- Жаркын эже, өткөн кылымдын 90-жылы болгон Ош, Өзгөндөгү кандуу окуяны сизден мыкты билген адам болбосо керек. Арадан 20 жыл өткөндөн кийин кандуу тополоң кайра кайталанды. Бул калаймандын негизги өзөгү эмнеде?
 
- Өткөн кылымдын 90-жылындагы  Ош, Өзгөндөгү кандуу окуя Союздун акыркы жылдарына туура келип калды. Ар бир муун мындай окуяны “биздин убактагы окуя” деп кабылдап калганыбыз туура эмес экен. Маселен, 1990-жылдагы окуя кокусунан болгондой сезилген. Көрсө, улуулар бизге жеткиликтүү кылып айтышпаптыр. Муну улуттар арасындагы жаңжал деп айтпашыбыз керек. Себеби, кыргыз менен өзбек бир нерсени талашып урушуп жаткан жери жок. Бир гана өзбектин кыйындарынын ой максаты менен болгон окуя. Тээ 60-жылдары эле өзбек кыргызды тура калып уруп-сабап, кыздардын намысына тийген окуялар болуп келген экен. Союз учуру болгондуктан улуттар арасында эч кандай жаңжал чыкпасын деген саясаттан улам ачыкка чыкпай, ирип бүткөн жара жарылган сыяктуу болгонун 1990-жыл менен 2010-жылдагы июнь окуясы ачык көрсөттү. Бул окуянын чыгуу себебине так жооп бере албай, оорунун негизги өзөгүн изилдебей жатышат. Түпкүлүктүү кыргыз эли өзбектердин колунан кордук көрдү. Болуп өткөн окуя маалымат каражаттары аркылуу же болбосо бийлик тараптан ачыкка чыгышы керек эле. Болбосо карапайым калктын гана шору болоорун көрүп жатпайбызбы. 20 жылдан кийин кайталанган кандуу окуяны 90-жылдын уландысы деп айтса болот. Ошондо күнөөлүүлөр өз жазасын албай, саясий баа берилбей калгандыктан, жоголгон адамдар изилдөөгө алынып, ар бир факты бийлик тараптан иликтенбегендиктен 20 жыл мурун кандай окуя болсо, бул жолу да дал ошондой болду. Анда дагы өзбектер өздөрүнчө автономиялуу облус сурап, өзбек калкы көбөйүп баратабыз, бийлик бутактарына барышыбыз зарыл, биздин саныбызга жараша кыргыз бийлиги башын ийиш керек деген талаптар менен чыгышкан.
 
Азыркы бийликтегилер болсо “жараштыралы” деген сөздү айтып   2 адам көчөдө мушташып кеткендей мамиле жасашып жатпайбы. Ушундан улам бул окуя мындан кийин болбойт деп айтуу мүмкүн эмес. Окуянын өзөгүн билүү үчүн өз учурунда күнөөлүү адамдардын жазасын бериши керек болчу. Кантип жазалайт – ал бийликтин иши. Кытайда көп улуттуу элге кандай мыйзам колдонсо, бизде дагы ошондой мыйзамды колдонуш керек. Улутту улут катары тааныбаган, өзү жашап жаткан мамлекеттин мыйзамдарын сыйлабаган улутту эмне кылыш керек? Кытай уйгурларга кандай жаза колдонсо, Кыргыз мамлекетинин саясатына каршы турган улутчулдарга ошондой жазаны колдонуш зарыл. Кыргыз өч алуу, кыргын же болбосо өзбектерге окшоп бычакты жанына катып алып кез келгенин союп кирүү жолу менен эмес, акыл калчап, өзүнүн киндик кан тамган жерин сыйлап, түпкүлүктүү эл экенин көрсөтүп чыдап келатат. Өзбек шовинисттери болсо “Час шакала” деп кыргызды чөөгө теңесе, Өзбекстандагы бир кино режиссеру түштүктөгү болгон окуяга аралашып, кийлигишип 90-жыл менен 2010-жылдагы тополоңду кино кылып тартып, мунун артында кыргыз бийлиги турат деген жыйынтыкты чыгарып турат. Дооронбек Садырбаев “Мен канча эл көрдүм, кыргыз элиндей кор болгон элди көрбөдүм. Мен канча эркек көрдүм кыргыздын эркегиндей кор болгон эркекти көрбөдүм” дегендей кордуктун дагы чеги болот да. Мына 2 жылдыгы деп белгилеп жатышат. Минтип белгилөө менен маселе чечилбейт, же болбосо аккан көз жаш сооронбойт. Азаматтар “Бизге эстелик тургузсун”  деп өлгөн жок.
 
- 20 жыл баштагы окуянын себептерин Союз ачыкка чыгарбаса, 2010-жылы Убактылуу бийлик биринчи күндөрү эле “Бакиевчилер чыгарды” деген себепти айтышпадыбы? 
 
- Бакиевчилер, башка күчтөр ушул окуяны чыгарды дегенге макул эмесмин. Бул окуяга өзбек улутундагылар дайыма даяр, мүмкүнчүлүк гана издеп турат. Ошого Убактылуу бийлик шарттап койду. Алар бул жактагы бийликти алаардан мурун түштүк эмне болот деп ойлонушу керек болчу. Айрыкча түштүктүн шартын, калкынын абалын жакшы билген Текебаев, Бекназаров сыяктуулар ойлонсо болмок. Баарын Бакиев жасады дей берсе,  анда Убактылуу бийликти дагы 90 адамдын канын төгүп, Ош тополоңун уюштурду дей берсе болот экен да. Минтип кыргыз өзүнүн этин өзү жей бербестен, өзбек улутундагы бузукуларды жазадан куткаруунун айласын издебестен, акыркы чекитти коюуга аракет жасоо зарыл. Каны аккан улутту аттап, башкалардын укугун коргоп жүргөн укук коргоочуларды, ушундай трагедияны көрүп туруп башка жактан себеп издегендерге мен кан урабы деп айткым келет. Убактылуу Өкмөттөгү, азыркы бийлик башындагы бир дагы жетекчини апрель, Ош окуясы үчүн кечирүүгө болбойт. Бийликке төңкөрүш жолу менен келгендер дагы Кудайдын алдында жооп бере турганын ойлошу керек. Өзбектердин кино режиссерунун кыргыз бийлиги күнөөлүү дегенине “Сен Өзбекстанда туруп биздеги окуяга эмне үчүн аралашып жатасың?” деген жообу кана? Андижан окуясында Өзбекстандын президенти Ислам Каримов эч кимди аралаштырбай, “Миллион адамды кырсам дагы Өзбекстандын тынчтыгы керек” деген.
 
- Сиз өзбектерге Убактылуу бийлик шарт түзүп берип койду деп айттыңыз. Жакында эле Башкы прокуратура бийликтегилердин эч кандай тиешеси жок деген чечимин чыгарбадыбы?
 
- Бизде жаман салт бар. Келген бийликтин башында ким турбасын ошонун камчысын чаба беришет. Ушундай чөйрө бийликти чулгап алат. Мындай окуя Акаевдин, Бакиевдин дагы трагедиясы болгон. Бул Отунбаева менен Атамбаевдин дагы трагедиясына айланат. Сот менен прокуратуранын берген отчётун отчёт деп айтуу кыйын. Алар ушундай отчётту бергенге аргасыз. 7-апрелди дагы кокусунан болду деп жатат. Ал кокусунан болгон жок. Жергиликтүү журналисттер революция болот экен деп жазып эле жатышкан. Ал эми Ош окуясы боюнча Оштун УВДсынын маалыматын караса бир ай бою өзбек улутунун жаштары ар кайсыл жерде көтөрүлүп турган. Кана ошол маалыматтар? Ошол маалыматтардын алдын алса окуя болмок эмес. Бийлик бул жакта өздөрү менен өздөрү эсептешип олтуруп алышты. Буларга бийликти алуу гана керек болгон. Соттордун, прокуратуранын чечимдери жасалма отчёттор. Ошто өзбек менен кыргызды ажыратуу мүмкүн эмес. Оштук кыргыздарча өзбектерди жакшы билген эч ким жок. Өзбектер дайыма Бишкекти карап турат. Бийликке ким келсе ошого добуш берет. Кечээки эле президенттик шайлоодо өзбек улуту тикесинен тик туруп Атамбаевге добуш бербедиби. Бул деген элдин бөлүнгөн фактысы эмеспи. Кыргыз бийлигинин күчү жок экенин алар жакшы билет. Ошондуктан бийликти тааныгысы келбей, кыргыздын салт-санаасы менен эсептешпей жатат.
 
- Сиз маалымат чөйрөсүн жакшы билген адамсыз. Ошондуктан маалымат жактан өзбектерге уттурдук деген сөздү айтып жатасыз. Кандай маалыматтан уттурдук?
 
- Өзбектер май ичинде эле көтөрүлгөн. Муну жергиликтүү журналисттер айтып чыккан. Ошол маалыматтар көз жаздымда калып, Эл аралык мааниде өзбектердин үнү чыгып жатпайбы. Мындан кыргыз бийлиги уттурду десе туура болот. Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдрасулованын Азимжан Аскаровду жактап, дүйнө жүзүн кыдырып чыккан фактысын айтсак болот. Аскаровдун Базар-Коргондо бузукулук кылып, эки элди кагыштырып, чакырык таштап жүргөнүн элдин баары көргөн да. “Мен эмесмин” деп чырылдабастан ошол жердегилердин бир-экөөсүнүн атын атабайбы. Ал болбосо, эл чогулбаса Мыктыбек Сулайманов өзүнө арматура сайып, өзүн-өзү өрттөдүбү? Маалыматтан уттургандыктан шектүү адамдардын баары качып кетти. Өзбектер өздөрү өңү тааныш эмес адамдар жүрдү деп жатышпайбы. Аларды ким сактап жатты? Өзбектер сактаган да.
 
- Өзбектер жазасын алышкан жок дегендей болуп жатасыз. Азыр камалгандардын көбү өзбектер деп жатпайбы?
 
- 90-жылы титулдук улут болуп жабыркаган да, качкын да, өлгөн да, камалган да кыргыз болгон. Ал тургай үй бүлөсү менен жоголгон кыргыздар бар. 2010-жылы жалаң өзбектер камалган болсо, канчасы камалганын эсептеп көрүш керек. 90-жылы канча кыргыз камалганын так билем. Журналист Талант Раззаковдун Ош окуясы боюнча китеби чыкты. Анда өзбектерди кылмыш ишине тартылган деп жүрөт. Кылмыш ишине тартылган менен камалган эки башка. Бул жерде өзбектер эмес кылмышкерлер камалып жатат. Өзбекти өлтүрүп эшигине көмүп алган кыргыз тууралуу факты барбы? Кыргызды эшигине көмүп алган факты бар. Кайсыл кыргыз өзбектин башын кесип алып, денесин берди? Нариман айылында өзбектер Шамырзаевдин башын кесип, денесин берди. Мунун баары чындык, такталган. Мени күйгүзгөнү – кыргыздын укук коргоочулары кандуу окуяга күнөөкөр болгон өзбек улутунан чыккандардын укугун талашып, дүйнө кыдырып жүргөнү. Кыргызга мындан өткөн трагедия жок.
 
Маектешкен
Н.Камбаралиев,
"Жаңы Ордо"

Р.S. Жаркын Темирбаев - КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү журналист, Оштогу 90-жылдардагы окуяны ачык чагылдырганы үчүн куугунтукка кабылып жүргөн.