Геосаясат
Реджеп Тайип Эрдоганды жактырбагандар чет өлкөлөрдө гана эмес, Түркиянын ичинде да аз эместиги 14-чү жана 28-майда өткөрүлгөн шайлоолордо көрүндү. Биринчи турда президент болуп шайланганга Эрдоганга 0,5 пайыздык добуш жетпей калса, ал экинчи турда негизги атаандашын 2 пайыздык артыкчылык менен араң жеңди.
Мындай айыгышкан теңме-тең күрөштү Борбордук Азиядагы республикалар түгүл, Россияда да элестетүүгө мүмкүн эмес. Буларда ким бийликте турса, адатта ал сөзсүз чоң айырмачылык менен утат. Элпек балдар менен кыздар кожоюн каалагандай чекти оңой эле камсыз кылышат.
14-майда президенттикке кошо парламенттик шайлоо да өткөрүлсө, анда Эрдогандын Адилеттик жана өнүгүү партиясы мурдагыдан кыйла аз добуш алды. Мурда ал партиянын өкүлдөрү парламентте көпчүлүктү түзсө, азыр улутчулдар партиясынын 50 өкүлдөрү менен бирге гана көпчүлүктү түзө алат. Бирок, Түркия мурдагы мезгилдердегидей парламенттик республика эмес, күчтүү президенттик башкаруудагы мамлекет. Демек, партиясынын бул шайлоолордо 20га жакын мандат жоготкону анын бийлигине эч кандай таасир этпейт.
Эрдоган чындыгында күчтүү саясатчы, В.Путин айткандай, ал эч кимдин алдында “куйругун шыйпаңдатпайт”. Түркиянын, атүгүл жалпы түрк элдеринин кызыкчылыктарын коргоо, өз алдынча тышкы саясат жүргүзүү үчүн кээде тобокелчилдикке барып жатканын да көрүүдөбүз. Алсак, АКШ Ф-16 учактарын Түркияга сатпай койгондон кийин ал НАТОго кирген өлкөлөрдүн баардыгынын каршылыгына карбастан Россиядан ракеталарга каршы С-400 комплекстерин сатып алды. Мурдагы президенттик шайлоодо Германиянын, Франциянын жетекчилери ал жактагы мигрант түрктөр менен жолугушууга уруксат бербей койгондон кийин ал Анкарадан мекендештерине “Европанын келечеги силерсиңер” деп кайрылды. Ал Европадагы жылдан жылга титулдук эли азайып бараткан өлкөлөрдүн жетекчилеринин куйкаларын аябай куруштурду. НАТОго кирген өлкөлөрдөн Түркия гана Россияга каршы санкцияларды колдободу, ага Венгрия да де-факто кошулду.
Эрдогандын убагында Түркиянын геосаясый таасири аябагандай жогорулады, ага Эрдогандын инагурациясына 78 өлкөдөн өкүлдөр келсе, алардын 20дан ашыгы биринчи жетекчилер болгону эле далилдеп турат. Кризистерге карабастан экономикалык кубаты да жогорулоодо. Азыр Түркиянын ИДПсынын көлөмү санкциялардан кийин кирешще булактарынын көбүн жоготкон, андан калкы 70 пайызга көп Россияныкына теңелип калды. Түркия Эрдогандын убагында дүйнөдөгү эң кубаттуу аскердик державалардын бирине айланды. Мурда Түркия курал-жарактардын 15-20 пайызын гана өзү чыгарып, калганын чет өлкөлөрдөн сатып алса, азыр 70 пайызын өзү өндүрөт. АКШнын Ф-16 истребителинен калышпаган аскердик учактарды да чыгарууда. Эгерде баллистикалык ракеталарды, атом бомбасын да чыгарса (ага техникалык мүмкүнчүлүктөрү жетишет), анда Түркия АКШ менен Россиядай эле аскердик чоң державага айланат.
Тарыхый, геосаясый өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу Түркиянын эли биримдиктин, боордоштуктун баркын жакшы билишет. Аны 14-15 кылымдарда алгач Түрк мамлекети түптөлгөндө калкынын саны 300 миңдей эле болсо, азыр 85 миллионго жеткени айгинелеп турат. Түркиянын кандай президенти болбосун башка түрк элдери бекем байланыш түзүүгө аракеттенет. Бирок, Эрдогандын убагында ал артыкчылыктуу саясатка айланып, эң жогорку деңгээлге чыкты. Сириядагы түркмөндөрдү коргоо үчүн Россия менен кагылышып кете жаздады. Мурдагы Югославияга кирген мусулман өлкөлөрү Түркиянын ачык колдоосу менен көз карандысыздыктарын сактап калышты. Азербайжан анын жардамы менен оккупацияланган аймактарын бошотту. Бирок, “Себатты” “Сапатка” айландырганы, биротоло жойбогону үчүн Эрдогандын Кыргызстан, Казакстан, өзүнчө материкке айлангысы келген Түркмөнстан менен мамилелери салкыныраак экени да чындык. Ал көрүнүш акырындап жумшарып, Эрдоган көп кайталагандай, бир туугандык жолго түшөрүнөн шектенбесе да болот.
Акыркы жүз жылдын ичинде Түркияны Эрдогандай эң көп башкарган эч ким болгон эмес. Ошондон улам, анан чечкиндүүлүгү үчүн аны Батыштагылардын айрымдары “султан” дешет. Бирок, Түркиянын гана эмес, жалпы түрк элдеринин кызыкчылыктары үчүн жаралган султан экени чындык. Алдыдагы беш жылда түрк тилдүү мамлекеттердин байланыштарын бекемдеп, интеграциялык процесстерди күчөтүү үчүн ал баардыгын жасайт. Бизге анын ошол сапаты жагат.
Булак: “Майдан.kg” гезити