Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 2466
Мейли уюм, кыймыл же партия болсун, адеп сөзсүз түрдө өзүнүн жобосун иштеп чыгат. Андан аркы аракетинде дал ушул алкакты негиз кылып алууга тийиш. Чындыкта уюмдар уставында эмне жөнүндө жазылгандыгы тууралуу унутуп калгандай сезилет.  Бийликтин партиялары жоболорунда көрсөтүлгөн коомдук багыттары боюнча иш алып барып жатабы? Албетте, бул суроого көңүл бурбаса да болот. Бирок, учур көңүл бурууну талап кылып жаткандай. Төмөндө ушул тууралуу азыноолак сөз кылсак.
 
Президент А.Атамбаевге кош канат бүтүргөн Кыргызстан социал-демократиялык партиясы учурда мүмкүнчүлүгүнүн жетишинче өлкөнүн кош тизгинин өз колуна кармап, Кыргызстанды кайдадыр жетегине алып жаткансыйт. Калкты түйшөлткөн жери кайда барабыз? КСДПчылар партиясынын аты айтып тургандай, коомдук багыты социал-демократияны куруу. Мурдагы СССРдин курамына кирген мамлекеттерде “социал” деген сөз кадимки бейпилчиликти, арзанчылыкты элестеткен өзүнчө доор болуп биздин элесибизде түбөлүккө калды. “Социал” деген сөз жашоо-шарттын деңгээлин аныктоочу термин катары колдонулса да, биз аны теңчилик жашоо-шартынын мыкты үлгүсү деп айтып жүрөбүз. КСДП партиясынын иш-аракеттери Уставында жазылган багыттарга коошпой жатканы коомго белгилүү эле болуп турат. Либерал экономиканы (ээн-эркин баш аламан өнүгүү, мамлекеттин көзөмөлү жок, күчтүүсү алсызын талкалаган) мындайча айтканда, капиталисттик ири монополисттерди жаратуучу коомду өнүктүрүп жатканын көрүп турабыз. Коом ошол үчүн баш аламан. Адамдар да башкача болуп бара жатат. Демек, капитализмдин, ушул коомдун келечеги жок десек туура болгудай. Капитализм ааламдашуу учурундагы капкан экенин түшүнгөн саясатчылар күндөн күнгө элдин жашоосун оорлотуп, мамлекеттин коопсуздугуна болгон коркунучу чоңойуп жатат. Парламенттеги фракциялар мамлекеттин башкы мүлктөрүн эч кандай эске албай, мисалы, жерди биз канткенде туура пайдалана алабыз, ири мамлекеттик мекеме, завод-фабрикалар, айыл чарбасы жөнүндө ойлонбой, өздөрүнүн бактысын өздөрү чектеп, мурдагы президенттердей кимди кайсыл жерге жумушка орноштуруп, бийликти бекемдесем деген жасалмалуулукту жаратып жатат.
 
“Республика” саясий партиясы - коомдогу аткаруу иштерин өздөрүнүн күч аракетине жараша жазып алышкан. Эч кандай социалдык жана коммунисттик деп айтпай, туура эле саясий партия деп айткандыгында кеп жатат. Демек, кандай гана партия болбосун максаты элдин жашоо-шартын оңдоо деп саналат. Виктор Гюго айткандай, “ар дайым коомдо чолок ойлорго кооз уйкаштар балдак катары кызмат кылышат”,- деген сыяктуу. Партиянын уставына дагы бир көңүл бурсак, өлкөнүн маданиятына жана тилине кам көрүү жөнүндө да айтылат. Келген жаңы өкмөттүн жана президенттин улуттук кыргыз тили жөнүндө эч кандай аракеттер болбой жатканын коом көрүп турат. Жакында Бишкектеги бир гимназиядагы окуучулардан “Кайсыл сабак силерге кызыксыз?”,- деп сурамжылоо жүргүзгөндө “кыргыз тили бизге эмне кереги бар, ал сабакты алып салгыла” деген окуучулардын сунушу эң көп түшкөн. Бул улут үчүн эң эле уят нерсе. Келечек тилден танып жатса, аларга ким кам көрүшү керек? Эмне үчүн “Республика” өз уставында жазылган орчундуу болуп турган улуттун башкы көйгөйүн колдобой жатат? Бул сыяктуу көйгөйлөр көп, аларды чын ниеттери менен оңдоону ойлобосо, анда алар өздөрүнүн жанынын жыргалчылыгы үчүн жашаган киши болуп, кыргыз тарыхында төмөн баа берилген саясатчыларынын катарында болуп кааларынан шек жок. Дагы убакыт бар, кантсе да адамды сүйлөгөн сөзүнөн, кыймыл-аракетинен кыргыздар бат эле билип коёт эмеспи. “Кишинин маңдайынан карап сөз узат”,- деп айтат. “Республика” партиясы социал-демократ дагы эмес, элдин саясий гана абалын курутуучу партия болуп калабы?
 
“Ата-Мекен” социалисттик партиясы аты айтып тургандай, социалисттик коомго жетелөөчү партиялардын алдыңкы сабында турат. Бул партиянын кылган иш-аракеттерине карап биз социалисттик жашоону элестете алабызбы? Же, Социалисттик “Ата-мекен” партия деген жазуу социалисттерди жөн гана куру сөз менен азгыруучу лозунгбу? Кооздук үчүн жазылып калганбы? Бул ойлор эмне үчүн айтылып жүрөт? Себеби, “Ата-Мекен” партиясы социалисттик жашоо үчүн балким, колунан келгенин жасап жаткандыр. Эмне үчүн бул партиянын ишеничтүү кишилери эсептелген Равшан Жээнбеков сыяктуулар коомдо жаштарды чогултуп, “биз либерал экономиканы түзөбүз”,- деп жар чакырып жүрүшөт. Өзүнүн тарыхында туруктуулугу менен эл оозунда алынып жүргөн партия үчүн бул чоң уят. Анткени, партиянын ичиндеги биримдик менен идеянын тактыгы жок болуп ишенимсиздикти жаратат. Же уставды өзгөртүп, КСДП, “Ата-Мекен” партиялары социалисттик жашоонун наамын булгабай, партиялардын уставына өзгөртүү киргизип, либерал экономика же капиталисттик деп өзгөртүп алса иштери мындан да жүрүшүп кетет беле.
 
Бул партиялар өз максаттарын так аткарбаса, Кыргызстанга ал партиялар чындыкты, улуттук-идеологиялык башкарууну, тилдин абалын, мамлекетин келечегин түзүп бере алаб?. Сын эч кимге жакпайт, бирок, сынды көтөрүп, аны жүрөк менен кабыл алып, өз катачылыгын сезүү, коомдук пикирлерге көңүл коюу - бул адамдагы эң бийик сапат болсо керек. Күчүнө ишенип, “Эмне мен жөнүндө жаман маалымат таратасың?”,- деп куугунтука алган Бакиевди да көрбөдүкпү.
 
Булак: "Майдан.kg" гезити