Коомдук жана саясий ишмер, эксперт Сабыр Муканбетов өлкөдөгү кырдаал тууралуу оозду ачырган божомолдорун ортого салды 
 
- Сабыр агай, 2010-жылдын апрелиндеги бийлик алмашуусунан бери үч жылдай убакыт өтүп баратат. Андан бери жаңы системага өтүп, жаңы парламент, жаңы президент деле шайланды. Анан ошого карабастан, өлкөбүздө кайтадан эле нааразычылыктар күч ала баштагандай. Муну кандай түшүнүү керек? Бул эмне, тополоңсуз жашай албай, өнөкөткө айланып калгандагысыбы (?), же чындап эле жаңы бийлик иштебей, экономикалык абал оорлоп кеткендегисиби?
 
- Бюджеттин тартыштыгы 20 млрд. сомдун тегерегинде болуп, өнүгүү багытына каралган каражаттар түгөл кыркылып, корголгон беренелер боюнча төлөмдөр да кечиктирилип, эмгек акылар убагында берилбей, бюджетти аткаруу кыйынга туруп, экономикалык кырдаал оор болуп жатканын өкмөт өзү деле моюнга алып, жашырып жаппай эле, ачык айтып жатат.
 
Коомчулукта болсо, «биздин өлкө кыйынчылыкка кептелди, өкмөт кыйналып жатат, баарыбызга кыйын болду, кантип ушул кыйынчылыктан чыгабыз (?)» деген биримдик жок. Тетирисинче, «ушу бийлик башындагылар күнөөлүү, жалаң жеке кызыкчылыктарын ойлоп жатышып, элдин, мамлекеттин кызыкчылыктары каралбай калды, ушу Ак үйдөгүлөр курутту, буларды кууш керек» дегендер арбып бараткандай.
 
Бул бекер жерден чыккан сөз эмес.  Жаңы бийлик чындыгында эле, «эски тырмоокту» кайра-кайра басып, көптөгөн катачылыктарды кетирип жатат. Кетирген кемчиликтерди моюндап, же «ушунум туура эмес болуп калыптыр» деп, кайтадан оңдоого, жок дегенде кайталабоого аракеттенбей эле, «өзүмдү өзүм билем …», дегенсип асмандап жатышат.  Булардын ойлонбой жасаган кадамдарынын айынан миңдеген адамдар кан жутуп, жабыркады.  Алдым-жуттумдары, талап-тоноолору, маршруткадан джиптерге минип, бир паста байып кеткендери да ачыка чыгып,  жек көрүндү болуп, кыска мөөнөттө, 7-апрелде элден алган ишеним кредитин түгөтүп бүтүштү.
 
- Азыр, Жогорку Кеңешти таркатып, Конституцияны кайрадан өзгөртүп, эки палаталуу парламент шайлоо сунуштагандар көп болуп жатат. Сиз кандай дейсиз?
 
- Биз, көз карандысыздыкка ээ болгон жыйырма жылча убакыт ичинде Баш мыйзамыбызды сегиз жолу өзгөрттүк. Ошондон бир пайда чыгып, чекебиз жылыдыбы? Баш мыйзамга кол жоолук алмаштыргандай мамиле кылуу өнөкөткө айланды. Натыйжада, “мыйзамды сыйлоо”, “адамды сыйлоо” деген түшүнүктөр тепсендиде калды, Конституциянын да, мамлекетибиздин да, өзүбүздүн да баркыбыз кетти. Адамзат жүз миңдеген жылдар бою Конституциясыз эле жашаган. Керек болсо, азыр деле Конституциясыз жашап, өнүгүп жаткан мамлекеттер бар. Кеп өзүбүздө. “Жамаачы чапан менен деле кыштан чыкса болот”,- дегендей, жаман мыйзам менен, же мыйзамсыз деле жашаса болот. Андыктан, «азыр Конституцияны өзгөртө койсок эле ишибиз оңолуу жолуна түшөт» дегенге мен ишенбейм.
 
Ал эми эки палаталуу парламент тууралуу … Биз муну мурда жасаганбыз да. Мыйзам чыгаруу жыйынына 35 депутат туруктуу иштеп, эл өкүлдөрү 70 депутат  керек болгондо чогула калып, иштегенин билебиз. Бул, «жеңил сатып алууга ыңгайлуу парламент»  Акайычтарга керек болгондо түзүлгөн. Ал үй-бүлөөнүн элди тоноп, жерди сатып, байуусу үчүн түзүлүп, кандай «чөнтөк» паламент болгонун эл унута элек. Андыктан, бүгүн парламенттин санын кыскартып, алсыратуу кимге керек? Андай жагдай элдин, мамлекеттин кызыкчылыгына туура келбейт, буга жараша түзүлгөн парламент тар чөйрөнүн «жеми» болуп калат. Ошондуктан, муну мен парламентти «кол бала» кылып сатып алгысы келип жаткандардын иши катары баалайм. «Кайра шайлоо болсо парламентке кирип калаармын» дегендер азгырылып, колдоого алып жатат”,- деп ойлойм.  Акча экономдойбуз деп парламентти кыскартып даана «ит» болбойлу. Мен буга каршымын. Колдон келсе депутаттардын санын дагы көбөйтүп, парламентти «сатып алууну» кыйындатуу керек.
 
- Агай, бул сөздөрдүн чыгып жатышына азыркы парламентарийлер өзүлөрү күнөөлү болуп жатышпайбы. Жигердүү иши жок, жумушка келишпей, кээ күндөрү 20га чукул гана депутат отурса, ар бирине кеткен чыгым 6 млн. сомду түзүп жатса, коррупционерлер менен кылмышкерлерди ачыктан ачык калкалоо жүрүп атса, анан айтылып жатат да.
 
- Биздин парламентик системага кадам таштаганыбызга эки гана жыл болду. Жаңы шартта иштеп-жашоого депутаттарыбыз, алар менен кошо коомчулугубуз да жаңыдан бул системага  сүңгүп, үйрөнө баштадык го. Депутаттарлын мөөнөтү беш жыл. Беш жылдык курс экен. Анын деле жарымы бүтүп азы калды. Күтүп, шайлоону өз убагында өткөзүү керек.
 
Б.а. биз үчүнчү кластын окуучуларындайбыз. Анан сиз, же мен үчүнчү класс окуп жаткан балабызды «Сен эки алып атасың, сабакка барбайсың, тартибиң жок, окубай эле кой», деп мектептен чыгарып алып, анын ордуна бала-бакчадагысын алып келгендей болуп калбайбызбы? Канткен күндө да, булар эки жыл окуп, аз да болсо «опыт» алып калышпадыбы. Анүстүнө, азыр бюджеттин түбү оңурайып, оюлуп турганда шайлоого акча коротконго мүмкүнчүлүгүбүз барбы? Кайра шайлоо өткөрөөрдөн мурун муну жакшылап ойлонуп, «жети өлчөш …» керек.
 
Дагы кошумча иретинде … Азыркы депутаттарды карасаңар, өзүлөрүн аябагандай дискредитациалап жатышат. Калган эки жылда абройлорун толук төгүп бүтүшөөрүндө шек деле жок. Ошон үчүн, шашпай, тим койо туруш керек, элдин да көзү ачылсын, жерге түкүрүп, депутуттар да кайра шайлангыстай жерине жетишсин. Бышсын, биротоло. Болбосо, азыр, эрте шайлоо кылсак, көбү кайра шайланып, мандаттарын жаңыртып алат. Эрте шайлоо, керек болсо, алардын көбү үчүн кошумча «шанс» да. Ошону түшүнүшүбүз керек, баарыбыз.
 
Анан, жанагы 6 млн. сом боюнча, аны ар бир депутаттын чөнтөгүнө түшүп атат деп түшүнбөө керек. Ар бир депутат 25 миңден 50-60 миңге чейин (выслугасына жараша) айлык алышат. Ал жалпы парламенттин бир жылдык чыгымын 120га арифметикалык жол менен бөлүп койгондон чыккан сумма. Биздин, 120 депутаттык корпустан турган парламентти бир жылга кармоо үчүн бөлүнгөн каражатты, башка мамлекеттерге салыштырмалуу, «өтө ысырапкорлуу»деп, деле айтууга болбойт. Биз парламенттик системаны бекем орнотобуз десек, керек болсо, бул каражаттардын көбөйүшүнө да даяр болушубуз керек.
 
Ал эми, тартип маселеси боюнча айтып жатканыңыз туура. Бир айда сегиз жолу жыйын болсо ошого да келип койбой жатышкандары, албетте чектен чыккан уятсыздык. Мындайды чөнтөк аркылуу жөнгө салууга неге болбосун. Бир жолу себепсиз жок болсо 15%, эки жолкусунда 30%, үч жолкусунда 50%, а эгер төрт жолу катышпаса 100% эмгек акысын (окладын эмес, баардык кошумчалары менен толук эсептелген эмгек акысын) кармап калуу тууралу мыйзам киргизишсе эле ордуна келет. Андан тышкары, жанагы командировка, транспорттук ж.б. чыгымдардын колдонулушундагы теңсиздик тууралуу айтып жатышат. «Кээ бир депутаттар бул каражаттардан ашепке пайдаланып, башкаларына таптакыр эле эчтеке тийбей калды» деп чуулдатпай, ар бирине бөлүп, смета түзүп койсо, транспорттук чыгымды депутаттын өзүнө берип, унаа менен камсыздоону таптакыр эле жоюп салса болот да.
 
- Анан, кандай кылуу керек? Эл ичинде минтип нааразычылыктар арбып, бийликке каршы чыгуулар күчөп бара жатат. Бийлик эл алдында жоопкерчилигин сезбей, отчет бергиси жок. Экономикалык абал күндөн күнгө оорлоп бара жатат. А сиз болсо, “парламент таркабаш керек”,- дейсиз. Эл талап кылып жатпайбы. Анда айтыңыз, эмне кылышыбыз керек?
 
- Биринчиден эл кимге, эмнеге нааразы? Элдин алдында ушундай экономикалык кырдаал үчүн ким жооп бериши керек? Парламентпи? Жок! Элибиз жоопту, жалпы элдик шайлоо менен шайлап, ишеним арткан президенттен, анын «АМИРИ» менен түзүлгөн аткаруу бийлигинен – өкмөттөн күтүп жатат да.  Мына өзүңүз айттыңыз, «жоопкерчиликти сезбей, отчет бергиси жок» деп. Мен кошумчалайт элем, «элди көзүнө илбей, теңсинбей, жеке кызыкчылыктарынан чыга албай, эптеп, бийлигин сактап калууну көздөп калды» деп.
 
Анан, президент менен өкмөттү калкалап калып, бизди «жинди кылып» ЖК менен тытыштырып коюп четке чыга берүүнү пландаштырган ажонун «ушлый» кеңешчилеринин жеми болуп кала берелиби? Карасаңар, булардын арам оюн, «элдин муңдуу нааразычылык ырына», «ЖК жаман (!), алты лимон, кууйлу бул кууларды!» деген кайырманы байкатпай жабыштыргылары бар. Ар ырдын шаңдуу айтылган кайырмасы гана эсте калып, ырдын мазмунуна анча көңүл бөлүнбөсүн эске алуу менен ойлоп чыгарылган, мындай «жөөт жүрүштү», анча ойлонбой дүргүй берчү кыкеңдер чындап эле «жутуп» койчудай болуп турат. Биз буга азгырылбашыбыз керек! Азыр, өкмөт менен президенттен гана жоопкерчиликти талап кылып, эгер кетсин (!) дегенди баштасак, анда ошолорго гана багыштасак туура болот.
 
- Алмазбек Атамбаев «бул парламент менен акырына чейин иштешем» деп бир нече ирет айтты. А, сиздин айтууңуз боюнча, парламентти таркатуу президентке керек дегендей болуп жатат?
 
- Президентке бул парламент менен иштешкен чындыгында эле ыңгайлуу. Салыштырып ойлонуп көрсөңөр, бешөө (беш фракция) покер ойноп жатса, бирөөнө (КСДП, Атамбаевге) карта келип, өнөктөштөрүн такай утуп атса, утулуп аткандар деле моюн сунуп, тагдырына макул болуп турса, анан ушундай шартта кандай келесоо колоданы алмаштырып, же өнөктөштөрүн одарыштыргысы келсин. Андыктан, айтканынын баары аткарылып жаткан А.Атамбаевге чындыгында эле ЖКны таркатыштын анча деле зарылчылыгы жок. Менимче, абал оорлоп, нааразычылыктар күч ала баштагандыктан улам эле, «не бар, не жок, алдын алып, ЖКны «козел отпущениеге» даярдап койолу», болбой баратса «депутаттарды таркатып, кыжырдангандарды алдап-соолап, шайлоого киргизип иели» деген план түзүшкөндөй.Андан кийин, «эмдиги парламентте, коалиция түзөбүз» деп кыйналбаш үчүн, «КСДП даана жеңүчү партия болуш керек» деген суроо өзүнөн өзү туулат да. Анан, кобур-собур көбөйүп, элдин баары дүрбөп, шайлоого даярдана башташат.
 
- Сиз: “ЖКны таркатпоо керек, шайлоонун кереги жок”,- дедиңиз. А, бирок ток этерин айтсаңыз, шайлоо болобу, же болбойбу? Божомолуңуз …
 
- Мен дагы кайталайм, президент парламентти таркатууга кызыкдар эмес. Бирок, абал курчуп, нааразычылыктар күч алып, стабилдүүлүк бузула турган кырдаал түзүлсө ЖК садага чабылып, жаңы парламенттик шайлоо болуп калышы толук мүмкүн. Эгер кырдаал так ушул багытта өнүгө турган болсо, анда Ж.Сатыбалдиевдин өкмөтүнүн өмүрү, бери дегенде, шайлоо аяктаганча узарды дей берсеңиз болот. Анткени, өкмөт башчынын милдетин аткарып,  КСДПнын толук кандуу жеңишин камсыздоо үчүн, ажо “жат десе жатып, өл десе өлө турган», дагы башка бир принципсиз адамды издөөнүн кажети жок.
 
- Нааразычылык акцияларынын негизги талаптарынын бири парламентти таркатуу, жаңы шайлоого баруу болуп жатат. А сиз буга каршы экенсиз. Бирок, нараазычылык акцияларын колдоп, катышып да жатасыз? Муну кандай түшүндүрөсүз?
 
- Ал жерде, өзүңүз билесиз, ондогон талаптар айтылып жатат. Мен ошол калгандарын колдогон үчүн …  Бизде, бир ушундай кызык түшүнүк пайда болду. «Митингге чыккандан кийин, сөзсүз эле бийликти оодарып түшүш керек, же, жок дегенде «секирик» жасаш керек, болбосо толк болгон жок» деп баалаган туура эмес. Бийликке сес көрсөтүп, анын багытын өзөртүү, компромиске жетишүү да чоң жеңиш. Кууп чыгып, жаңы адамдар келип, кайра башынан баштай бергенден пайда жок экенин, мындай жол менен кайра артка кетип жатканыбызды акыркы эки төңкөрүш жакшы эле далилдеди го. Ошондуктан, менин оюмча, «куушмакка» караганда, биздин өлкөдө демократиялык нормалардын сакталышы, бекемделиши өтө маанилүү. Биздин ушунтип, митингге чыгуу укуктарыбыздын бардыгынын өзү өтө чоң жетишкендик. Керек болсо коңшуларда ал да жок эмеспи.Албетте, бизге мындай укуктар асмандан түшкөн жок. Эки элдик көтөрүлүштүн аркасында, шейит кеткен жаштарыбыздын каны менен келди. Андыктан биз муну баалашыбыз керек.
 
- Сөзүбүздүн акырында, кырдаалды оң жолго салүү үчүн кандай аракеттерди көрүшүбүз керек? Ушу тууралу кыскача, бир ооз сөз менен…
 
- Өзүнүздөр айтып жатасыздар, «2010-жылдын апрелинен кийинки өкмөттөрдүн бири да отчет берген жок» деп. Азыркы өкмөт башчы да сүйрөлүп жарым жылча жүрүп, анан башкасы келсе эмне болот. Ал да айтат да, «мен мурункулардын «погун» күрөп жатам» деп. Туурабы?
 
Азыркы өкмөт башчы эмне үчүн парламентке келбей, тоготпой жатат. Себеби ал - отчет бербесе деле болоорун, тагдыры алардан көз каранды эмес экенин, эч нерсе кылып ишти оң жолго сала албасын да жапжакшынакай билип турат. Ошон үчүн, «ажо кет деген күнү кетем да, ага чейин өз оокатымды кылып алайын» деп жатат. Дал ошондуктан, жалаң өң тааныш, тууган-туушкан, жоро-жолдошторун кызматка койу менен алек. Өкмөт башчынын колунан эч нерсе келбеген депутаттарды урганы жок. Чакырса барбайт. Анткени анын бир эле кудайы бар. Ал А.Атамбаев. Анан биз кантип оңолмок элек.
 
Ошондуктан, митингдин негизги максаты бул президентти эсине келтирип, кош стандарттуу саясатын токтоттуруп, жеке кызыкчылыктарын экинчи планга жылдырттырып, мамлекеттик деңгээлде иш алып барууга жетишүү үчүн, компромиске жетишип, жылдын башы менен жаңы өкмөт түзүүгө жетишип, жаңы жылды жаңы дем менен башташыбыз керек.
 
Ошон үчүн айтып жатам,«иштегенге мажбурлайлы» деп. Себеби «кубалашуу» артка кетирээри чын да. Ага көнбөсө, такыр жылыш, өзгөрүш болбосо, анда кетсин (!) деген кайда качат эле, өзү эле көтөрүлөт да.  “Мен ишти оң жолго салганга аракеттенүүнү бир далай жолу кайталаш керек”,- дегенди айткым келип жатат.
 
Анүчүн, жылдын башы менен, жалгыз гана бийлик башындагыларга иштей турган, жалаң кара жаны үчүн жан үрөгөн карьеристерден арылып,«кеңешип кескен бармак оорубайт», дегендегидей, жалпы элдик ишенимге арзый турган өкмөт түзүп, жылдын аягына чейин иштетип, кылган ишин баалоого жетишишибиз керек. А.Атамбаев деле, эгер ак дилден элибиздин өнүгүүсүн кааласа, ушул жолго түшүшү керек. Анткени, «ууру мышыктай болуп, мышмыйган» немесинен толк жок экенин өзү деле көрүп турат. А, антпей, эски адаты менен жылдын ортосунда, аяк жагында өкмөттү алмаштырууну улантып, жеке керт башын гана ойлой бере турган болсо, анда бул ажодон да, толк  болбойт. Жүрө-жүрө, кыргыздар аман болсо, акыры берки экөөнүн таз кейпин кийээринде шек жок. Муну бөркүңүздөй көрүңүз!
 
Маектешкен
Алтынай Ормотоева