Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 2488
Бишкек, ИА “Саясат.kg”. Эртең Жалал-Абад шаарында кыргыз оппозициясынын кезектеги митинги болуп өтөт. Буга чейин ушундай эле иш-чаралар Ош жана Баткен шаарларында болуп өтүп, көп сандаган адамдардын катышуусунда бийликке бир катар талаптар коюлган.
 
Эртеңки митингге “Ата-Журт” фракция лидери Камчыбек Ташиев расмий түрдө КР президенти А.Атамбаевди, өкмөт башчысы Ө.Бабановду жана парламент спикери А.Жээнбековду чакырган. Себеп дегенде, элдин негизги талаптары дал ушул жетекчилерге карай багытталгандыктан, өздөрү келип, эл талабын угушу кажет. Ансыз деле бийлик дүлөй, сокур, кырдаалды жонтериси менен сезбеген дөңгөч болуп турганда, оппозиция кол сунуп, эл менен бийликтин ортосундагы ортомчулук милдетти өзүнө алып олтурат.
 
Мунун дагы бир себеби – оппозициянын Баткендеги митингинде катуу сөз болуп, эл бийликке каршы чечкиндүү аракеттерди талап кылган. 7-апрелге чейин талаптарды аткарууга бийликке убакыт чектелген. “Болбосо, биз президенттин отставкасын талап кыла баштайбыз”,- деген оппозициянын эл алдында берген убадасы бар.
 
7-апрелге чейинки мөөнөт да бүттү. Буга чейин Ош митингинин талаптарына бийлик канчалык дүлөй, сокур болуп келсе, Баткендеги миңдеген элдин талабына да “түкүрдүм” дегендей мамиле жасады. Анын ордуна, Ташиев айткандай, бийлик өзүн-өзү 7-апрелдин шылтоосу менен болушунча рекламалап алууга үлгүрдү. Бул көрүнүш башкасы бул жакта турсун, ошол апрель баатырларынын да кыжырдануусун жаратты. Себеби – 2 жыл өтсө да, элдин талабы аткарылбай, революция өз максатына жеткен жок. Митингдерде деле ошол талаптар коюлбады беле. Маселен, эмнеге эмгиче апрель жана июнь окуяларынын күнөөкөрлөрү жазасын алган жок? Эмне ушунча убакыт бийлик текей терип жүрдүбү? Айтор, айта берсең арман көп. А бирок, элдин арыз-муңу менен бийликтин эсептешпей калганы качан. Капкачан көздөрүн май басып калганын кайда жашырабыз?
 
Учурунда, эл талабын укпай койгондон Акаев менен Бакиев өз өлкөсүнөн качып кетүүгө аргасыз болгон. Бул бийлик да ошол даңгыр жол менен бара жатат. Кеч боло электе оппозициянын сунушуна макул болуп, Жалал-Абадка аттанып, эл талабын угушканы кажет. Болбосо, кеч болуп калышы мүмкүн.