Ушул убакка дейре кыргыз тилинин абалы, өзөктү өрттөгөн көйгөйү туурасында, эмне деген кабырга кайыштырган нечендеген ой-пикирлер, сунуштар, талаптар айтылып, жазылган жок. Бул маселе бүгүнкү күндө да күндүн күрөө тамыры болуп турат.



Тил - улуттун жаны делет. Тил жоголсо, улут жоголот. Тилсиз улуттун улут болуп өзгөчөлөнүшү кыйын. Мамлекеттин бирден-бир өзгөчөлүгү да анын тилинде. Мына эгемендүү Кыргыз мамлекети катары өз алдыбызча түтүн булатып жатканыбызга туура 21 жылдын жүзү болду. Ал эми кыргыз тилинин мамлекеттик тил расмий жарыяланганына 23 үч жылга толду. Тилекке каршы, дале болсо кыргыз тили толук кандуу мамлекеттик тилдин кызматын аткара албай, өз элинде, өз мамлекетинде өгөйлөнүп келет.


Буга күнү бүгүнкүгө чейин Кыргыз мамлекетинде мамлекеттик иш кагаздары кыргыз тилинде жүргүзүлбөй келе жатканы далил. Орус тили Конституцияда расмий тил статусуна ээ болуп турганда, бул көрүнүш дагы узак жылга созуларында талаш жок. Кокус эле өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев, кыргыз тилин орус тилине "төө басты" кылган мамилени өзгөртүп, Конституциядагы "расмий тил" деген "жамаачыны" алдырып салып эле эрдик кылбаса, орус тили кыргыз тилин "жүгөндөп" мингени-минген. Башкача айтканда, орус тили расмий тил статусуна ээ болуп турганда, кыргыз тилинин канат-бутагы жайылып, тамыры тереңге кетпейт. Көчө деңгээлинен эзели көтөрүлбөйт. Демек, Кыргыз мамлекети болгонубузга карабай, кыргыз тилине мамлекеттик деңгээлде камкордук көрбөй, орус тилине артыкчылык берип тизгин талаштырып койгон азыркыдай көрүнүштү жокко чыгармайын, эне тилибиздин этеги узарбайт.


Кыргыз тилине болгон мамлекеттик деңгээлде, мамлекет башчылары тарабынан жасалган кайдыгер, өгөйлөнгөн мамиледен улам, эч бир дүйнө элинде жок, 1 миллион саптан турган океандай чалкыган "Манасты" сүйлөткөн тил - учурда жөнөкөй эле алакандай токтомду, буйрукту, аныктаманы кыргызча сүйлөтө албай, жарды тил катары жерилип турат. Кыргыз мамлекетинде иш кагаздары кыргыз тилинде жүргүзүлбөгөндөн кийин, анын көчө тилинен айырмасы кайсы. Мамлекеттик масштабда колдонулбагандан соң, анын өлүү тилге айланып баратканы ошол эмеспи. ООН тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр боюнча, кыргыз тили элүү жылдын ичинде жок болуп кетчү тилдердин арасына кошулуптур деген сөздөр төрт-беш жылдан бери жөндөн-жөн эле айтылып, жазылып келе жатпаса керек. Албетте, мындай сөздөрдүн чындыгы бар. Анткени ден соолугуңа кам көрбөсөң, ден соолугуңан, үй-бүлөңө кам көрбөсөң, үй-бүлөңөн ажыраган сымал эле, тилге да кам көрүлбөсө, муктаждык болбосо, жылдан-жылга колдонуу чөйрөсү тарып, акыры барып жок болуп кетеринде шек жок.


Бүгүнкү күндө эне тилибизге болгон камкордук жетишерлик эмес. Кыргызстанда жашагандарына карабастан, эч бир улуттун өкүлү кыргыз тилине болгон муктаждыкты сезишпейт. Баары расмий тил статусунун чапанын кийген орус тилин билишсе, эч бир тоскоолдуксуз иштери бүтөөрүн билишет. Мамлекеттик иш кагаздарын кыргыз тилинде толтургулары келишпейт. Анткени орус тилинде толтурсак деле болот, ага мыйзам уруксаат берет дешет. Ошондуктан, кыргыз тилин үйрөнүүгө кызыкдар болушпайт. Муктаждык жок болгондон кийин, кимдин үйрөнгүсү келсин. Айрым атка минерлер айтып жүрүшкөндөй, кыргыз тилин үйрөнүүгө окуу-методикасы аз, шарт жок деген курулай шылтоо. Себеби учурда окуу куралдары жетишерлик. Экинчиден, ошол эле кыргыз тилин үйрөнүүнү каалабагандар башка англис, корей, түрк, немец, кытай тилдерин жанынан акча төлөп, жумасына үч-төрт жолудан окуу курстарына барып үйрөнүп жатышат. Шарт түзүп бергиле деп эч ким айткан жок. Өздөрү үчүн далбастап окуп үйрөнүп жатышат. Анткени Кыргызстанда кыргыз тилин жакшы билгендерге эмес, англис, немец, корей, түрк, кытай тилин билгендерге айлыгы көп жумуштар сунушталат. Ал эми орус тилин билбесең мамлекеттик кызматка орношо албайсың. Демек, Кыргызстанда кыргыз тилине эмес, жогорудагы тилдерге болгон муктаждык, суроо-талап күч. Анан канткенде кылым карыткан кыргыз тили - өз өлкөсүндө муктаждыктан ажырап, өгөйлөнүп жатса, өсүп-өнүксүн.


Камкордукка алынбаган тил, колдонуудан чыгып каларын күнүмдүк турмушубуздан деле көрүп жатат. Маселен, оорудан жаның кыйналып, чыдабай тез жардамга чалсаң, орусча билбесең тыңгылыктуу жооп укпайсың, "мен кыргызча түшүнбөйм, орусча айт" деп туруп, телефондун трубкасы тарс коюп салат. Эр болсоң анан, кыргызча сүйлөп, тез жардам чакыртып көр. Ошентип, орусча билбесең, тез жардам чакырта албай оо дүйнөгө узап кетесиң. Такси чакыртайын десең да орусча. Үйүң өрттөнүп, өрт өчүрүү кызматына чалсаң да орусча, орусча билбесең үйүң өрттөнүп кетти дей бер. Бирөө карактап-тоноп, өлтүргөнү жатса, жан алакетке түшүп милицияга чалсаң да орусча, орусча билбесең өлгөнүң ошол. Айтор, күнүмдүк турмушуңда колдонуучу кызматтар бүтүндөй орусча. Албетте, анда-санда кыргызча жооп угуп каласың. Бирок дээрлик көп учурда, кайсы кызматка чалба, кандай иш кагазын толтурба, кайсы мекемеге кайрылба орус тилисиз ишиң жылбайт.


Албетте, ким канча тил үйрөнсө да, кайсы тилде сүйлөсө да ага эч ким тоскоолдук кылганга акысы жок. Канчалык көп тил билсең, ошончолук жакшы. Андыктан ким канча тил үйрөнөм десе да өз эрки. Ага ичи тарлык жок. Биздин айтайын дегенибиз эле Кыргыз мамлекетинде кыргыз тили мамлекеттик тилдин кызматын аркалай албай, чет тилдерге түрткүнчүк болуп, өзүбүздүн эле кыргыздар тарабынан өгөйлөнүп жатканы зээнди кейитет. Бул тууралуу айта берсе мисалдар көп. Өткөнгө кайрылбай эле, бүгүнкүнү алалычы.


Мына, парламентте "Мамлекеттик иш кагаздардын баары мамлекеттик тилде жүргүзүлсүн" деген мыйзам долбооруна өзүбүздүн эле кыргыз жарандары тоскоолдук кылып, бут тосуп жатат. Мисалы, жаны кыргыз, каны кыргыз болгон "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Дастан Бекешов деген неме жогоруда аталган мыйзам долбооруна каршы чыгып, "минтип кыргыз тилин өнүктүрө албайбыз, бул деген орус тилине бут тосуу" деген сыяктуу былжыраган сөздөрдү сүйлөп, карандай эле карасанатайлык кылып жатат. Сыягы Кулов "чала молдо дин бузат, чала кыргыз тил бузат" деген, каны-жаны кыргыз болгону менен дили бурулуп калган өзүнө окшогон өңчөй "тил безерлерди" топтоп алган көрүнөт. Ошондуктан, элибиз эмки шайлоодо Манастын тилин чанган, кыргыздын дилин чанган мындай "өздөн чыккан жаттарды" эске алып, добуш беришсе дегиң келет. Анткени жыйырма жылдан бери Дастан Бекешовго окшогондордун кесепетинен Конституциябызга орус тили расмий тил катары "жамаачыланып" кыргыз тилинин өсүп-өнүгүүсүнө кедергисин тийгизип жатат.


Эң эле өкүнүчтүүсү, орус тили биздин камкордугубузсуз эле, эчактан бери дүйнө тилдеринин алпы катары бүткүл өлкөдө колдонулуп келе жатканын, Кыргыз мамлекетинин Конституциясындагы орус тилинин "расмий тил" деген "чапанын" сыйрып салсак эле, орус тилинин жашоосу токтоп, Орусия тетири карап кетчүдөй кулчулук сезим менен мамиле кылган кошоматтан, чоңдорубуз кутулбай коюшту. Кыргыз элинин сүйүктүү Эл акыны Шайлообек Дүйшеев агабыз:

Кабыландын баары эле Манас эмес,
Калдайгандын баары эле канат эмес.
Калкын чанган, калкынын тилин чанган,
Хан болсо да кыргыздын баласы эмес.

Жылт эткендин баары эле жылдыз эмес,
Жыргагандын баары эле турмуш эмес,
Кыргыз туруп, кыргыздын тилин чанган,
Кыйынмын деп турса да кыргыз эмес,
- деп, күйүп-бышып, Дастан Бекешовго окшогондор кыргыздын баласы болсо да, кыргыз тилине эзели оң карабасын таамай айтыптыр.


Айтор, кыргыз тилинин учурдагы абалы көңүл сүйүнтөрлүк даражада колдонулбай жатканын эч ким тана да, жокко да чыгара албайт. Демек, кыргыз тили камкордуктан мукурап турат. Башкача айтканда, "Мамлекеттик иш кагаздары, мамлекеттик тилде гана жүргүзүлсүн" деген мыйзамга муктаж. Мындай мыйзамды дили бузук, ою жамандардын тоскоолдугуна карабай, кечиктирилгис түрдө кабыл алыш учурдун эң актуалдуу маселелеринин бири. Тилекке каршы, эл өкүлдөрү кыргыз тилине болгон мындай аба менен суудай зарыл мыйзамды тез арада кабыл алып берүүнүн ордуна ары тартып, бери тартып көкбөрүгө кылып, саясий оюнга айлантышат да, орус тили аз келип жаткансып, кытай тилине, маданиятына камкордук көрүп жатышат.


Дегенибиз, жакында кытай маданиятын, кытай тилин үйрөтөбүз деген кытайлыктардын азганактай акчасына кызыгышып, Бишкек мэри Жал кичи районуна 2 гектар жер бөлүп берип, 70 миллион сомго кытай тилинде мектеп курууну парламенттен ратификациялап берүүнү өтүнүп чуркап жүрөт. Ага тиешелүү комитеттер макулдук берип жатышат. Орус тилинин "төө бастысынан" кутула албай жатканда, кытайлардын анча-мынча акчасына азгырылган биздин төбөлдөр кытай тилин окутууну республика боюнча жайылтууну өнөргө айлантып алышты. Сөзүбүз калп болбос үчүн айталы, учурда Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети баш болгон И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, БГУ сыяктуу бир канча жогорку окуу жайларында кытай институттары ачылып, кытай тилин, маданиятын жайылтып жатышат. Эми болсо кытай тилинде мектеп курулганы турат. Кытай тилиндеги класстар Бишкек жана Чүй облусунун бир канча мектептеринде, Токмок шаарында, Ош шаарында, ал түгүл Нарын облусунун айылдарында да ачылып жатат. Кытай тилин, маданиятын окутуу Билим берүү министрлигинин программасында барбы, ага мыйзам уруксаат береби, эч ким текшерген жери жок.


Эл каймактары эсептелген интеллигенциянын өкүлдөрү болсо совет доорунда балдарын орусча мектепке берип, орусча окуткан сыңары, учурда балдарын кытай тили класстарына берип, Кытай тилиндеги факультетке өткөрүп жатышат. Ушунун баарын көрүп туруп, мамлекет башчылары кытай экспансиясына жол ачып, ага балдарын даярдап, кытай тилин үйрөтүп жатабы дейсиң. Экинчиден, совет доорунда орусча билбесең жакшы кызматка орношуу кыйын болгондуктан, (бул көрүнүш дагы деле бар) кыргыз интеллигенциясы балдарын орусча окутуп, алар бүгүнкү күнү кыргыз тилине каршы чыгып жактан сыңары, келечекте кытай тилин окуп, кыргыз дүйнө таанымынан алыс калган муун пайда болсо, алар дагы кыргыз тилине каршы чыгышабы деп коркот экенсиң. Үчүнчүдөн, тил үйрөнүү тез сиңишип кетүүгө жол ачарын эске алсак, өлкөбүзгө күргүштөп кирип жаткан кытайларга 50-100 жылдын ортосунда ассимиляция болуп кетпейбиз деп ким кепилдик бере алат?


Демек, тил маселесинде улуттук коопсуздук жатканын аңдап билишибиз абзел. Ал үчүн эң биринчи кезекте, эң кур дегенде бир депутатка жумшалган 6 миллион сомду, бүтүндөй кыргыз тилинин келечеги үчүн кам көрүп, иш алып барчу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга чегерген "шылдың" мамилени өзгөртүү зарыл. Ошондой эле, аталган комиссиянын укуктарын көбөйтүү кажет. Бир сөз менен айтканда кыргыз тилине мамлекеттик деңгээлде камкордук көрүлүп, мамлекеттик иш кагаздары бир гана кыргыз тилинде жүргүзүлүп, мамлекеттик масштабда колдонулушу абзел. Ошондо гана тилди өнүктүрүп-өстүрө алабыз, улуттук коопсуздукту да алдын-алган болобуз.


Алмаз ТЕМИРБЕК уулу,

"Фабула" гезити