Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 1674
Бишкек,  “Саясат.kg”. КечээАта-Журт”, “Бүтүн Кыргызстан” жана Кыргызстан коммунисттер саясый партиялары биргелешкен билдирүү таркатып, бийликтин бүгүнкү өңүнө таамай аныктама беришти: өз элинин кыйынчылыктагы турмушун көрбөгөн сокур, карапайым адамдын арыз-арманын укпаган дүлөй, өз элин экиге бөлгөн чагымчыл, парламенттик демократияга жамынган диктатор.
 
Ошто, Баткенде жана Жалал-Абадда миңдеген адамдар Өкмөттүн токтоосуз отставкасын, Башмыйзамды өзгөртүү боюнча Конституциялык жыйын чакырууну, 2010-жылкы каргашалуу апрель-июнь окуяларына күнөөкөрлөрдү жана Бишкектеги банк уячаларынан акча тоногондорду жазалоону талап кылышканы менен, бийлик бир да жолу көз ирмеп койгонго жарабады.
 
“Президент менен Өкмөт жүз миңдеген калктын мыйзамдуу талабын уккан жок. Тескерисинче алар аймактык ажырымга жол ачып, калкты аймактык ажырымга алып келүүдө. Жакында бийлик оппозиция лидерлеринин атын сатып, Таласта тынчтык митингинин катышуучуларына каршы чагымчыл аракеттерди уюштурду. Мындай ыплас иштердин артында Өкмөт башчы Ө.Бабановдун жана жергиликтүү бийлик төбөлдөрүнүн карааны калдайып көрүнүп турат. Биз элди экиге бөлгөн бийликтин бул арам аракетин кескин түрдө айыптайбыз”,- дейт оппозиция.
 
Оппозициянын айтымында, өкмөт акыркы эки жылда өлкөнү өнүктүрүү боюнча натыйжалуу иш жүргүзүүнүн ордуна басма сөздө өзүн-өзү рекламалоо менен алек. Натыйжада калк менен бийликтин ортосундагы ажырым күндөн-күнгө терендөөдө.
 
Арийне, ансыз деле чыдамы түгөнүп бараткан калктын көңүлүн калыбына келтирүүгө өкмөттө шанс бар болчу. Анүчүн бийлик Коомдук каналдын түз эфирине келип, оппозиция менен эл талабын талкуулашы керек болчу. Бирок, өкмөт оппозициянын чакыруусун кабыл албай, анын ордуна мамлекеттик резиденцияга журналисттерди топтоп, шоу уюштуруу менен тим болду. Ал аз келгенсип, 100 күндүк программасын мыкты аткаргандыгын уламдан-улам кол бала телеканалдары аркылуу айттырууда. Кыштын, жаратылыштын туткунунда калып, кыйынчылыкты жон териси менен сезген карапайым калк муну шылдыңдоо катары баалашууда. Андан көрө, адам өлүмдөрү, жутчулук, электр энергиясынын үзгүлтүккө учурап тургандыгы, ууланган көмүрдү мектептерге чейин таркатып олтуруп алгандыгы үчүн элден кечирим сураса жарашмак. Ошондо балким, коомдук чыңалуу азыркыдай апогейине жетмек эмес.
 
Албетте, бийлик өз элинин талабын аткарган жок. Бул шартта оппозиция эмне кылмак? Буга чейин эле митингдерде эл оппозициядан чечкиндүү кадамдарды талап кылган. Өз элинин кургур заманга кептелбегенин сезбеген дөңгөчтөй болгон бийликти селдей жууп кетүү керектигин айткандар да болгон. 21-апрелде элдин бийликке берген убактысы түгөндү. Ошол замат оппозиция саясый стабилдүүлүк үчүн жоопкер эмес экендигин, эгерде калктын каары кайнап, өлкөдө баш-аламандыктар менен төңкөрүш болуп кетсе бардык жоопкерчилик президент, Жогорку Кеңеш жана өкмөткө жүктөлөрүн эскертти.
 
Себеп дегенде, элибиздин чыдамы түгөнгөндө, аны эч ким токтото албайт. Буга эки жолку элдик ыңкылап далил. Азыр да, оппозициянын эл менен бийликтин ортосундагы ортомчулук миссиясы бүттү. Сөз, аракет – элдин өзүндө!