Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 1771
25-ноябрдагы жергиликтүү кеңештерге болуп көрбөгөндөй рекорддук көрсөткүчтөгү талапкерлер ат салышкан менен эл аябай төмөнкү деңгээлде катышты. Жалпы республика боюнча шайлоочулардын жарымы эмес, төрттөн бир бөлүгү да катышкан жок. Ал тургай эски заманда дайыма активдүүлүгүн көрсөтүп келген Баткен облусунда беш шайлоочунун бири араң добуш берди. Мындай абал эмнени көрсөтөт?
 
Баарыбыздын бүйүрүбүздү кызыткан Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо 370 миңге жакын адам добуш берүүгө катталса, “лидер” деген бийликтин КСДП партиясы араң эле 30 миңдин тегерегиндеги добушка жетишти. Бул КСДПга өздөрү жана катын, бала чакасы гана добуш берди дегендик. Албетте, бул эң оболу президент А.Атамбаев башында турган бийликке элдин ишенбегендигинин белгиси. Анткени бийликти күч менен, 90го жакын азаматтын каны аркылуу тартып алып, бүтүндөй түштүк аймагында улуттар аралык кагылышууга чейин жеткирип алган бүгүнкү бийликке элдин ушундай жол менен гана ишеним көрсөтпөөдөн башка аргасы калган жок. Президент Ак үйдө  отуруп алып “Старик Хоттабычтай” күндө бир жомогун ойлоп таап, “2-3 жылда күчтүү мамлекетке айланабыз. Өтө таза шайлоо өттү” деген жомокторун айтып отурганда элдин турмушу күн сайын начарлоодо. Кычыраган кыш келбей жатып эле газ өчүп, свет светофорго айланды. Базарларда болсо азык-түлүктүн баасы күн сайын асмандоодо. Коррупцияга каршы күрөш да “пустышкага” айланып, акчалуулар менен жең ичинен соодалашкан министрлер кутулуп, катардагы байкуштар камалып жатат. Мындан тышкары бийликтин бул элдин башын айлантуу амалы аймактык бөлүп-жаруу, тигил же бул саясатчыдан өч алуу ыкмасына гана айланууда.
 
Эски бийликтин тушунда шайлоочуларга ар кандай материалдык жардамдар берилип, талапкерлер жолдорду оңдоп, көпүрөлөрдү салып жиберчү. Бирок, 25-ноябрда Бишкектин жер үйдө жашаган тургундары газсыз калды. Мындай мамиле ансыз деле кыштан “былтыркыдай үшүбөй-шишибей, эсен-аман чыгабызбы”,- деп чочулап отурган элдин үмүтүн биротоло өчүрдү. Жогору жактагылар жок дегенде ошол күнү көгүлтүр отунду үзбөй берип турса болмок. Дагы жакшы, акыркы күндөрү аба ырайы жылып калды. Сыягы, бир жылдан ашык жарандык согуш жүрүп жаткан Сирияда деле биздегидей каатчылык болбосо керек. Башканы кой, быйыл буудайдан өзүбүзгө керектүү норманын жарымына да жетпеген түшүм алынды. Берекелүү деген Чүйдө кургакчылык болуп, айдоо аянттары “кысыр” калды. Себеби дыйкандын мээнетинин акыбети кайтпай калгандыктан, ал жерге иштегиси келбей калды.
 
Бирок Атамбаев баш болуп, алдын ала эле “бийлигин тарттыргандар менен жеңилгендер, реваншисттер ар кандай митинг, пикет өткөрүшү мүмкүн” деди. Мамлекет башчысы,журт атасы деген жетекчи да ушундай мааниде сөз сүйлөйбү? Качанга чейин өзү баш болуп элди “тигил же бул” деп бөлө берет.  Анын бул сөзүн бала-вице-премьер-министр Т.Сарпашев да коштоп жүрөт. Ушул “азамат” оппозицияны оозангандын ордуна кошуналар менен сүйлөшүп газ көйгөйүн чечпейби? Же анын башка кылар жумушу жокпу? Өткөндө Алматыга барып, Казакстан, Өзбекстандын энергетика тармагынын жетекчилери менен Нарын дарыясынын боюна Россия менен биргелешип ГЭСтерди куруу боюнча жыйын өткөрдү эле, андан майнап жок. Кала берсе казактарга сүттү да сата албай отурат.
 
Бийликтин КСДП жана башка бийликчил партиялары шайлоо алдында Бишкектин көчөлөрүнө көрнөк-жарнактарын илип, мылжыйган сүрөттөрүн чаптаган менен кайра шайлоочулардын кыжырын кайнатты. Мындай элдин үчтөн биринин да ишенимине ээ болбогон бийлик тез арада өзү билип эле отставкага кетүүгө тийиш. Ансыз элдин нааразычылыгы күчөй берет...
 
Ж. Жамгырчиев