Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 2098
Бишкек, “Саясат.kg”. Өздөрүн айга-күнгө канча теңебесин, чндыгын айтканда, бийлик башындагылардын абалы суктанарлык эмес. Башкасын айтпаганда да, элдик казынанын кырмычыгы гана калып, социалдык төлөмдөрдү, айлык акыларды төлөө ушу жазга жетпей чоң маселеге айланчудай. 2011-жылдын тартыштыгынын өзү эле 20 млрд. сомго жеткенинен деле көп нерсени байкаса болот. Ошондуктан, экономика жаатындагы эксперттер абалдын мындан ары кандай өңүттө өнүгөөрүн айткысы келбей, журналисттерден желмогузду көргөндөй качышууда.
 
Мындан тышкары, бийлик быйылкы кышка даярдыкты үзгүлтүккө учуратты. Ош окуясынын, 7-апрелдеги ыңкылаптагы кан төгүүлөрдүн чыныгы күнөөкөрлөрү жазасын ала элек. Азыртан эле “7-апрель баатырлары” бийликке ыдык көрсөтүп, апрелде күнөөкөрлөрдү жазалагысы келбеген аткаминерлерге катуу талап коюуга камданышууда. Аларга Ош окуясында бир тууганынан ажыраган адамдар кошулууга даяр. Ошону эске алганда, жазында абалдын курчушу толук ыктымал.
 
Бизге түшкөн маалыматка караганда, президенттик администрацияны тегеректеп жүргөн кеңешчилердин бири элди алаксытуу максатында парламентке бүт күнөөнү оодарып, таркатып, жаңы шайлоону дайындоону сунуштаптыр. Азырынча Атамбаевдин кандай чечим кабыл алары белгисиз.