Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 1698
Саламат Аламанов - бүтүндөй өрөөндөгү анклавдардын проблемасын беш колундай билген Борбор Азияда өтө аз адистердин бири. Ал Кыргызстандын чек арасын аныктоо иштерине эгемендик алынгандан бери эле тартылып, Кыргызстандын өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттер аралык чек араны тактоо маселелери бөлүмү түзүлгөндөн тарта жетектеп, коңшулаш мамлекеттердин өкүлдөрү менен жүздөгөн расмий сүйлөшүүлөргө катышкан. Анын айтымында, Сохтун тегерегиндеги проблеманын баары 1920-жылдары анын чеги алгачкы ирет Москвадагы жетекчилик тарабынан чийилгенде натуура бөлүштүрүлүп калганы менен байланыштуу.
 
“Азыр эки тарап тең проблеманы чечиш керектигин түшүнөт, бирок ар кимиси өзүнүн кызыкчылыгын максималдуу сактап калганга аракет кылып, эпке келгиси жок. Жерди алмашуу деген вариант такыр болбойт. Ал жаңжалды андан бетер күчөтөт”, - дейт Аламанов.
 
- Сохтун тегерегинде көпчүлүк бөлүгү чечиле элек. Анткени ал боюнча эки тараптын позициясы бири-бирине туура келбей жатат. Бирок биз эмнеге таянышыбыз керек?
 
- Советтер союзунун тушунда өкмөттөрдүн деңгээлиндеги бир нече паритеттик комиссиялар иштеген жана алар эки тарапка тең ыңгайлуу болгон сызыкты таап, ошону жобого келтирген эле. Бирок Өзбекстандын Жогорку совети аны кабыл албай коюп, ал мыйзамдашпай калган. Менин оюмча, ошондогу адистер эң эле жакшы чечим табышкан. Эми биздин коңшуларга аны “эки тарапка тең ыңгайлуу” деп ынандырыш керек. Бул үчүн жогорку бийликтердин ортосундагы ак пейил сүйлөшүү, дипломатиялык чеберчилик талап кылынат. Бул маселе эми делегациялардын деңгээлинде чечилбей турган иш болуп калды. Аны эң жогорку саясий жетекчилик гана чече алат. Ошолор бир мунасага келсе гана, ошолор берген буйрук менен маселени чечсе болот.
 
- Сиз СССРдин тушунда адистер тарабынан сунуш этилген чечим жакшы болчу деп жатасыз. Анын негизги мааниси эмнеде болчу? Эки тарапка эмне берет эле?
 
- Ал кезде анклавдын чек арасы так чийилип жазылган эле, анын чек арасынын туруктуулугуна алып келмек. Ошонун негизинде “Анклав жөнүндөгү” биргелешкен келишимге жетишүүгө негиз болуп бермек. Бүгүнкү күнү андай негиз жок болуп жатат. Эң эле чоң жумуш 1955-жылы аткарылган. Андан кийинки паритеттик комиссиялардын иши деле кайра-кайра ошол чечимге келип, ошону макул көрүштү. Бирок аны ошол учурдагы Өзбек республиканын саясий жетекчилиги кабыл албай, азырга чейин 1924-жылкы сызыкты калыбына келтирүүнү талап кылып жатышат. Ага ылайык, анклав деген маселе жок. Сох Өзбекстандын эле бир бөлүгү катары узун болуп калат.
 
- Саламат мырза, эгемендик жылдарында да бул боюнча көп сүйлөшүүлөр өттү. 2002-жылы Кыргызстан Өзбекстанга “анклавдарда жашагандарга транспорттук байланышты камсыз кылып бериши жөнүндө” келишимди сунуш кылганын айткан элеңиз. Ал келишимдин тагдыры кандай болду?
 
- Ал келишимди Өзбекстан тарап кабыл алган эмес. Алар Сохту анклав деп таанууга каршы болуп, аны 1924-жылкы абалына алып келиш керек деген гана позицияны карманышты. Бул дегени ал жерде анклав болбой калат. Алар бизге: “Сохтун түндүк тарабын толугу менен Өзбекстанга бергиле, биз силердин жарандар Лейлек тарапка өтүшү үчүн Сохтун үстүнөн асман-көпүрө куруп берели, машинеңер да, элиңер да ошол көпүрөдөн өтө берет” деген сыяктуу фантастикалык сунуштарды да айтышкан. Биз ага макул болбодук, жөн гана ишенген жокпуз.
 
- Кыргыз тарап анда өзбектерге конкреттүү кандай сунуш айткан?
 
- Биз аларга: “Силердин анклавдагы эл Өзбекстанга ээн-эркин өтүшү керек. Ал эми силердин аймакта камалып турган биздин жарым-жартылай анклав калыбындагы айылдарыбыздын эли бизге ээн каттаганга укук алышы керек”, - деп, ошондой келишимдин долбоорун сунуш кылганбыз. Өзбекстандык адистер муну туура сунуш экен деп макул көрүшкөн, бирок саясий жетекчилик ага каршы болду.
 
- Эмне үчүн?
 
- Себеби Өзбекстандын чек ара маселелерин чечүүдө эң эле мээлеп турган марасы – Сохтун проблемасын Ташкен койгон талаптын негизинде гана чечиш. Биз ага макул боло албайбыз. Анткени аларга макул болсок, анда Сохтун төмөн жагындагы биздин кыргыз айылдар Өзбекстанга өтүп кетет. Анын үстүнө, 90 жылдан бери биз пайдаланып, биздин жер деп келген аймак аларга өтүп кетиши керек болот. Биз буга эч качан макул боло албайбыз.
 
“Азаттык”