Шайлоого саналуу күндөр калды. Партиялар үгүт иштерин дээрлик аткарып болушту, алдыда  жолугушуулар, жана теле, радио кайрылуулар калды. Негизинен, Бишкеке ким мэр болору да түшүнүктүү болуп калды.


Шаар боюнча илинген көрнөк-жарнактарга караганда жана кечээги расмий Боршайкомдун маалыматын эске алсак, анда шайлоодо алдыда КСДП, «Республика», «Ата-Мекен», «Ар-Намыс»  партиялары  барууда.


Акыркы мезгилде, саясий партиялар шайлоолордо эл бийлигинин өкүлү болгонго караганда, шайлоолор аркылуу мамлекеттик бийликке жетишүүнү көбүрөөк максат кылууда. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо азыркы саясий партиялар да Бишкек мэринин кызматына болгон кызыгуусун жашырышкан жок.


Эгерде алдыдагы шайлоодо КСДП партиясы жеңип чыкса, И.өмүркулов өз ордунда мэр болуп  кала берет. Жарнактарга караганда, «Республика» партиясы жеңсе,  ө.Бабанов Бишкек мэри болот, ал эми «Ар-Намыс» партиясы жеңсе – ө. Суваналиев шаар башчысы. Калган партиялардын Бишкек мэрине даярданган талапкерлери бул инсандардан кийинки орундарда.


Эң кызыгы, бул шайлоодо «Ата-Журт» партиясы мэр кызматына кызыккан жок, мэрликке талапкер да даярдаган жок, анын ордуна, Элдик кеңештер аркылуу Элдик бийликти орнотууну сунуштоодо.  Атажуртчулардын айтымында, Элдик кеңештер, коомубуздун аң-сезиминде чыныгы революция катары, бийликтин элге иштешине шарт жана көзөмөл түзмөк. Бирок, «Ата-Журттун» бул идеясын башка партиялар колдойбу же колдобойбу бул кызык маселе.


Жогорку Кеңештеги орундарга жетишкен партиялардын шаардык кеңешке активдүү катышуусуна караганда, Кыргызстандын саясий турмушу күндөн-күнгө өнүгүүдө, бирок, өнүгүү жалаң эле саясатта болбостон, социалдык – экономикалык турмушта да ушундай активдүү,  уюшкандык жана тырышуу менен өнүгүү болсо деп тилек кылалы.


ИА «Саясат.kg»