Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 2022
Акыркы кездерде бир топ гезиттердин дүңүнөн сатылып алынып, жок кылынып жатканы тууралуу кабарлар айтылды. Айрыкча,“Майдан.kg” гезитинин бийликти безге сайган, алдым-жуттумдар менен жеп-ичкичтердин, шылуундар менен шумпайлардын эки жүздүүлүгүн ашкерелеген акыркы сандары окурмандарга жетпей жатышы биздин, окурмандардын тынчын алууда. Бул арамзалык иш кимдин колунан келип жаткандыгын айтпай эле коёлу. Аны гезиттараптан сандан-санга сындалгандар жасагандыгы бештен белгилүү.
 
Бирок, бир гана айтып коёрубуз, өткөн бийликтер да (Акаев, Бакиев) оппозициялык гезиттерди ушинтип дүңүнөн сатып алып өрттөп, журналисттерди коркутуп-үркүтүп жүрүп акыры өздөрү эл тарабынан кулатылып, тууган-уругу, катындары менен бала-чакасы кошулуп азыр чет жакта азып-тозуп жүрүшөт.
 
Бирок, биз, окурмандар “Майдан.kg” гезити эч качан элге чындыкты чагылдырган, алдым-жуттумдар менен эки жүздүү бийлик башындагылардын жасаган ишин сындаган багытынан кайтпастыгына ишенебиз. Ансыз деле азыр бийликти сындаган эки-үч эле гезит калды. Себеби мурдагы  Атамбаев менен Бабановду ачык колдогон же кыйыр түрдө жан тарткан басылмалардын көпчүлүгү көрүнөө да, көмүскө да алар бийликке келген соң бир беткей мактоого өтүшүп, чыркыраган чындыкты айтуудан “уялып” калышты. Эми ошолордун акырынан жем жеп, каржыланып жаткан соң аларды да түшүнөбүз.
 
Тилекке каршы эки ирет революция болуп, 90дон ашык эр азаматыбыздын өмүрү кыйылган менен эле өлкөбүздө адилеттик орноп, бийликтегилер таза иштеп калды деп айтууга болбойт. Ак үй, Көк үйдө баягы эле карапайым элдин канын митедей соргон, май баскан жүзүн, салаңдаган курсагын көрсөң кыжырың келген, байлыгы менен мансабына манчыркагандар отурушат. Ал эми “коррупцияга каршы күрөш”, “100 күн” деген ураандар жөн эле ураан, элдин башын айлантуу. Алар ушундай эле таза, адилет иштеп, коррупцияны жоюп жаткандыгы чын болсо, анда Баткен облусу аркылуу Тажикстанга аткезчилик жол менен ташылып жаткан күйүүчү майлар эмнеге токтой элек? Эмнеге түштүктө эл эгинди эшек менен эгип жатат? Бишкекте жол кире кымбаттап, электр энергиясына алдын ала төлөм (уюлдук телефонго бирдик жүктөгөндөй) киргизилип жатат? Эмнеге эки жылдан бери чет мамлекеттен бир да трактор келген жок? Уулуу көмүрдү ташып келип, элди ууландыргандар белгилүү болсо да, аларга карата кылмыш иши козголгон менен  эмнеге жоопко тартылбайт? Кышында төрт түлүк малыбызды жут каптап кырылып калгандыгына ким күнөөлүү? Эмне үчүн акыркы жылдары улуттар аралык гана эмес, аймактык, уруулук бөлүнүп-жарылуу, жердешчилик күчөп кетти? Эмне үчүн президенттик жана парламенттик шайлоодо сыртта жүргөн бир миллионго жакын мигранттар катышкан жок? Себеби алыста жүрүп, ушул бийликтин айынан азап-тозокту тартып жүргөн жаштарыбыз буларга добуш бербешин билип, БШК аркылуу атайын бут тосулду. Июнь окуясынын күнөөкөрлөрү, банкты тоногондор качан ачыкка чыгат? Айта берсе мындай мисалдар толтура. Керек болсо бул көрүнүш Акаев, Бакиев доорунда да болгон эмес. “Майдан.kg” гезитинин жогору жактан канчалык бут тосуу болбосун, ушул суроолордун жообун табууга аракет кылып, элге чындыкты айтуудан кайра тартпай тургандыгына ишенебиз.
Бийликтегилер өлкөбүздүн тышкы саясатын да тескери багытка буруп, кошуналар менен эзелки өнөктөштөрүбүздүн каарына калды.
 
Эгер депутат Ж.Жолдошева айткан немистердин божомолу чын чыкса, анда жакын арада Кыргызстанда чындап эле социалдык жарылуу болуп, ошондо көргүлүктү көрөбүз. Биз качан гана биригип, чындык үчүн талыкпай күрөшкөнүбүздө адилеттик орноп, турмушубуз оңолот. Биз эки жүздүү бийлик менен алдым-жуттумдардын элге каршы, популисттик ишин колдой албайбыз жана алардан коркпойбуз. Ал эми чындыкты өрттөгөндөр бир күн өздөрү да эл алдында жазаланат.
 
Аскар Туратбеков,
Нарын облусу
 Булак: “Майдан.kg”