Печать
Категория: Алдын ала талдоолор
Просмотров: 1752

Бишкек, “Саясат.kg”. Эл үчүн камактагы саясатчылардын тагдыры кызыксыз болуп калыптыр...

Кайсы бир жылдары биз Чолпон Жакупованы терең билимдүү, ушак айтпаган, фактыга таянып сүйлөгөн укук коргоочу катары таанып, өзгөчө сый-урмат менен мамиле кылчубуз. Бирок, ар дайым саясаттын казанында кайнап, кимдир-бирөөнүн чоорунан чыккан үнгө бийлеп көнгөн адамдарда карыган сайын “старческий маразм” пайда болуп калат турбайбы. Акыркы кезде “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова да калпты көп ышкыртууга өтүп алды. Батыштын каржысын алыш үчүн адам баласы ишениши кыйын нерселерди айтып, башты оорутууда.

Чолпон айымдын кезектеги калпы сөзүнө ишене турган болсок, “Кемпир-Абад иши” боюнча камакка алынган активисттердин четинен боштондукка чыгып жатышына АКШ себепчи болгон имиш.

“- Кемпир-Абад ишине Вашингтон, Брюссель ж.б. европалык институттар дыкат көңүл бурууда. Анткени, бул иш боюнча күнөөлөнүп жаткан адамдарга карата одоно процессуалдык мыйзам бузуулар көп. А иштин өзү укук коргоо жана сот системасына ачык мүнөздөмө берип турат, алар өтө саясатташтырылган жана көз каранды. Ошондуктан, баары кунт коюу менен байкоо салып жатышат.

Акылбек Жапаровдун АКШга сапарынын, ошондой эле Блинкендин КР ТИМ башчысы менен жолугушуусунун акыркы кездердеги Кемпир-Абад иши боюнча чечимдерге кандай тийешеси бар экенин так айтуу кыйын. Бирок, Вашингтон бул маселе боюнча терең тынчсыздануусун башынан бери билдирип келе жаткан. Дегинкиси, мен өлкөдө мыйзамдуулукка жооп берген адамдардын чечимдерди кыргыздардынбы, американынбы же Брюсселдинби “Ак үйлөрүнүн” кысымына карабастан, өз алдынча, Конституцияга ылайык кабыл алышын каалайт элем. Өз алдынча чечим кабыл алганга үйрөнүш керек.

Сөз эркиндиги жана Кемпир-Абад иши Блинкендин жолугушуусунда талкууланган. Эмне дей алам: оо, Кудай, Кыргызстандагы адам укуктарынын бузулушуна кыргыз бийлигине караганда көбүрөөк ойлонгон Американы сактай кой!”,- дейт Ч.Жакупова.

Парламентте кайсы бир депутат: “Кемпир-Абад боюнча иш эмне болуп жатат?”- деген суроо узатканда, башпрокурор Курманкул Зулушев абдан таамай жооп берди: “Кемпир-Абад боюнча эч кандай иш жок. Бийликти күч менен басып алуу боюнча иш козголгон”. Эгерде Жакупованын эсиде жок болсо, баса белгилеп коюу керек – мына ошол камалган активисттердин, саясатчылардын элди козутуу максатында кандай план куруп чыгышканы аудио-видео сүйлөшүүлөрү аркылуу толук далилденген. Кемпир-Абад аларга шылтоо гана болгон. Алардын баш дирижеру Азимбек Бекназаров учурунда Үзөңгү-Кууш маселесин көтөрүп чыгып, элди дүрбөтүп, жыйынтыгында аксылык алты азамат окко учуп, активист Шерали Назаркулов ачкачылык кармап, каза тапкан (кийинки тарых көрсөткөндөй, Кытай менен чек араны тынчтык жолу менен чечип алганыбыз жакшы болгон экен). Мындан кыргыз революцияларынын “бульдозери” сабак алган жок. Ал дагы элдин сезими менен ойногонду туура көрүп, чек ара боюнча чыныгы сүйлөшүүлөрдү бурмалап, “ата-бабалардан бери кыргыздыкы болуп келаткан” жерлердин “кетип жаткандыгы” боюнча жалган маалымат таркатуу менен элди көтөргүсү келгенин кантип танууга болот? Р.Жээнбеков, К.Сооронкулова, Р.Карасартова, М.Абылов, Б.Асанов, К.Кадыров ж.б. саясатчылардын илгертен жеп көнгөн наны дал ушул – революция уюштуруу экенин эл билбейт дешеби?

Мунун баарын Чолпон Жакупова абдан жакшы түшүнөт, ал азыр “Кыргызстандагы адам укуктарынын бузулушуна күйөт”- деп мактаган АКШнын чыныгы максаты – аймакта ызы-чуу, согуштук сүрөөн салуу, чаңытып-козутуу, өзүнө көз каранды кылуу экендигин да мыкты билет. Бирок, акча дегенде ата-журтун сатып көнүп калгандыктан, бийликтин Орозо айында кечиримдүү болуп, Кемпир-Абад боюнча кармалгандардын бир тобун ден-соолугуна байланыштуу түрмөдөн чыгарып койгонун да Америкага жазып, арзан пиар жасап жатат. Эми карылык да, кандай дөөрүсө да айла жок. Анын кезектеги калпы, жөө жомогу катары кабыл алынат.

Кечээ камактан М.Абылов, К.Сооронкулова, А.Сасыкбаева, У.Маматаев, Т.Мадаминов, Ч.Капаров, Г.Журабаева бошотулду. Буга чейин П.Суранова менен О.Нарматова чыгарылган. Бийликтин гумандуулукка ык койгонун эске ала турган болсок, камактагы күнөөсү жеңил башка активисттер дагы үй камагына чыгарылышы мүмкүн. Бирок, кызыгы, активисттердин жоон тобу бошотулса да, муну туугандарынан башка өзгөчө сүйүнүч менен кабыл алган деле адам болбоду. Элге ар дайым будуң-чаң салгандан башканы билбеген саясатчылардын тагдыры деле кызыксыз болуп калыптыр. Эл чындап Астанада күрөшүп жаткан уул-кыздарыбызды сүрөп жатты...

Тема: