Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 1871

Айтылуу Азимбек Бекназаров маалымат жыйынын өткөрүп, 16 миллиондун айланасындагы жагдайларды тактап, журналисттерге ошол акчанын дайын-дареги камтылган документтердин көчүрмөсүн берген эле.

 

Төмөндө А. Бекназаровдун маалымат жыйындагы сөзү: 

 

"Маалымат берүүнү чечкен себебим, үч-төрт жумадан бери мага каршы аракеттер күчөп жатат. Мен го мындай нерселерге жыйырма жылдан бери көнгөм. Бирок, бул жолку аракет мамлекеттик бийлик тарабынан жасалып жаткандыгын анализдеп, көзүм жеткенден кийин айтып коюуну туура көрүп отурам. Биринчиси, "Бекназаров 2010-жылдын 10-мартында Ак үйдөн 16 миллионду алып кеткен" деп маалымат таратышты. Мен коомчулукка 10-апрелде сейф ачылгандыгы, акчаны кимдер алгандыгы туурасында отчет берейин деп чечтим, документтери мына. Ошол күнү президенттин Иш башкармалыгынын кассири башкы прокурор менен "Ак үйгө кире албай жатабыз, жардам бериңиз" деп мага келген. Көрсө, башкы прокурорду да киргизбей коюшкан экен. Ошол жерден осмотр кылып жаткан тергөөчүлөрдү чакырып караттык. Сейфтин экөө, үчөө бош экен. Бирөөсүн лом менен тешип ача алышпаптыр. Кескич таап келип, сейфти ачтырганда кеп болуп жаткан 16 миллион чыккан. Буга учурда пресс-конференция берип жаткан балдар баш болуп, жыйырмадай адам катышып, видеого тартылып алынган. "Бул мамлекеттин акчасы" деп мен баш болуп көзөмөл кылып карап турганбыз. Алынгандан кийин купюралардын канчасы доллар, канчасы евро экендигин эсептеп, кагазга жазып, катышкан адамдар актыга кол коюп, Президенттин Иш башкармалыгы аркылуу ошол эле күнү Улуттук банкка өткөрүлүп берилген. Мына, тиешелүү кагаздардын баары менин колумда турат. Атайын көчүрмөлөрүн чыгарып, даярдап койдум. Документтин оригиналдары, видеожазуулары 7-апрелдеги окуя боюнча кылмыш иштин арасына тиркелген. Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары акчаны алууга көмөк көрсөткөм. Айта кетүүчү жагдай, Улуттук Банкка өткөрүлүп берилгенден кийин, Улуттук өкмөттүн мүчөсү түгүл, Башкы прокурор болсом да ал акчаны иштеткенге менин укугум жок. 


7-апрелден кийин Убактылуу өкмөттүн башчысы катары Р. Отунбаеванын, анын орун басары катары А. Атамбаевдин же болбосо каржы министри катары Т. Сариевдин гана мамлекеттик акчаларды бөлүштүрүүгө, жайгарууга укуктары бар болчу. Бирок, аталган акчалар президенттин Иш башкармалыгынын каражаты болгондуктан Т. Сариевдин мында тиешеси жок болушу мүмкүн. 


13-апрелде Коргоо министрлигинин ишинин жыйынтыгы боюнча Убактылуу өкмөттө жыйын өткөргөнбүз. Анткени "Бакиев 11-апрелден баштап, Жалал-Абад менен Баткенди алып, 14-апрелден баштап Ошто туруп эле президенттик ишин улантат" деген расмий маалымат келген эле. Ошондуктан элдик бийликти сактап калуу үчүн эки областта элдик курултай өткөрүү зарылдыгы келип чыкты. Бул Убактылуу Өкмөттүн жыйынында каралып, курултайларды өткөрүүнүн каржы маселесин чечүү А. Атамбаев менен Т. Сариевге, түштүккө баруу милдети мага, А. Атамбевге, Ө.Текебаевге, И. Исаковго жүктөлдү. Ошол күнү Таластагы окуяларга байланыштуу мен түндөп ал жакка кеттим. 11-апрель күнү кайтып келдим. 12-апрель күнү мага "тиги үчөө барбай турган болду, эч кимиси барбай жатат, өзүң эле бара турган болдуң" деп Р. Отунбаева айтты. И. Исаковго келсем, анын буту шишип кетиптир, "дарыланып, артыңардан барайын" деди. 13-апрелде Балбак Түлөбаев "сизден башка эч ким барбайт экен, мына бул акчанын 5 миллионун Ошко, 5 миллионун Жалал-Абадга ала кете турган болдуңуз" деп, мына бул колуңарда турган распоряжение менен акчаны алып келди. Мен И. Исаковго "Жалал-Абадды Бакиевдер ээлеп отурат, мени өткөрөбү жокпу, өзүңүз алып барыңыз" дедим. Ал акчаны И. Исаковдун жардамчысы тил кат жазып алып кетти. Калган 5 млн сом Д. Чотоновго берилген, ал С.Жээнбековго алып барып берген. Бул акчанын максаты К. Бакиевдерди Жалал-Абаддан кууп чыгып, элдик курултай өткөрүүгө багытталган. Ошол учурда Сосновкада эл жол тосуп, кырдаал кыйын эле. Мен иш үстүндөгү прокуратура, милиция кызматкерлеринен суранып, "менин Четимбаев аттуу жардамчым менен жеткиргиле" дегем. Учурда ошол милиция жана прокуратура кызматкерлерин сурак кылып жатышат. Кийин бул акчанын максаттуу иштетилгендиги боюнча Убактылуу өкмөткө мен отчет бердим. Отчетту кабыл алып, Р.Отунбаева баш болгон Убактылуу өкмөттүн 11 мүчөсү кол койду. А. Атамбаев гана кол койбоптур. Мына ушул документтерди баш кылып, президентке кат жазып, досум унутуп калса эсине салып коеюн деп Ак үйгө бердим". 

Фарид Ниязовдун кулагы калдаят…


29-январь күнү Азимбек Бекназаров Башкы прокуратурага 2010-жылдын 13-апрелинде мына ошол түштүк регионго бөлүнгөн акчалар тууралуу түшүнүк берди. Түшүнүк берүүнүн алдында А. Бекназаров тергөөчүдөн "эмненин, кимдин арызынын негизинде көрсөтмө алып жатасыңар же башка документ барбы?" деп сураган. Тергөөчү өткөн жумадагы "Ак үйдөн табылган 16 миллион сомду Бекназаров алып кеткен" деген пресс-конференциянын материалдарын көрсөтүп, "биз ушуну текшерип жатабыз" дейт. А. Бекназаров тергөөчүгө 16 миллион сом боюнча көрсөтмө берип, тиешелүү документтерди карматып, Убактылуу өумөттүн актысы менен чыгарылганын тастыктап, анын мүчөлөрүн суроону да сунуштаган. Тергөөчү Башкы прокурордун орун басары Л. Усманованын 2013-жылдын 23-январындагы катын көрсөтөт. Аталган катта ошол 10 миллион сом акчанын калганын Жалал-Абадга жумшалган 5 миллионун гана иликтегиле деп, Д. Чотонов аркылуу акча алган адамдардын аты-жөнү тизмеленген. Кызыгы, А. Бекназаров түшүнүк бергенден кийин баягы эле 4 революционер "Бекназаров 4 миллион сомду өз тууган, досторуна берген" деп пресс-конференциянын берилиши. Ошондой эле Ак үйдүн 7-кабатында сакталып турган "Бекназаровдордун" тууган-досторунун распискаларынын көрсөтүлүшү. Ал распискаларды тергөө органдарына ким берди? Л. Усманова Ф. Ниязовдун тууганы деп эл арасын кеп аралап жүрөт. Анда аталган пресс-конференциянын артында Ф. Ниязов туугандары менен турабы?


Айтор 16 миллиондун аркасында суроо көп. Мына ошол акчага аралашкан Асылбек, Сооронбай Жээнбековдор, маркум Асылбек, Өмүрбек Текебаевдер да бир туугандар экендиги маалым, Булардын көзү тирүүлөрү эмнеге суралбай жатат?

Дал келүүлөр…


Акчаны өткөрүп алуу ишине көзөмөлдүк кылган ошол кездеги башкы прокурордун милдетин аткаруучу Байтемир Ибраев алынган каражат толугу менен Улуттук банкка сактоого жөнөтүлгөнүн белгилеген эле. Анын маалыматына караганда, каражат ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеванын буйругу менен тиешелүү чыгымдарга сарпталып турган. Ошол кездеги президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын орун басары Балбак Түлөбаевдин "Каптагаев менен Сариевдин визасы коюлган абалды турукташтыруу боюнча Отунбаеванын буйругу чыккан. Коопсуздукту бекемдөө үчүн деген негиз менен коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков менен Бекназаровдун карамагына беш миллион сомдон акча бөлүү тууралуу буйрук алдым. Мен Коргоо министрлигине акчаны алпарып берип, алардан тил кат алгам" деген маалыматы Бекназаровдун айткандары менен дал келүүдө. 

"Досум, дос элек коон үзгөндө…"


Ал арада Президент Алмазбек Атамбаевдин аппараты "Азимбек Бекназаровдон 2010-жылы 7-апрелде Ак үйдөгү сейфтен алынган 16 миллион сомдун кантип сарпталганы боюнча актылардын, тил кат, документтердин сапатсыз көчүрмөлөрү тиркелген кат келди" деген маалымат таратты. Бирок аппарат мындай ишти иликтей турган орган эместигин каңкуулап, документтерди тиешелүү органдарга жөнөтүүнү сунуштаган экен. 


Президенттин маалымат кызматы "документтер почта аркылуу келген, Атамбаев Бекназаров менен бир канча айдан бери көзмө-көз жолуга элек" деп отурат. Демек апрель окуясынын аркасы менен, ошол эле А. Бекназаровдун кол кабышы менен бийликке келген Алмазбек Атамбаев үчүн мына ошол окуянын натыйжасында келип чыккан 16 миң сомдун тагдыры да, ал акчаны алды деп айыпталып жаткан А. Бекназаровдун тагдыры да кызык эмес. А. Бекназаров канчалык "Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн дагы сурагыла, акча тыйын маселесин ал кезде Р. Отунбаева менен А Атамбаев көзөмөлдөгөн. Ал акча элдик курултайды өткөрүүгө жумшалган" деген чындыгы учурда анын керт башына гана керек өңдөнүп калды. Бекеринен, орустун чыгаан журналисти В. Соловьев "Ак үй чоңойтуп көргөзүүчү күзгү" дебесе керек. А. Бекназаровдун президентти "досум, эски санаалашым, Кыргызстандын келечеги үчүн башыбызды канжыгага байлаган үзөңгүлөшүм" деген ак тилеги таш капты. "Досум, дос элек коон үзгөндө.." деген кеп ушундан улам айтылса керек.

 

"Алиби"