Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 3475
2009-жылдын 23 –июлунда күтүлбөгөн жерден Алмаз Атамбаев менен Жеңишбек Назаралиев президентке талапкердигин алып салат. Ошол мезгилде оппозициячыл журналист катары БЭКтин талапкерин колдоп аткандыктан, «шок» болгонбуз. Эмне себептен эки – үч ай будуң -чаңды чыгарып, так шайлоо күнү эки талапкер чалкасынан кетти? Бул бир. Экинчиден, КСДП чын эле чирип бараткан партиябы?
 
КСДП – кечээ
 
2009-жылдын жазы да дүрбөлөң менен башталды. Бакиевдик бийликке тирек болуп жүрүп, оппозицияга ооп келаткан Медет Садыркулов, бийликти алмаштыруунун «Барбаросс планын» түзүп, казак олигархтарынан колдоо алып, «Чоң казатка» аттанганга даярданат. Оор уйкуда жаткан оппозиция ойгонот. Өлкөдө революциялык кырдаал түзүлө турган болуп, бийлик да оппозицияга каршы «АБВГДейка» пландарын иштеп чыгат. «А» планы боюнча МЧСтин көзүн тазалаш керек болчу. Бул ишке ашып, оппозиция оңкосунан кетип, «нокаут» алат. «Б» план боюнча оппозиция эсине келгиче президенттик шайлоону өткөзүп алуу керек болгон. Элди ишендириш үчүн ЖКдагы оппозициячыл КСДП фракциясынан бир депутатты сатып алып, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөзөбүз деп, какшатыш керек эле. Андай депутат табылат. Ал мезгилде белгисиз, азыр спикер Асылбек Жээнбеков Ош шаарындагы «сауна» бизнесин сактап калыш үчүн БЭКке айгак болуп, бийликтин көрсөтмөсүн так аткарат. «В» план боюнча БЭКти бөлүп-жарып, «кол бала» оппозиция түзүш керек болгон. Муну куп аткарган Темир Сариев «Ак - Шумкары» менен бөлүнүп, БЭКке каршы иштейт. «Г» план боюнча БЭКтин республикалык штабына ишенимдүү адамын кийирүү керек болгон. Кудай оңдой берип, республикалык штабдын жетекчиси болгон Бакыт Бешимов жүзүн аларга бурат. Бирок, элдин сүрү башкы штабчыны уруп да ойнобой, акыркы  «НЗ» болуп турган «Д» планын иштелип чыгат. Бул «Д» планын 2009-жылдын 19-июлуна чейин Курманбек Бакиев, Жаныш Бакиев, Максим Бакиев жана Марат Бакиев төрт гана адам билген. Ал эми 19 – июль күнү бул пландын Башкы каарманы Бакыт Бешимов таанышып, бекитет. «Д» пландын негизги максаты провокация жасап, шайлоо күнү Бакиевдин башкы атаандаштырын мыйзамга негиздеп, шайлоодон сүрүп салуу болгон. Дүйнөлүк коомчулук жана Кыргызстанда өтө турган ЖККУ саммитине катыша турган мамлекет жетекчилери шек санабагандай жеңишке жетишүү керек болгон. Провокация өтө турган жер да кылдаат тандалып алынат. Бийлик бутун тосуп, административдик ресуртарды айла-амалы жок колдонсо да Ысык-Көл аймагы «жумуртка чабуулунан» «матч-реванш» алыш үчүн, БЭКти колдоп 32 миң добуш топтоп, талапкер Атамбаев көл аймагын кыдырганда эч бир чыр-чатаксыз, провокациясыз, дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп алынып, салтанат менен узатылып жатты. Мунун артында ким турат? Акча десе оңко-тоңкосунан кеткен ач көз депутат Кубаныч Кадыров менен байлыгы болгон менен саясий түшүнүгү жок, депутат Мирбек Асанакуновдун колдорунан мындай иш келмек эмес. Максим Бакиевдин «саясий технологдорунун» таш-талканын чыгарып жаткандар ким? Тыкаат аңдуулардан кийин бул сыр да ачылат. Көрсө, бул иштин сыры барып, саясий карьерасын жаңы баштап, 2007-жылы парламенттик шайлоодо көзгө көрүнүп, бул шайлоодо президентке талапкер Атамбаевдин шайлоодогу Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп жаткан Турдалы Көлбаевде экен. Килтейген бийликтин «машинасына» туруштук бергенинин себеби, ал өзү теңир-тоолук болсо да көлдүктөрдү бийликке каршы тикесинен тургузуп, бөлүнүп берилген акчаларды, алкы бузук депутаттардай бөлө тартпай, элге так жеткизип, оппозицияны «жумуртка» менен курутуп атак алган «ОБОНчуларга» каршы өз командасын түзүп, провакациялардын барын алдын-алып жатканы билинет. Ал эмес анын бул кылган иштери үчүн талапкер Алмаз Атамбаевден алкыш алганы, эки депутаттын ичин туз куйгандай ачыштырат.  Максим Бакиев «бир ок менен, эки коён атыш» үчүн  өзүнүн «Д» планын ишке ашырууга көл аймагын тандап алат. Биринчиден, элге ишенимдүү болуш үчүн  Түндүктөн элди көтөрүш керек . Экинчиден, БЭК ишенген эки депутат тең «дилетант» Бакыт Бешимовдун сөзүнөн чыкпаган, бири дардаңдаган, бири аңкоо депутат болушкандыктан аларды алдап провокация жасоо оңой.   
 
23-июль күнү щайлоо адилетсиз өтсө, Республикалык штабдын сунушу менен «элдик санак» уюштуруу боюнча «иш план» келип түшөт. Муну да жаштык инерциясы менен эл үчүн баш көтөргөн Т.Көлбаевге окшогон жаштар ойлоп табышкан.(2012-жылдын ноябрындагы жергиликтүү шайлоолор адилетсиз өттү. Эмки шайлоодо азыркы  оппозиция «элдик санакты» сөзсүз кийириш керек.) Качан бийлик административдик ресурстарды одоно колдонуп, бийлигине карата кысым менен мыйзамсыз иштерге барып жатканда ага каршы иштелип чыккан «элдик санак» маанаиси,  бүткүл өлкө боюнча ар бир шайлоо участокторунун алдында көптөгөн эл топтолуп, шайлоо комиссиясына ачык түрдө «элдик санак» кылуу талабын коюу болгон. Эгерде эл чечкиндүү мындай кадамга барышса, бийликтин дүйнөлүк коомчулук алдында кадыр-баркы кетмек. Эл чогуларын бийлик алдын-ала билген, ошол үчүн аны башка максатка буруу үчүн, бул план абдан жашыруун түзүлгөн. Бешимов КСДП фракциясынын депутаты дардаңпоз Кубаныч Кадыровду 22-июлда чакырып алып, көлдө элди шайлоо күнү  түштө чогултууга көрсөтмө берет. Ал көлдө жүргөн Мирбек Асанакуновго кабарлайт. Асанакунов областык жана райондук штаб жетекчилерин Балыкчыга чогултат. Балыкчыга келген Т.Көлбаевге:
 
- Борбордук штабдан Кадыров Бешимов менен жолугуптур.Эртеңки шайлоо күнү барыбыз аткаруучу милдеттерибиз тууралуу Кубанычка түшүндүрүптүр. Сыягы, мурун бекитилген пландар өзгөргөн окшойт.- дейт. Ошентип алар Кадыровду күтүп калышат. Кадыров келип мындай дейт:
 
- Баары бир эртең шайлоо адилетсиз өтөөрү белгилүү болуп калды. Ошондуктан план өзгөрүлдү. Эртең саат 12-де эле Балыкчыда митингге чыгабыз. Сен Турдалы ушул иштерди уюштуруу жагын колго аласың. Каражат болсо чечилген. Эгерде кырдаал курчуса, көлдүктөр бул бийликти ары-бери кылышыбыз зарыл.
 
Кырдаалдын мындай тез өзгөрүп кеткенине ичи бышпаган президентке талапкер Атамбаевдин ыйгарымдуу өкүлү Т.Көлбаев:
- Муну Алмаз Шаршенович билеби? –дейт.
 
- Бешимов Алмаз Атамбаев жана облус координаторлору менен бирге планды бекитти да,- дейт. Ошентип эртеңки митингдин камын көргөнү кетишет.Эртеси шайлоо жапырт бурмалана баштайт. Балыкчыда бийликке каршы чыккан Гүлнара  Жамгырчиеваны (азыркы ЖК депутаты) ШИИБге алып кетет. Митингге шылтоо табылат. Митингге даярдык көрүп турган топ депутат К.Кадыровдун (апрель революциясынан соң ИИМ министринин орун басары болгон) буйругун, Кадыров болсо Бакыт Бешимовдун буйругун күтүп калышат. Турдалы болсо жөн турбай башка облустарда ахыбал кандай экенин билүүгө аракет кылат. Биринчи Атамбаевдин Нарын облусу боюнча штаб башчысы Алманбет Шыкмаматовго (азыр Адилет министри) чалып. Аларда эч кандай план өзгөрбөгөнүн билет. Андан соң  телефон аркылуу Чүй облусу боюнча координатору Айбек Азыранкуловго (азыр Чүйдүн губернатору) чалып бул жакта да эч өзгөрүү болбогонун билип, көлдүн координатору Асанакуновго (азыр көлдүн губернатору) :
 
- Мирбек аба, бул «подстава» окшойт. Мен азыр Шыкмаматов менен Азыранкуловго чалдым. Ал жакта тынч, Өлкө боюнча жалгыз көл чыгат экен. Нурбек аба Алмаз Шаршеновичке чыксаңыз.- дейт.
- Мен Бешимов менен сүйлөштүм, ал айткандан кийин Атамбаев билбей коймок беле,- деп болбой коёт.
 
Аңгыча К.Кадыров элди дүрбөтүп митингге баштап алып жөнөйт. Бул митингдин айынан күнөөсүз адамдар бейкүнөө камалышкан. «Д» планы ишке ашып, шайлоо күнү Балыкчы эли көтөрүлүп, К.Кадыровдун провокациясы менен чыр чыгып, аларды ошол шылтоо кылып камашып, талапкер Атамбаевди пресс-конференция өткөзүүгө түртүп, кайырмакка илет.Пресс-конференция убагында Борбордук штабдын жетекчиси Бакыт Бешимов Алмаз Атамбаев президентке талапкердигин алып салды деп жарыя кылып жиберет.  Оппозиция оңкосунан саыйылып,эл эмне болгонун түшүнбөй калат. «Күн карама» КТРК тынбай бул малыматты элге таратат. Бакыт Бешимов бардыгын жасап коюп АКШга кире качкан, өздөрүн оппозициянын алдында акташ үчүн К.Кадыров менен М. Асанакунов ким «крайний» экенин издебей, актаныш үчүн трайбалисттик сезимдери ойноп, көлдүктөрдүн арасында жүргөн жалгыз нарындык Турдалы Көлбаевге  айып тагып, өздөрү Атамбаевдин алдында суудан кургак болуп чыга келишкен. Ал үчүн Көлбаевди эч жакка чыгарбай бир ай жашынтышып, башкаларга «Көлбаев сатып кетти» -деп, өздөрүнөн кеткен кемчиликтерин саясатка жаңы аралашып жүргөн жаш саясатчыга шыбап салышкан. Ошентип, баш көтөрүп келаткан «чужой» Т. Көлбаевди, өз колдору менен «мууздап», бийликтин колуна салып беришет. Бир айдан соң иш татаалданышып баратканда Т. Көлбаев бийликтин колуна М.Асанакуновдун көрсөтмөсү боюнча түшүп, Атамбаевдин Ысык-Көл району боюнча координатору Сопуевдин туура эмес маалыматтары менен таанышат. Бийликтин «таш тырмагынан» кутулуу боюнча жардам сурап кайрылганда, кечээки эле ак кызматын кылып жүргөн М.Асанакунов менен К.Кадыров күнөөнү ага оодарып,тескери бурулуп кетишет. «Ак ийилет, бирок сынбайт», убакыт өтүп К.Кадыровдун, М.Асанакуновдун былыктары чыга баштады. Азыр Атамбаевдин колунда бийлик турат, ушул окуяны жакшылап изилдеп, кимдин чыныгы айыбы болсо, эл алдына ачык айтыш керек. Айыпты иштеп жаткан жаштарга түртө салып, аларды тебелеп-тепселей берсе болобу?  Бул окуя эч таанышы, акча, байлыгы жок жаштарга сабак болот. Анткени саясатта «азуулуулар» тез эле «жара тартып» кетерин жаштар салмактап көрсүн.
 
КСДП-бүгүн
 
Бүгүн КСДПда кимдер бар? КСДПчы үчүн жыйырма жылдан бери күрөшүп келгендер КСДП катарынан четтеп баратат. Акаев келеби, Бакиев келеби аларды ийилип колдоп, алардын башына күн түшкөндө тескери бурулуп кеткен  «күн тийген жердин күкүктөрү» Жантөрө Сатыбалдиев, Данияр Нарымбаев, Мамытбай Салымбеков, Чыныбай Турсунбеков, Аалы Карашев, Айгүл Рыскулова, Өктөмкан Абдуллаева сыяктууларга ишенүүгө болобу? Алар кайсы күнү болсо да ким бийликке келсе, ошонун этегине намаз окушат. Муну Атамбаев өзү да жакшы билет. Апрель революциясынан соң КСДП партиясына байчечекейдей гүл ачып, жамгырдан кийин козу карындай жабырап кирген  «байчечекей» мүчөлөрү, ушулардын эле кичирейтилген «клондору». Парламентте КСДП фракция жетекчиси Чыныбай Турсунбековдун айтуусунда бул фракция «союз нерушимый» экен. Эмне ал фракция Чыныкеңдин сулуулугу, же көрктүүлүгү үчүн «союз нерушимый» болуп атабы? Эртең Атамбаев «ээрден» ооп калса, «Төөнү сел алса, эчкини асмандан көр» -болуп КСДП саясий аренадан таптакыр сүрүлуп калышы мүмкүн.  Атамбаевдин артында кечээки эле колдоп жүргөндөрү калат. Азыркы күндө КСДП партиясынын Көл аймагында КСДПнын негизги уңгусун түзүп, 2009-жылдын июль айында жапа чеккендер, кыскача «июлисттер» партиянын катарында калуу, же башка партияга өтүп кетүү жөнүндө маселени кабыргасынан коюуда. Бул маселе боюнча Чүй, Бишкек, Нарын облусундагы КСДПга мүчө жаш муундар колдоого алып, бүгүнкү күнү жергиликтүү кеңештерге депутат болушкан, патриот КСДП мүчөлөрү губернаторлор көрсөткөн талапкерлерди аким, мэр кылуудан баш тартышып, өз адамдарын көрсөтүп атышат. Демек, КСДП ичинен ирип баратат. КСДПнын чыныгы мүчөлөрү бийлик партиясына «конок» болуп келген «убактылуу партия мүчөлөрүн» тазалап, чыныгы социал-демократтар келмейин күрөшүн уланта бермекчи. Жаштар чоң саясатчылардын «кол куурчагына» айланып, керек болгондо, «пешка» сыяктуу «жертва» болгонго каршы биригишмекчи. Тарыхта мындай учурлар болгон. Армиянын башында жаш Тухачевский турганда немецтер СССРге кол сала алмак эмес. Тухачевскийдин көзүн тазалаш үчүн жалган документтерди даярдап Сталиндин алдына жеткизет. Сталин Ворошиловдон сураганда тың жаштардын өсүп келатканына ичи күйүп турган Ворошилов «булар саткындар» деп, жаш маршал, генералдардын барын аттырып жиберген. Согуш башталганда Ворошиловдун колунан эч нерсе келбей калып, эптеп аман калышкан Жуков, Рокоссовскийлер жеңишке жеткирди. Бүгүнкү күндүн «Ворошиловдору» М.Асанакунов, К.Кадыров сыяктуулар иштеп аткан «Тухачевскийлерди» саткынга айлантып атышат. Кырдаал минтип отурса КСДП үчүн жанын берген  «Жуков», «Рокоссовскийлер» чыгаарын бир кудай билет. Ал эми бүгүнкү күндүн «Сталини» Атамбаев болсо, «Ворошиловдордун» айгак - айыңдарын таразага салып, салмактап отурбай эле жаш жигиттерин жалпайта чаап атат. Жалпайта чапканы, бумеранг сыяктуу өз башына тийерин ойлогон жок. Балким, Атамбаевдин өзүнөн болуп жүрбөсүн. Ал 2006-жылы ноябрда Кулов элге кошулбай койду деп болгон жалаа ФШКга сүйкөлгөн. ал эми 2007-жылы оппозицияны  таштап премьер-министр болгондо, Ногойбаев менен митингге келген элдин таш-талканын чыгарып, күнөөнү Кулов менен «Бириккен Фронттун» «Жукову» Суваналиевге оодарган. 2009-жылы президенттик талапкерден баш тартканы үчүн Бакыт Бешимов жооп бермек, бирок ага кошуп, чын-бышыгына жетпей, ушак сөзгө ишенип ар кимди күнөөлөй берип, өзүнүн кадыр-баркын кетирип жатат. Бүгүн мансап деп жулунгандар гана КСДПга кирбесе, эл үчүн иштеп берели дегендер КСДПдан кача баштады. Демек, КСДП түбүнөн чирий баштаганына дагы мисал. Журналисттер Акаевге да, Бакиевге да кеңеш бергенбиз, убагында укпай эми бармактарын тиштеп отурушат. Бүгүн өкмөт башчысы, вице-премьерлер менен жан талашып элди кыдырып жүрүшөт. Жоомарт Оторбаев көлдө, Камила Талиева Ошто, Тайырбек Сарпашев Чүй, Таласта, Жантөрө Сатыбалдиев өзү Бишкекте эл кыдырып жүрөт.Ал эми министрлер кичи мекендерине жөнөштү. Бирок, алар калың эл менен жолугушпай эле, акимдердин сыйын көрүп, курсактарын сылап кайра келип атышат. Министрлерди ким суйуп атыптыр.Бүгүнкү күнү КСДП тазаланууга зарыл.
 
КСДП –эртең
 
КСДП - бүгүн жаңыланбаса, эртең мурунку бийлик партияларынын таз кейпин кийип калышы мүмкүн. Иван Грозный да чындыкты бетке айткан «шутту» уккан. Алмаз Атамбаев өзүн мактаган арзыматтарды гана угуп калды. Бүгүн «июлисттер» биригип, Түндүк, Түштүктөн мансап эмес партия деген жаштарды топтоп, КСДПнын ичинен бөлүнүп кетсе, КСДПнын баркы түшөт. Эгерде, КСДПнын баркы түшсө, анда Атамбаев кантип уялбай президенттик «креслодо» отурат эле. Азырынча ойлонууга убакыт бар, эртең кеч болуп калат.
 
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ,
«Кыргызтудэй»
Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.