Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 305

Борбордук Азиядан барган эмгек мигранттарынын арасынан жарандык алгандар көбөйбөсө, элдин азаюусу жогоруда айтылгандан кыйла көп болмок.

Россиянын президенти В.Путин өлкөнүн мамлекеттик миграциялык саясат боюнча Концепциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Жарлыкка кол койду. Ал негизинен Россиядан кетип жаткан жарандардын агымын азайтууга, ошол эле мезгилде чет өлкөлөрдүн жарандарын Россиянын аймагындагы иштерге тартууну уюштуруунун масштабын кеңейтүүгө багытталган.

Россия азыр кезектеги демографиялык кризиске кирди. Мындай дегенибиздин себеби, Россиянын бирде демографиялык абалы аздыр-көптүр жакшырса, кайра эли табийгый түрдө азая баштоосу адатка айланып калган. Россиянын калкы 1990-жылдардын башталышынан 2006-2007-жылдарга чейин азайып келсе, андан кийин көбөйө баштаган болчу. Азыр кайрадан азаюу жолуна түштү. Акыркы үч-төрт жылдан бери жылына 500-600 миңге азаюуда. Эгерде Крым, Луганский, Донецк облустарынын жарандары массалык түрдө Россиянын паспортун алышып, Борбордук Азиядан барган эмгек мигранттарынын арасынан жарандык алгандар көбөйбөсө, элдин азаюусу жогоруда айтылгандан кыйла көп болмок.

Азыр 1990-жылдардагы экономикалык кыйынчылыктардан улам эң аз төрөлгөн муундагылар репродуктивдүу куракта (бала төрөгөнгө жарактуу) болушууда. Төрөлүү азайып кеткендиктен өлгөндөрдүн ордун жаба албай эл азаюуда. 2022-жылдын 24-февралында башталган чектелген аскердик операциядан улам аскердик курактагылардын арасында сыртка качкандар кескин көбөйүп, көйгөйдү андан бетер татаалдантууда. Азыр орто эсеп менен 1,5-2 миллионго жакын адам чет өлкөлөрдө башпаанектеп жүрүшөт. Өткөн жылы Кыргызстанга Россиянын 649919 жараны кирсе, алардын 62123ү чыгып кетип, 29 миңге жакыны бизде калып калыптыр.

В.Путиндин Жарлыгында өлкөдөгүлөрдү сыртка чыгарууну азайтып, сырттан келгендердин туруктуу калууларына көмөктөшүү үчүн каржылык, социалдык жана башка механизмдерди түзүү каралган. Азыр Россиянын федералдык бюджетиинин төрт айдагы таңсыктыгы 3,4 триллион рублге жеткен учурда, ал чараларды ишке ашыруу эң эле кыйын. Ал эми Борбордук Азияда, Кавказдын айрым республикаларында азыркыдай динамикалуу көрүнүш сакталып турган учурда сырттан эмгек ресурстарын тартуу маселе эмес. Ал аймактардагы жумушсуздар Россияны каптап бара беришет. Бирок, алардын басымдуу көпчүлүгүнүн кесиптери жок болгондуктан ал жактан качып кеткен адистердин орундарын толтура алышпайт. Чектелген операция башталгандан кийин Россиядан 100 миңден ашык айтишниктер чыгып кетишкен.

н жарандарына карата кандай чараларды көрүшөт, ал алардын өздөрүнүн ички иши. Мамдуманын айрым депутаттары андайларга 200-500 миң рубль айып пул салып, 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жөнүндө мыйзам долбоорун киргизишкен менен ал кабыл алына элек. Россияда эмгек ресурстарынын кескин азаюусу биздин эмгек мигрантарыбызга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканы талашсыз. Андан пайдаланып калышса, алардын социалдык позициялары кыйла жакшырып, кирешелери артмак.

Бирок, Россиянын Мамдумасынын айрым депутаттары, Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин баштаган айрым чиновниктер Россиянын жарандыгын алган азиаттар биринчи кезекте Украинадагы чектелген операцияга катышып, мекенчилдиктерин далилдеши керек деп жатышканы тынчсыздандырат. Россиядагы айрым улутчул саясатчылар жарандыктары бар тажиктерди, өзбектерди, кыргыздарды, азбербайжандарды, казактарды ж.б. буряттар менен дагестандыктардай биринчи кезекте согушка айдап киргизип, өздөрүнүн түпкүлүктүү тургундарын сактоону көздөшүүдө. Эгерде андай пландарын ишке ашырууга киришсе, Россиянын жарандыгынан массалык чыгуулар башталып, жаңыдан жарандык алууну каалагандар кескин азайып, андай көрүнүштөрдөн, операциялардагы жоготуулардан улам Россиянын калкынын азаюусу азыркыдан 2-3 эсеге көбөйүп кетүүсү да ыктымал. Андай процесстер тездеп кетсе, Россия кайра чыга албай турган сормо саздуу демографиялык аңга түшүп кетүүсү да ыктымал.

 

Мирлан ДҮЙШӨНБАЕВ, Булак: “Майдан.kg” гезити