Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 1655

Бишкек, “Саясат.kg». Коргоо Кеңешинин отурумунда президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик бийликтин коррупцияга каршы жүргүзүп жаткан саясатын, аны менен күрөшүүнүн ыкмаларын жана жолдорун аныктап, талкууга салды.

Коррупциянын Кыргызстанга тийгизген залалын акчалай эсепке салганда, бул өнөкөт өлкөбүздү бир эле жылдын ичинде 30 миллиард сомдук жоготууга алып келгенин Кеңештин катчысы Бусурманкул Табалдиев билдирди. Мындан сырткары, учурда өлкөбүздө орун алган тымызын экономикада 130 миллиард сомго чейинки акча каражат айланып жатканын да жашырганы жок.

“Коррупция Кыргызстанды түп-тамырынан бери ээлеп, каныбызга сиңген илдет болуп калды”,- деген пикирге кошулбаган адам болбосо керек арабызда. “Жыгачтын жумшагын курт жейт, адамдын жумшагын адам жейт”, деген сөзгө, “коомдун жумшагын коррупция жейт” деп кошумча кылсак тура болчудай. Мындай дарттан кантип арылса болот, аны менен күрөшүүнүн ыкмалары барбы деги?

Барынан да кызыгы, коррупция менен күрөшүүнү коррупцияга белден батып, мамлекеттин казынасына беш саласын бирдей малып алган чиновниктердин колуна берип койгондорунда болуп жатпайбы. Бөрүгө кой кайтарткандай, бул маселеде жылт эткен жылыштарды күтсө болобу? Коррупцияга каршы күрөшүү керек  деген атка минерлердин сөзүнө кантип ишенсе болот. 20 жыл бою жеп-ичип, бюджетти тоноп, карапайым элдин эсебинен капчыктарын кампайткан адамдар бир күнү эле, уйкудан чочугансып келип, коррупцияны жок кылыаарына көз жетпейт.

«Кыргызстандын өкмөтүнүн өзү коррупцияга малынган болсо, коррупция менен күрөшүү жөнүндө кандай сөз болмок эле», деген оюн Коргоо Кеңешинин отурумунан кийин «Ата Журт» фракциясынын лидери Камчыбек
Ташиев билдирди. Анын айтымында, Президент Атамбаев коррупция менен күрөшүүгө чындап бел байлаганы билинип жатат, бирок ал аракеттер кагаз жүзүндө эле кала бербей, иш жүзүндө ашырылса жакшы болор эле. Ушуга чейин атту-баштуу аткаминерлердин бирөөсү да айыпталып, соттолгон эмес.

Кызматдарга дайындоолор дагы эле болсо таныш-билиш, тууган-урук, акчанын күчү менен бүтүп жатканын жашыруу кыйын. Демек, “коррупция өлмөк түгүл, өсүп-өнүп жатат”,- дейт Камчыбек Ташиев. Жөнөкөй, карапайым элдин арасынан чыккандардын илим-билимине карабастан бийликтин бутагына илиниши оңой эмес, бул да болсо коррупция.

Депутат Камчыбек Ташиевдин пикиринде, бүгүнкү өкмөттүн коррупцияга чыныгы каршылык көрсөтүүгө күчү да, мүмкүнчүлүгү да жок. Анткени өкмөттүн өзү коррупцияга белчесинен өйдө батып жатканы белгилүү. Өткөн жылы Өмурбек Бабановдун коррупциялык схемаларга аралышып калганы жөнүндө «Ата Мекен» фракциясы бир нече жолу айтып чыккан эле. Анан кантип ушундай күмөндөр чиновник коррупцияга каршы күрөшүүнү башкара алат.Коррупцияга каршы күрөшүү жемиштүү болушу үчүн президент мындай отоо чөптү түп-тамыры менен жулуп жок кылууга аракет кылышы зарыл. Мисалы, бүгүнкү өкүмөттү толугу менен отставка кетирип, парламенттик коалицияны кайрадан түзүп, жаңы өкмөт дайындалышы абзел. Ошондо гана коррупцияга каршы күрөштүн алгачкы кадамдары жасалды десе болот. Ага чейин, атка минерлер оң колу менен өтө чөп жулуп, сол колу менен пара алып жата бериши турган кеп.

Бирок Президенттин мындай радикалдуу кадамдарга күчү да, саясий эрки да жетер бекен? Же коррупция менен күрөшүү урааны элге арналган кезектеги «короз кант» бойдон кала береби?