Алмазбек Атамбаевдин президенттик кызматка расмий киришкендигине ушул жумада бир жыл толду. Эмнегедир адатта бийлик менен ажонун “жаманын жашырып, жакшысын ашырган” жерге, сууга тийгизбей мактаган, оппозициядан сактаган бийликчил басылмалар бул дата жөнүндө эч нерсе жазышкан жок. Ал тургай кошоматка кой сойгон акындар ода арнап, ырчылар обон созгон жок. Кала берсе президент өзү деле теледен чыгып, отчет берип койбоду. Болгону досу, депутат Э. Эрматов парламент жыйынында мамлекет башчыбыздын аткарган иштеринин оң жагын санап өттү.
 
Эмесе биз Атамбаев ажо болгондон берки айрым жагдайларга токтолуп өтөлү. “Бакылдаган текени суу кечкенде көрөбүз,”- демекчи, Атамбаев Москвадан башкаруу институтун бүтүрсө да теория менен практиканы айкалыштыра албай, иш жүзүндө элди башкарууга жөндөмсүздүгүн көрсөтүп койду. Анткен менен бүтүндү уратып, бийликти кулатып, керек болсо кан төгүлгөн окуяларга чейин барууга шыктуу экен. Бул айткандарыбызга Акаевдин доорунда эле Бишкектеги килейген бир нече заводдорду арзан менчиктештирип алып, аларды андан ары иштетип кетүүнүн ордуна тетиктерин Кытай менен Түркияга сатып, имаратын ижарага берип байыгандыгы далил. Билгендер анын дал ушул жоругу үчүн Акаевдин каарына калып, жанын сакташ үчүн оппозицияга айлана калгандыгын айтып жүрүшөт.
 
Бакиевдин тушунда деле Атамбаев бирде бийликке өтө калып, таарынганда “ууландым” таризинде экинчи “родинасы” Түркияга барып сакайып келип,бийлик берсе кайра эле жок дебей барып, “Даңк” медалын ала коюп, туруксуздугун, принциби жоктугун далилдеген. Ал эми 2010-жылдын июнь коогалаңында ошол учурдагы Убактылуу өкмөттүн экинчи, иш жүзүндө биринчи адамы болуп туруп эки улут кагылышып, кан күйгөн ордолуу Ошко эки ай баралбай жүрдү. Бишкекте да бир жума дайынсыз жоголуп кетип, кийин журналисттер “Кайда жүрдүңүз?” деп сурашканда “бир маанилүү иштер менен жүрдүм”,- деп күңк-мыңк этип жооп берип кутулган. Тилекке каршы эч ким ошол коогалаң учурунда анын кайсы бир маанилүү иш чарага катышкандыгын издеп да таппай койгон. Дегеле мамлекет башчы, башкы командачыга ушундай коркоктук менен эки жүздүүлүк сапат жарашабы?
 
Бирок, бир эмес, эки ирет революция жасадык деп, бийликти морадёрчулук жана кан төгүү менен алган Убактылуу өкмөт 2010-жылдагы парламенттик жана 2011-жылдагы президенттик шайлоолорду таза, ачык, калыс өткөргөн жок. Албетте, андай кадамга барса, бүгүнкүлөр бийликке жетмек эмес. Андыктан мурдагы бийликтин учурундагыдан да ыплас оюндар болуп, “каруселди” мындай кой, сыртта жүргөн бир миллионго жакын мигранттардын конституциялык укугу тебеленди, Кыргызстандын түндүгүндө жашаган түштүктүн жарандарынын көпчүлүгү тизмеге киргизилбей же чийилип салынды, түштүктө добуш алуу үчүн өзбек жана башка улуттар жашаган аймактарда шайтан агитациялар жүргүзүлдү.
 
Атамбаев ант берүү аземинде “Россия биздин стратегиялык өнөктөшүбүз” деп сүйлөгөн менен алгачкы сапарын НАТОнун мүчөсү болуп саналган Түркияга жасап, Кремлдин каарына калды. Анын мындай чоң саясаттагы “бала оюнун” Астананын деле кыртышы сүйбөй келет. Бирок кийин бир нече ирет Россияга ар кандай жолугушууларга барган менен ТИМ департамент башчысынын деңгээлинде тосушуп, Кремлде эмес, резиденцияда кабыл алып келишти. Баарынан да Атамбаевдин “Эхо Москвы” радиосуна берген маегинде “бир топ орус министрлери мага жакпайт” деп сүйлөп, жарым миллиард доллар карызыбызды унутуп, Кант авиабазасы үчүн 15 млн. доллар ижара акысын доолап, орустардын тарыхын үйрөтүшү баарыбызды таң калтырганда айласыздан “чын эле ушинтип айтып жатабы же Шаршен бабасындай тамаша кылдыбы?” деп таң калганбыз. Кала берсе кыргыз бийлигинин калпыс саясаты мигранттарга чейин залалын тийгизип, орус укук коргоо органдары ошол учурда аларды тажиктерге окшотуп желкелеп депортация кылганга чейин барды.
 
Бирок, быйыл Россия президенти В. Путиндин Бишкекке расмий иш сапар менен келип, Нарын дарыясынын боюна сегиз ГЭС куруу жана карызыбызды кечүү тууралуу келишимдерди түзүшү бир гана Атамбаевдин кадыры үчүн жасалган жок. Балким, 51 млн. албаган (товар түрүндө келген) карызыбызды кечкен Түркия бийлиги ушундай кадамга баргандыр. Ал эми Кремль жети өлчөп, бир кесип, Атамбаевди экономикалык жана саясый жактан “каңтарып” туруп, эсине келтирген соң ушундай чечкиндүү жолго барды. Анткени алар бир ок атуу менен эки “коёнду” өлтүрүп, Борбор Азияга таасирин сактап калууда жана Өзбекстанды баш ийдирүү үчүн суу ресурсун колго алып койду. В.Путиндин: “Несмотря на разногласия с прежним руководством Кыргызстана, отношение к кыргызскому народу остался неизменным,”- деген сөзү эң оболу алардын бул кадамы кыргыз бийлигине эмес, элине жасаган жакшы мамилеси.
 
Ошол эле учурда өлкөнүн ичиндеги абал күн сайын кризиске кабылууда. Мамлекеттик бюджеттин 30 млрд. сомдун тегерегинде дефицит болушу биздин бийлик эч нерсе жасабай, өндүрүштү иштетпей, жалаң гана сырткы карыз менен жашап калгандыгынын көрүнүшү. Бийликтегилер пара жана “морадёрчулук” кылып эле жашап калгандыгын көрсөтүп турат. Ошол жети баштуу ажыдаардай жамандаган Бакиевдин заманында эккен буудайыбыз өзүбүзгө жетип, чет жакка да сатчубуз. Бир күн колхоздо бригадир болуп иштебеген экс-премьер-министр Ө. Бабановдун өкмөт башчы болуп калышы, бул бир гана депутаттардын эмес, аны сунуш кылган президенттин да саясый жактан сокурлугу, жетекчилик сапатынын жоктугу. Эл толкуп, үчүнчү революция чыгып кетеринен чочулаган бийликтегилер акыры кайра Бабановду садага чаап, бийлигин сактап калышты.
 
Ар кандай эле бийлик жаңы келгенде элге жакшы көрүнүш үчүн бир акцияны баштайт. Бизде коррупция менен кылмыштуулукка каршы күрөшүү модага айланды. Атамбаев да алгач ушул жолго түшүп, коррупциянын жоготууну убада кылган. Бирок, анын бул багытта жасаган иши коррупциянын тамырын эмес, бутактарын кыйгандай эле көрүнүш болууда. Анткени мектептен баштап, жогорку окуу жайына, соттон тартып, Ак үйгө чейин баякыдай эле паракорлук күчүндө. Ал тургай Ак үйдүн өзүндө, Атамбаевдин тегерегинде жаңы Максим, Надель, Гуревичтер отурат. Алардын аты гана башка болгон менен заты бирдей. Бакиевдердин үй-бүлөлүк башкаруусунан кутулгандыгыбыз менен бийликтеги сайсый партиялардын кландык башкаруусуна туш келдик. Ишенбесеңиз майлуу-сүттүү кызматтарда ким отургандыгын текшерип көрүңүз...
 
Былтыркы кыш узакка созулуп, түштүктө төрт түлүк мал жутка кабылып, калганы күзүндө уулуу вакцина сайылып кырылды эле. Быйылкы кыш элдин өзүнө оорчулук алып келчүдөй болуп турат. Анткени кампаларыбызга болгону өзүбүзгө керектүү ундун жарымы гана жыйналды. Ак үйдөгүлөр калганын Россия менен Казакстандан алабыз деп айтышты эле, акыркы маалыматтарга ылайык, баурдастар базар баасында алгыла деп жатышыптыр. Анда эле нандын баасы көтөрүлүп, ансыз деле кымбат азыктардын наркы ого бетер асмандайт. Баса, өткөндө А. Атамбаев “Россия 24” телеканалына берген маегинде “Эки-үч жылда Кыргызстан күчтүү мамлекетке айланат. Мен президенттик мөөнөтүм бүткөнчө ар бир үй-бүлө татыктуу жашоого жетет” деген оптимисттик маанайда сүйлөдү. Тилекке каршы СССР мезгилинен бери айтылып келаткан андай кыялга жете турган бизде экономикалык шарт да, адилет, калыс иштеген бийликтин карааны да көрүнбөйт. Атамбаев калган беш жылда Кыргызстанды кайда алпарар экен?
 
Ж. Жамыгырчиев
Булак: "Майдан.kg"