Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 3039

Карапайым кыргыздар канча ирет революция жасабасын, он гүлүнөн бир гүлү ачыла элек жигиттерибиз окко учпасын, айланып келип эле бийлик бир үй-бүлөнүн же партиянын менчигине айланууда. Тилекке каршы томаяк Эшмат менен Ташматтын турмушу баягы эле бойдон, бир жакшы жагына өзгөрүү жок. Болгон айырмасы – Акаев, Бакиев учурунда үй-бүлөлүк бийлик 20 жылга жакын өкүм сүрүп, мамлекетти талап-тоносо жана элди эзсе, азыр толук бойдон Атамбаев, Жээнбеков, Сатыбалдиевдердин менчигине өтүп бүттү.

 
Ооба, “хитро-умный” премьер-министр Ж. Сатыбалдиев “мен КСДПнын мүчөсү эмесмин” деп айтууда. Бирок расмий түрдө “Ак-Жолдун”, кокуй, КСДПнын партбилетин албаса да санаалаш, ажо Атамбаев менен дос экендигин тана албастыр.
 
Ө.Бабанов өкмөт башчы кезинде чоң өкмөттөн айыл өкмөт башчыларына чейин “республикалашып”, ал тургай 7% дыйкандарга арзан кредит да аларга берилип калды эле, акыры анын да ыңгайын таап ээрден оодарышты. Айрым маалыматтар боюнча, былтыр күзүндө Ош шаардык кеңешине болгон шайлоодо мэр М. Мырзакматовдун “Улуттар биримдиги” партиясына ири эсеп менен (22:2 эсебинде) утулуп калган азыркы өкмөт башчы Ж.Сатыбалдиевдин “өлүү партиясы” жомоктогудай “тирилип” жоро-жолдош, кайын-кудагыйлар менен кошоматчылар, ар кайсы бийлик башына келген адамдын партиясына көчүп жүргөн хамелеондор өтүүгө арыз берип жатышыптыр.
 
Демек, тагдырдын буйругу менен оппозицияга айланган “Республика” партиясынын калган-каткан мүчөлөрү эмне кыларын билбей башы катууда. Бийликти биротоло бекемдеп алган соң, президентибиздин КСДП партиясынын катары калыңдап, мүчөлөрүнүн санын кечээги “Ак-Жол”, андан мурдагы “Алга, Кыргызстан” (Акаевдин партиясы) партиялары менен толукталууда. Бизде ушундай партияга идея, мекенчилдик сезим эмес, жеке кызыкчылык жана кызмат үчүн киргендер токтомойунча мамлекетибиз да эзели оңолбойт.
 
Ооба, Атамбаев жана анын командасы алгач терең ойлонбой, бир чети регионализмге басым жасап, бийликтин чоң бутактарына жалаң бир аймактын өкүлдөрүн койду эле, кырдаалдын татаалдап бараткандыгын байкаган байкоочулардын кеңешине кулак салып, Ж.Сатыбалдиевди премьер-министр кылуу менен бир ок менен эки коён аткандай болду. Эми ажобуз Ошко барганда жол тоскон кайын-журтунан (А.Атамбаевдин азыркы жубайы Оштун кызы) коркпой эле кенен-кесир эл араласа да боло берет. Жок дегенде Жантөрө мырзанын айылдаштары сыйлап алышат.
 
Бирок, жөнөкөй эл жердешчиликке да, революцияга да, пикет менен митингге да тоюп бүттү. Аларга кышка отун, суу, тынч турмуш, ошондой эле жер-жерге бөлбөгөн калыс башкаруу керек. Ушул  жөнөкөй керектөөнү жалаң бир партиядан куралган төбөлдөр камсыз кыла алабы? Кеп ошондо. Ө. Бабановду адашып шайлап алган ЖК депутаттары аны тез арада отчетун укпастан туруп сотсуз жоопко тарткандай өздөрүнүн ордун сактап калышкан соң, Ж. Сатыбалдиевди деле ошондой тездик менен колдоп беришти. Азырынча бул кишинин ишине баа берүүгө эрте. Эски өкмөт мүчөлөрүн чала өлтүргөн жыландай кылып, жарымына жакынын кетирип, калганын алып калды. Баарын алдыдагы кыш сыноосу чечет. Сыягы, Ж.Сатыбалдиевдин өкмөтү да убактылуу экендиги тууралуу имиштер чын чыгып, жаңы жылга жетпей кайра эле ошол Ө. Текебаев ишеним көрсөтпөй сындап чыгышы мүмкүн.
 
Тилекке каршы, парламент төрагасы А.Жээнбеков эч бир маселени өз алдынча чече албай, ар кайсы депутаттын жетегинде калып, болгон акыл айткан чоң атага эле окшошуп калды. Өткөн жумада Ж.Жолдошева, М.Абдылдаев өңдүү “оор салмактагы” саясатчылар парламенттик коалиция бузулган соң спикер да кызматтан кетиши керектигин айтышып, кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышты эле, же юридикалык билими же саясый тажрыйбасы болбогондуктан, алдастап калды. Аны мындай кыйын абалдан кайра эле “баардык мыйзамдардын атасы” Кыргызстандын бүгүнкү “крестый отецине” айланган Ө.Текебаев сактап калды. Ушунча шерменде болгончо ал кайра депутаттардын сынына түшүп ары же бери болуп алса болмок. Ага караганда А.Келдибеков кебелбей майлуу орунду таштап кетип, бир топ эркектик кылыптыр. Канткен менен азыр Жээнбековдордун тегерегинде бир топ эле эл арасында нааразычылык бар. Башканы кой, Кара-Кулжанын өзүндө эле ага-инилери менен жээндери кызарган кызматтын көпчүлүгүн ээлеп отурушкандыгына ичи чыкпагандар толтура. Кыргыздар айкөл эл болот эмеспизби, эгер алар таза иштесе сөз болмок эмес. Былтыр Кара-Кулжа РИИБин жетектеген бир күйөө баласы 1 млн. сомдон ашык каражатты жеп койгон экен, бийлиги күчтүү Жээнбековдор басып койду окшойт, дым эле болуп калды. Ал тургай журналисттер да жарытылуу жазган жок.
 
Ушул бир партиянын же жоролордун колуна өткөн Кыргызстандын тагдыры кандай болор экен? бул суроого үч-төрт айдан соң жооп табылып калар. Ошондо оң же терс баага Атамбаев өзү татыктуу болот...
 
"Майдан.kg"