“Көч жүрө-жүрө түзөлөт” деген кеп бар. Бирок, кыргыз элинин көчү дээрлик жыйырма жылдан бери түзөлмөк тургай, чытырман токойдо калгандай, адашуунун жолунда баратканы айкын. Адашкан көч тууралуу эл айта берип тажабады, бийлик уга берип тажабады.
 
“Кайдыгерлик – өлтүрүү менен барабар” дешет. Кайдыгерликтин сазына батты, кыргыз. Шайлообек акын жазып, мен бир кезде ачуу ырдап чыктык эле. Кайдыгерлик кара таандай каптап, жолубуз тумандап, шорубуз түгөнбөй келе жатат, кыргыз. Мамлекеттин ана башында тургандарга наалат. Саясат деген сасык оюндун жүрүштөрү уламдан улам кызып, бир гана кызыкчылыкты, бир гана мүдөөнү көздөп туру. Ал – жеке кызыкчылык, жеке керт баштын мүдөөсү. Байлыкты эңсеп, байлыкка манчыркап, мансапка жанталашып, бийликтин кулу болгондордун мүдөөсү. Алар элдин кебин чымын чакканчалык да көрбөйт. Эл алардын көзүнө эл эмес, каакым.
 
Элдин үнү эч качан бийликтин кулагына жетпейт. Анткени, бийликтин кулагы - керең, көзү - көр. Алар адамдык баалуулуктарды акча менен, мансап менен, чөнтөк менен, бийлик менен, байлык менен өлчөгөндөр. Алардын көмүскөдө бир гана тымызын эңсөөсү бар. Аны бешиктеги бала деле билет. Ал эңсөө – Кыргызстандын ансыз да жакыр элинин эсебинен байып, кен байлыктарын, мамлекеттик ишканаларды сатып, түгөтүп, байлыгы ашынып, чегинен ашып, кекиртегине жеткенде качып кетүү. Тил сынган офшордук зоналардагы банктарга каткан жашыл акчаларды сарптап, ак сарайларды куруп кандардай жашоо. Алар ушул үчүн гана умтулушат! Алар байлыктарын эсепсиз кылгылары келет! Алар ошол үчүн элдин үнүн укпайт, элдин жашоосун көрбөйт, элге кайдыгер. Ана, кытайлар кара таандай каптап барат! Ана, “темир жол салып беребиз” деп, бийликтин анабашыларын кайырмактарына илген жашыл сөлкөбайлар менен алдап-соолап, кулактарына кесмелерди көп-көп илип, кыргыздын баа жеткис жерлерине көз артып, өз жарандарын киргизип, ээлеп алгысы бар. Көзү тумандаган бийлик көрсө да, көрмөксөн. Эл менен эмнени эсептешти? Кендерди жең ичинен соодалап, өз үлүштөрүн алып, өздөрүн өздөрү билип, өтүктөрүн төргө илип, жыргап олтуру. Элдин жонун кайыштай тилген жардылыкты ошолор көрдүбү? Мамлекеттин саясаты, мамлекеттин кызыкчылыгы, элим, жерим деп тоту куштай сайраган беттери калың саясатчылардын иши канакей? Кайда барса, мамайдын көрү, ов!
 
“Кара жашик” деп аталган коомдук телеканалы бутага тийбей турган жылмакай саясатын акырындан жүргүзүп жатат. Алардын чет мамлекеттерден келген гранттардын эсебинен атайын буйрутмаларды гана аткарып жатышканын ким билбейт. Мына Ош коогалаңы деп атып, тилибиз тешилди. Эки жыл айланды. Эмне жыйынтык чыкты? Жазасын алган бир жан жок. Анткени, бийликтеги дүлөй, көр уурулар кылган ушуну. Кадыржан Батырову тетиги жакта жатып алып, кыргыздарды айбан, чөө көрсөтүп атканына бирөөбүз кейип, бийликтегилердин бири “бул мындай эмес” деп жооп айтууга батындыбы? Эл макул, карапайым, кой оозунан чөп албаган момун экен. Бийлик башындагылар муну көрбөй, нетти? Эл аралык уюмдардын бирине бир документ жөнөтүп койдубу? Элдин мамлекетти калайыктын шоруна туулган сепаратисттер, кошоматкөйлөр, бузукулар башкарып жатканына күн санап көзү жетип, түңүлүп олтурат. Бийлик мурдагы ажолордун режиминдеги системадан сабак ала алган жок. Ошол эле таз кейип, ошол эле көрүнүш, бир айырмачылыгы, азыр андан да ашып кеткен. Кимде жоопкерчилик бар? Кимиңер аласыңар, жоопкерчиликти? Эч ким? Бир көзүң бир көзүңө жоо. Өзүңө өзүң ишене албайсың, келечегиңди койдум. Президенти өкмөт башчысына, өкмөт башчысы депутаттарга шылтайт. Аялы күйөөсүнө, күйөөсү аялына шылтагандай. “Жаман үйдү коногу бийлейт”. Бизди кимдер бийлеп жатат, атабайлы. Балким, буга жол берип жатканыбызга ар бирибиз күнөөлүүбүз. Бир мисал, “Гавай аралы” деп аталган эс алуу жайына барып калдым. Укмуш. Өтө сонун. Бирок, жыргагандан ушул укмуш жерде жүргөн жокпуз дешти айрым жумушчулар. Көрсө, бул Чүйдүн керемет булуңунда колуна тийген кызды ким көрүнгөн ызалантып коюуга мүмкүнчүлүгү бар экен. Ким кимге даттанат? Ал жерди башкарууга эч кимдин дити жетпейт экен. Анткени, бу жерде да акча өз өкүмүн жүргүзөт. Жетекчилер күчтүү болсо, мыйзам иштесе, келечек ушунчалык бүдөмүк болмок эместир. Балким... Бүтпөгөн суроолор көп. Үмүттүн шооласы үлбүл. Бир күнү батыштанбы, чыгыштанбы, катуу шамал соксо, өчүп калчудай араңжан. Кыргыздын жерлерин кайтарып алуу, кен байлыктарды элдин кызыкчылыгы үчүн иштетүү тууралуу азырынча кеп кылбай деле коёлу, бурадар. Кайдыгерликтин кара таанынан арылар күн деле алыс эместир...
 
Сагынбек Момбеков,
элдик ырчы