Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 1979
Өткөндө өкмөт башчы Ө.Бабанов баштаган министрлер парламентте өткөн жыл менен акыркы үч айдын аралыгындагы ишинен да шоусу көп болгон “100 күн” программасын “катыра бажардык”,- деп отчет беришкен болчу. Алардын бул отчетун депутаттар  көпчүлүк добуш менен кабыл алып, “канааттандырарлык” деп баа беришкен. Адатта элдин көзүнчө аткаруу бийлигин сындамыш болуп, бирок жең ичинен өкмөт мүчөлөрү менен  баш сүзүштүрө салаңдаган май  курсактарын тийгизе кучакташкан кошоматчы депутаттар өкмөттүн кайсыл кыйраткан ишине ушундай баа беришкендиги түшүнүксүз.
 
Же кышы менен карапайым элдин уулуу көмүргө ууланып, караңгыда карайлап үшүп-шишип чыкканы, бар байлыгыбыз болгон мал жандыктардын жутка кабылып кырылгандыгы үчүнбү? Кыргызстандын экономикасынын жарымын түзгөн “Кумтөрдөгү” өндүрүш көлөмү ушул өкмөттүн тушунда эки эсе төмөндөп кеткендигине ким күнөөлүү?
 
Анткен менен депутаттардын ошол өкмөттү колдоп көтөргөн колу жерге түшө электе, башбакан Ө.Бабанов трибунада  мактана сүйлөгөн шилекейи аарчылбай жатып КМШ өлкөлөрү боюнча статистикалык комитети Кыргызстандын өнөр жай тармагындагы өсүш кескин басаңдап кеткендигин кабарлады. Ал тургай өткөн жумада президентибиз А.Атамбаев Астанага расмий иш сапар менен барганда да казак президенти Н.Назарбаев Кыргызстан келерки жылы Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке киргенче өндүрүшүн, өнөр жайын кагаз жүзүндө эмес, чындап көтөрүшү керектигин айтты. Ансыз бүтүндөй мурдагы СССР аймагы бир мамлекет сыяктуу соода-сатык мамилесине өткөндө биз жалаң гана сатып алып, эч нерсе өндүрбөй сызга отуруп калышыбыз мүмкүн.
 
2012-жылдын биринчи кварталында өнөр жай продукциясын өндүрүү Кыргызстанда былтыркы жылга караганда 27,7 пайызга төмөндөп кеткен. Бул жалпы КМШ боюнча эң төмөнкү көрсөткүч болуп саналат. Салыштыруу үчүн ала турган болсок, Молдовада өнөр жайдагы өсүш 2,5 пайызга, Азербайжанда 0,3 пайызга гана төмөндөгөн. Ал эми калган КМШ өлкөлөрүндө өсүш белгиленди. Алсак, Арменияда 16,4 пайыз, Тажикстанда 14,6 пайыз, Беларуста 8,3 пайыз өсүш болду.
 
Жалпысынан биринчи кварталда КМШда өнөр жай тармагындагы өсүш 3,6 пайызды түзүптүр.
 
Мына, боордош, кошуна мамлекеттер “100 күн” деп шоу-кылып отурбай эле баш көтөрбөй иштеп, экономикасын өнүктүрүп, элинин жашоо-шартын оңдоп жатыптыр. Ал эми бизде жалаң гана ооз менен орок ормой, оромпой тепмей, кыйраткан иши бюджеттик мекемелерди кыскартып, жумушсуздардын санын көбөйтүү жана Грузияга ат тезегин кургатпай каттап, “тажрыйба алмашуу”. Тилекке каршы грузин дарагы Кыргызстандын кыртышына өспөгөндөй эле, алардын реформасы илдеттүү кой семирбегендей эле, эмнегедир жукпай жатат. Аның үчүн бизге Мимикодой (президент М.Саакашвили) тууганчылык, жердешчилик, бөлүнүп-жарылуучулук саясатын жүргүзбөгөн президент, грузиндердей духу жогору эл болушубуз  керек. Мына сага грузиндердин бактысынын жана кыкеңдердин трагедиясынын сыры...
 
"Майдан.kg" гезити, №13, 16-май