Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 1945
Бишкек,  “Саясат.kg”. Ош, Баткен, андан кийин Жалал-Абад шаарында жалпысынан жүз миңдеген адамдар катышкан митингдерде бийликке бир катар орчундуу талаптардын коюлгандыгы белгилүү. Талаптардын эң негизгилери: өкмөт башчысы Ө.Бабановдун отставкасы, “Эл ишениминдеги” өкмөттү түзүү, конституциялык жыйын чакыруу, 2010-жылдын апрель жана июнь айларындагы кандуу окуялардын чыныгы күнөөкөрлөрүн жазалоо жана “АзияУниверсалБанктын” кутучаларынан уурдалган миллиондор үчүн күнөөкөрлөрдү табуу. Бийликке акыркы мөөнөт катары – 21-апрелге чейин убакыт берилген. Андан соң, эгерде бийлик бул талаптарды аткарбаса, президенттин отставкасын талап кылган митингдер бүт өлкө аймагында болуп өтөрү айтылган.
Бийлик эл талабын уккан жок. Сокур, дүлөй, жансыз болуп бүткөнүн толугу менен далилдеди.
 
Жада калса, оппозициянын түз эфирде эл талабын чогуу талкуулоо чакырыгын да кабыл алышпай, Бабанов баш болушуп, резиденцияга жолугуштуу уюштурумуш болушту да, анын шылтоосу менен өздөрүнө чоң пиар жасашты. Бүт маалымат каражаттары колдо тургандыктан, оппозицияны бырчылдата жамандамайы ансыз деле ширеңке жаксаң дүрт эте түшчү абалды чыңалтууда.
 
Өкмөттүн 100 күндүк программасынын аткарылышы элди, эксперттерди канаатандырган жок. Себеби, анда негизинен декларативдүү гана максаттар жазылып, көбүнчөкагаз жумуштарын аткарууга басым жасалган.
 
Учурда бийлик эл тагдырын түз олтуруп чечкендин ордуна, өтө кооптуу – антимитингдерди баштоого кам урганы белгилүү болууда. Таласта түштүктүктөр митинг өткөзөт шылтоосу менен элди экиге бөлгөн бийлик, бул картаны бардык жерде колдонууга белсенүүдө. Өз элин ушинтип экиге бөлгөн бийликтен деги эмне жакшылык күтсөк болот?
 
Акаев, Бакиев баскан жолду арбытып жаткан бийликтен ошон үчүн журтубуздун көңүлү көчкөн журттай калды. Акыркы арга – президенттин отставкасы болчудай. Оппозиция өз планын жарыялай элек. Бирок, алар да жүз миңдеген элдин талабын аткаруу үчүн күрөшүүгө турууга милдеткер.