Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 2164

Легендарлуу парламенттин депутаты Бегиш Ааматов өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды анализдеп, кыйроо алдында турганыбызга азыркы баш мыйзамдын авторлору күнөөлүү экендигине токтолду.

  

Баш сөз ордуна, же "иттин өлүгү" кайда көмүлгөн?

1994-жылы мамлекетти талап-тоноону максат кылган Аскар Акаев Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган Конституцияны талкалоо демилгесин көтөргөндө, азыркы саясатчы сөрөйлөрдүн бир нечеси жантыгынан жата калып колдоп,"кой-ай" дегендин ордуна "колтугуна суу бүркүшүп", бүгүнкү коомду түзүшкөнү баарыбызга маалым. Жыйынтыгында мамлекетти өнүгүү огунан тайдырып, мыйзамсыздыктын башатын ачып, бийликке ким келсе жоопкерчилиги жок жеп-ичкенге шарт түзүп беришти. Тактап айтсак, жанына жалаң шылуундарды топтогон Аскар Акаевич Башмыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча ишти дароо колго алып, 22-октябрда референдум өткөрүү буйругуна 1994-жылы кол коюп, референдум бүтөөрү менен 5 күн өтүп-өтпөй, Конституциянын жаңы долбоорун даярдоо үчүн "Конституциялык кеңешме" деген органды түзгөн. Мына ошол "Конституциялык кеңешмеге" киргендер бүгүнкү башаламан коомдун башатын ачып, өлкөбүз таланып-тонолуп келүүдө. Биз ошол кеңешменин курамындагы адамдарды дагы бир ирет тизмектеп коелу. Көз чаптырып көрүңүз. 


Адегенде эле КРнын президенти - Аскар Акаев, Чүй облусунун губернатору - Феликс Кулов, Ош облусунун губернатору - Абдыганы Эркебаев, Кыргызстан элинин Ассамблеясынын төрага орун басары - Эмилбек Каптагаев, "Ата Мекен" партиясынын төрагасынын милдетин аткаруучу - Өмүрбек Текебаев, "Кыргызстан демократиялык кыймылы" партиясынын төрагасы - Жыпар Жекшеев, Кыргызстан аялдар демократиялык партиясынын төрайымы - Токон Шайлиева, Кыргызстандын укук коргоо кыймылынын төрагасы - Турсунбек Акун, Кыргызстандын товар-сырьелук биржасынын президенти - Темир Сариев, "Эридан" акционердик коомунун генералдык директору - Данияр Үсөнов, КРнын жаштар жана өспүрүмдөр улуттук кеңеш бирикмесинин төрагасы - Акылбек Жапаров, Кыргызстандын студенттер союзунун төрагасы - Дүйшөн Чотонов баш болгон 157 адам, Конституцияга каршы келген, келбегенине карабай Кыргызстанды мыйзамдуулук жолдон тайдырып, өлкөгө үйбүлөлүк системаны орнотуп беришкен. Баракелде! 

Демарал деген дейди сөзбү? 


- 1993-жылдагы Конституция кабыл алынганда, "Кыргызстан демократиянын аралчасы" деп бааланган эле. Анан тарыхты түзүк билбеген немелер ал сөздү Акаевге таандык кылып жүрөт. Бул туура эмес. Эгер чыныгы демократ болсо, эмне үчүн Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган Конституцияны талкалады? Биздин эң жакшы мыйзамыбыз 1994-жылы сынып калган. Ошол күндөн тартып Конституциялык мейкиндиктен чыгып кеткенбиз. Эгерде өлкөдө тартип болсун (!) десек, 1993-жылдагы Конституцияны токтоосуз ордуна коюшубуз керек. Ошондо гана жашоо-турмуш өзгөрүп, оңолуу жолуна түшөбүз. Анткени, 1994-жылдын октябрь айындагы референдумдан берки кол жоолуктай алмашылган Конституциялардын баардыгы элдик мыйзам эмес. Чакан топтун кызыкчылыгына ылайык мыйзамсыз түрдө өзгөртүлүп, бурмаланып келе жатат. Ошол күндөн бери өлкөбүз таланып-тонолуп, ууру-кескилер жеп-ичип, эч ким жазаланбай калды. Албетте, мунун башында Акаев турат, ошол маалда: "бу Конституция менен мен Англиянын королевасы болуп калдым. Мага көбүрөөк эле укук берип койгулачы, Кыргызстанды үч жылдын ичинде Швейцария кылып жиберем" деген шылтоону айтып чыккан. Биз ага каршы болгонбуз. Бирок, байлыкка азгырылган топтун колдоосу менен Акаев өз максатын ишке ашырып, чексиз бийликти өзүнө ыйгарып, жаман өнөкөттү баштап, ичип-жеп качып кетти.

Эл кимге алданды? 


- Акаев качып кеткенден кийин, 2005-жылдын 24-марттагы окуядан бир жума өткөндөн кийин "Агым" гезитине: "эгерде үч айдан кийин боло турган президенттик шайлоого бүгүнкү Конституцияны
өзгөртпөй туруп бара турган болсок, анда шайланган президент кечээки Акаевден эч айырмасы жок болот, себеби, чексиз бийлик колунда калат. Андыктан президенттин укуктарын чектеш керек, аны 1993-жылкы Конституциянын нормаларына алып келип оңдоо зарыл, ошондо гана мамлекет мыйзамдуу жолуна түшөт" деп айткан болчумун. Какшагам ошондо. А оппозиция бийликке келгенден кийин эмне кылды? Баардыгы бирден портфель кучакташты да, үндөбөй отуруп калышты. Эмне үчүн алар Акаевди, анын жан-жөкөрлөрүн "жеди-ичти" деп сотко өткөрүп беришкен жок, бирөөнүн да чекесине чертип коюшпады. Бирөөсү да куспады. Кайра баардыгы Акүйгө, Жогорку Кеңешке, башка мекемелерге топтолду. Бакиев бийликтен куугандан кийин баары оппозицияга өтүштү. Эмне үчүн булар 24-марттан кийин өзгөртүүлөрдү киргизген жок? Марттан кийин эл 2006-жылы ноябрда оппозицияга ишенип, кайра чыгып көрдү, анда да "жаңы Конституция жаздык" деп элди алдап таркатып жиберип, өздөрү бийликке жүгүрүп барышты. Жыйынтыгында, Конституция өзгөргөн жок. Бийликке баргандарына Бакиев медаль тагып, ишин бүтүргөн соң кууп жиберди. 

Бузулган Конституция акыры кан төктүбү? 


- Мен ошол маалда "Конституцияны мыйзамсыз буздуңар, аягы жакшылык менен бүтпөйт, кыргыздын убалына каласыңар" дегем. Көрдүңөр, майда-барат ишканалардан баштап чоңуна чейин, ал гана эмес, жерге чейин менчиктештирип берди эле, кыргыз тентиди. 24-марттан кийин бийликке келгендер укпады эле, аягы 7-апрель окуясы менен бүттү. 7-апрелден кийин "Конституцияны ордуна койсун" деп барсак, аны жоюп жиберишти. Мыйзамсыздыктын кесепетинен Июнь окуясы болуп, жүздөгөн мекендештерибиз кырылды. Эми ордуна койбосо, кайрадан кан төгүлүшү мүмкүн. Анткени, сынган жер бири-бирине уланып, шакшактала элек. Бул жолкусунда аябай катаал, оор болуп калышы ыктымал. Себеби, Кыргызстанды өзгөртөт экен, экинчи коррупция болбойт экен, Аксы окуясындай адамдарды аткан, жерлерин саткандар жазаланат экен (!) деген элдин ишенимин оппозиция терисин жамынган "уурулар" эки ирет талкалады. Эми эл толкуса бир президентти гана кууп отуруп калбайт, буларды бир бирден жазалайт. Негизи, биз баардык мыйзамсыз өткөн референдумдардын жыйынтыктарын жокко чыгарып, Конституциялык нукка келбесек эзели оңолбойбуз. Себеби, "Конституцияны бир гана Жогорку Кеңеш өзгөртө алат" деп бадырайып жазылып турганына карабай, референдум менен мыйзамсыз түрдө өзгөртүшкөн.

 

Даярдаган 
Памир Манас,

"Учур" гезити