Жаз жакындаган сайын "үчүнчү революция болот экен"- деген "имиш-имиштер" көбөйүп, ал түгүл "... Бекназаровду камагыла..., жайлагыла.."- деген талаптар, "... керек болсо Бекназаровду аттырып салабыз.., тигинтип жиберебиз, антебиз, минтебиз"- деген жабык эшик артындагы сөздөр, пландар ачыкка чыга баштады.


Мурдагыдай эле анча-мынча дос-тууган "дагы эмне болот?"- дешип чогулушуп менден оолактаса, "досу экөөн жараштыра коёлу"- деген ортомчулар пайда болду. Баягы эле эски көрүнүштөр, ушак айың, кара пиарлар, баягы эле бийлик акырынан жем жешкен бийликтегилердин ММКлары, баягы эле Осмонакуновдор.
Ооба, революциядан тажаган, чоочуган эл да бар. Биринчи кезекте революциядан коркушкандар, албетте бийликте, байлыкта отургандар. Алар өз бийлик, байлыктарын сактап калыш үчүн "боло турган 3-революциянын" алдын алуу үчүн штабдарды, иш чараларды уюштура баштады. Жогоруда аталгандай "маалымат" согушун жарыялашты.


Ушундай шартта адатынча "унчукпай коюуга акым жок"- деген принцибимди туу тутуп, бүгүнкү өлкөнүн, улуттун тагдырын чече турган "Ак үй" менен "боз үйдө" отурушкан "3-революциядан коркушкан", Бекназаровдон чочулашкан журт башчыларына төмөнкү кеңештеримди берет элем:


Биринчиден : эгерде сен элдик революциядан корксоң, анда мусулмандар беш убак намаз окугандай 2005-жылдагы март революциясы, 2010-жылдагы апрель революцияларынан сабак ал, жыйынтык чыгар. Ал революциялар эмнеден улам чыкты эле? Максаты эмне эле, максатына жеттиби? Эмне үчүн көпчүлүгүңдүн "эски кожоюнуңар" Акаев, Бакиевдер качып жүрүшөт? Революциянын күчү эмнеде, кимдер жасашты?- деген суроолор менен жатып, ошол суроолор менен ойгон. Кечке ал суроолорго жооп издеп, иште.


Экинчиден : эгер сен революция болот деп чочусаң, күндө ишиңе кирип баратып, Ак үйдүн алдындагы сенин бийлигиң үчүн өмүрлөрүн тобокелге салышкан эки революциянын каармандары, чыныгы революционерлер үчүн орнотулган ак менен кара бөлүнүп турган эстеликти, сенин бийлигиң үчүн шейит болуп, тизмелери Ак үйдүн тосмолорунда илинип, үч жылдан бери соту бүтпөй, "каны кургабай" тургандардын тизмесин карап өт.


Үчүнчүдөн : айрыкча Ак үйдүн 6-7-кабаттарында отургандарга айтаарым: терезеңерден күндө бир жолу эстелик, тизмелерди карап койгула, анткени булар түбөлүк кыргыз бийлигине илинген чокой, айрыкча силерге, терезеси эстеликти караган бийлик ээлери. 


Эми урматтуу Ак үй, Боз үй ээлери, силерге үчүнчү революцияны болтурбоонун бир нече жолдорун да айта кетейин: 


Биринчиси : эгерде сен элдик революциядан корксоң, анда ар бириң Конституцияда, мыйзамдарда сага берилген ыйгарым укуктардын чегинен чыкпа, атайын мыйзам жаздырып, жарлык, токтомуң, буйругуң менен өз бийлигиңди кеңейтпе, ар бириң мыйзам менен жашап, башкалардан да ошону талап кыл. Укуктук мамлекет деген ошол. Акаев, Бакиевдер өз бийликтерин көбөйтөбүз дешип, эми качып жүрүшөт. Мыйзамсыз, узурпациялап алган бийлик башыңа муш болот.


Эки революциянын башкы талаптары авторитаризмге каршы болгонун эсиңерге салалы.


Экинчиси : өлкөнү демократиялык, укуктук талаада алга жылдыруу. Ал үчүн Конституциялык деңгээлде реформалоо керек. 


2010-жылдын апрель, июнь окуяларынан кийин кандай болбосун эртерээк Конституциялык талаага кирели деп саясий чукул кырдаалда алынган Конституция өзгөрүүлөргө муктаж. Аны "2020-жылга чейин өзгөртпөйбүз" деген позиция 3-революция менен өзгөртүлсүн дегендей эле бүтүм. Кандай өлкөдө "Парламенттикпи, Президенттикпи же аралашыбы"- жашаары тууралуу маселени бийликтин ээси болгон элге бир жолу салып көрбөйлүбү? Мүмкүн эл: "АКШдай мамлекет, өкмөт башчысы - президент - бир адам болсун"- дейттир. Бийлик эле керек болсо Конституцияны бузбай, аны өзгөртүп туруп анан бийлесеңер ким силерди "узурпатор" же "Кокон ханы" десин?


Үчүнчүсү : 3-революция болбосун десеңер, эки революциянын талабы болгон 20 жылдык тамыры бар коррупциялык схемаларды сындырбайсыңарбы? Аны 1992-жылдан бери чечилбей келе жаткан "Кумтөр" алтын кенине тиешелүү коррупциядан баштайлы. 2005-жылы март революциясынын талабы катары "Кумтөрдү" чет элдиктерге сатышкандарга тиешеси бар делинген Акаев, Танаев, Сарыгулов, Нанаев жана башкаларга байланыштуу адамдарга каршы козголгон кылмыш иштерин калыбына келтирели. Аларды Москвадан кармап келели. Же сырттан соттойлу. Аларга кийинки "Ак жолчуларды" Бакиеви менен кошолу. 260 тонна алтын 15 жылда сыртка "мыйзамдуу" чыгарылып, кыргыздар болсо миллиарддаган экологиялык зыян менен дагы канчага чыдайт? "Кумтөр" маселеси эки революциянын башкы талаптарына кирген. "Кумтөр" маселеси боюнча эки президенттин кол тийбестиги алынган. Конституциялык сотту таркатууга анын "Кумтөр" үчүн берген "мыйзамдуу корутундусу" негиз болгон. Үчүнчү революциянын болушуна жана үчүнчү президенттин кол тийбестиги алынган документте да "Кумтөр" маселеси негиз болушун мен каалабайм.


"Кумтөрдү" денонсациялап, өндүрүлгөн металлды тең бөлүүгө жетишсеңер, үчүнчү революциянын алдын аласыңар. "Металлды бөлүшпөйбүз, кетебиз"- десе канадалыктар анда кете берсин. Калган 700 тонна алтыныбызды сактап калабыз.


"Жок, улуттун эмес, канадалыктардын кызыкчылыгын коргойбуз"- десеңер, жолуңар шыдыр болсун.


Төртүнчүсү , 3-революциянын болушун каалабасаңар "мародерлордун иши"- деп коомчулукка белгилүү болгон "чууну" парламент тарабынан жаптырбай, кайра ачык көрсөтө турганын көрсөтүп, чекит коюлушу керек. Бир топ шибегени капка салып илип койгондой, аны да капка салып илип койдуңар, урматтуу бийлик ээлери.


Бешинчиси , апрель окуясынан кийин тарыхый жоопкерчиликти моюнга алып иштеген Убактылуу Өкмөт таркагандан кийин (2010-ж. декабрь) апрель, июнь окуялары боюнча козголгон кылмыш иштер улантылган жок. Бир да жаңы иш ачылбады. Мисалы апрель окуясы боюнча "тергөөсү бүттү"- деп сотко өткөрүлгөн кылмыш иш үч жылдан бери бүтпөй турат. Анысы аз келгенсип, ишти бүтүрбөй жаап коюу же эки-үч адамды соттоо менен калган иштерди токтотуу саясаты ачыктан-ачык көрүнүп турат. Ага далил - бардык процессуалдык кемчиликтерди Убактылуу Өкмөткө шылтоо, айрым соттоочуларды ачыктан-ачык актоо далалаты ММКлар (айрыкча орус тилдүү), айрым күбөлөр аркылуу жүргүзүлүп жатканы. Сот процессинде мамлекеттик айыптоочулардын пассивдүүлүгү, 7-апрелге байланыштуу мындай иште Убактылуу Өкмөт мезгилинде Башкы прокурор, орун басарлары менен мамлекеттик айыптоочу болуп катышкан. Азыр болсо мамлекеттик айыптоочулар улам алмашылып, ишти билбеген эле прокурорлор отурушат дешет жабырлануучулар. Убагында Бакиевдердин кадры болгон азыркы башкы прокурор Салянова 7-апрель окуясы боюнча кылмыш ишти аягына чыгаруунун ордуна "саясий заказ" иштер менен алек. Өлкөнүн Президенти, эки Башкы прокурор, өлкөнүн башкы саясий кызмат адамдары соттолуп жаткан процесске жок дегенде Башкы прокурордун орун басары катышпаса, ал иш кантип аягына чыгат?


Азыркы бийликтегилер, ушул иш боюнча шейит болгондор болбогондо деле силер бийликте жүрмөксүңөр дечи, бирок кан узатпайт, арбак кечирбейт. 7-апрель боюнча кылмыш ишти "эптеп-септеп" жапканыңар Аксы окуясынын иштериндей бүтпөй, кийинки 3-революциянын талаптарына айланбаса болду. 7-апрель, июнь окуялары боюнча дагы башка күнөөлүүлөрдү таап, аныктоо боюнча өзүнчө бөлүнгөн кылмыш иш боюнча тергөө иштери улантылып жатканын бир кудай билет.


Алтынчысы , мурдагы эки революциянын талабы болуп мамлекеттик бийликти тазалоо же тазалануу эсептелген. Бүгүнкү бийликти карап туруп "ооба, тазалануу болду, бирок "акаевчи", "бакиевчилерден" эмес, революционерлерден" деп айтса болот. Анткени акырындап отуруп Ак үй, Көк үйдө Акаевчилер, Бакиевчилер көбөйдү. 


Эл арасында азыр "Кыргызстанды татарлар, калмактар башкарып жатат" деген ачуу чындык бар.


Путиндин Россияда кара жумуш иштеп барган бечаралардан бери орус тили боюнча экзамен берип, анан иштесин, жашасын"- деген саясаты менен Атамбаевдин "эмне, министрлерди кыргыз тилин билсин дейсиңер, Лаврова кетип калса Кыргызстан эмне болот?"- дегенин, "Кумтөрдү" денонсациялоого бийликтин каршы болуп жатканын көрүп туруп, байкуш кыргыз өз жериңе, байлыгыңа качан ээ болуп, качан бийликке келер экенсиң?"- дейсиң. "Бекеринен азыркы оппозицияда "мекенчилдер", "улутчулдар" көп болуп жатпаса керек?"- деген ойго келесиң. 


Жетинчиси , үчүнчү революция болбосун десеңер апрель революциясынын максаттарын ишке ашыргыла, ал силердин колуңарда турат. Керек болсом мен да жардам берейин. Эл өз революциясын уурдатпайт. Аны билесиңер. Аны "Кумтөрдү" денонсациялоо менен баштагыла. "Кумтөр" маселесин көтөргөн депутаттарды бошоткула, апрель революциясынын дагы бир талабы - өлкөдө саясий куугунтукту токтотуу болгон. 


Урматтуу бийлик ээлери, өз кызыкчылыгыңар, партия кызыкчылыгы үчүн иштебей өлкө, улут үчүн иштесеңер, революциянын максаттарын ишке ашырсаңар эле үчүнчү революция болбойт. Бир Бекназаров эмес, миң Бекназаров болсо да революция жасалбайт. Революцияны эл жасайт, Бекназаров эмес, элден корккула. Элдин революциясынан коркуп, элди-элге тукуруп, регион-регион кылып бөлүп же "реваншисттер" деген саясат менен аны токтотом деп убара болбогула. Эл эч качан бөлүнбөйт. Чыныгы "реваншисттер" Ак үйдө, Боз үйдө отурушат, оппозицияда эмес.


Азимбек БЕКНАЗАРОВ, 
коомдук ишмер