап турбай оңду-солду бөлүшүп, “ат көрбөгөн минип өлтүрөт” кылышканын көп убакыт өтпөй эле өздөрү бириникин бири чукуп чыгышты. “Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет”,- болуп, мунусунда тыкыр, кийин биринин аркасын бири чукубай турган кылып этияттап бөлүшүп жатышабы деп ойлоп кетет экенсин. Болбосо Кыргызстандын аймагында турган объектилер болсо, иликтөөчүсү, өткөзүп берүүчүсү, өткөрүп алуучулар баары тең эле Кыргызстанда  турушса анан ким тоскоол болуп жатат? Же бири биринен кызганып, андан көрө Батыровдун пайдасында тура берсин деп  кыска ойлук кылып жатышабы шумпайлар. Болбосо 2 жылдан ашык узарта турган иш эмес беле? Кыргыз бийлигине эрк керек болуп атат окшойт бул маселеде. Ташиев, Мамытов, Жапаровду ак жеринен камаганга, Бакиевдерди өмүр бою кесүүгө эрки жеткен бийлик, Кадыровдун байлыгын улутташтырганы эрки жетпей көздөрүн жалдыратып, Ашмат, Ташмат мыйзамдуу кылып чечиш керек деп ашынган гумандуу, ак жүрөк болуп кеткени тан калыштуу.  Жакшылыктан үмүт кылып, бийликке эрк, ал эми сотторубузга гумандуулук, Кыргызстанга тынччылык тилеп, молдокелер айтмакчы «дуба» кылып туралы.
 
Нуртилек Жолборсов,
Жалал-Абад областы