Бүгүнкү кыргыз мамлекетиндеги эң орчундуу маселелердин бири - чек ара маселеси экендиги талашсыз. Жыл башындагы Сох чатагы муну ачык-айкын көрсөттү. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда чек ара көйгөйлөрү кандайча пайда болууда, алар кандайча чечилүүдө жана аларды чечүүнүн жолдору жөнүндө Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы чек ара кызматынын төрагасы, генерал-лейтенант Токон Мамытов, Баткен облусунун экс-губернатору Мамат Айбалаев, өкмөттүн делимитация жана чек араны өркүндөтүү комиссиясынын жетекчиси Курбанбай Искандаров жана ИИМдин кызматкери, подполковник Жоробай Абдыраимовдор маек курушат.
Жаз жакындаган сайын "үчүнчү революция болот экен"- деген "имиш-имиштер" көбөйүп, ал түгүл "... Бекназаровду камагыла..., жайлагыла.."- деген талаптар, "... керек болсо Бекназаровду аттырып салабыз.., тигинтип жиберебиз, антебиз, минтебиз"- деген жабык эшик артындагы сөздөр, пландар ачыкка чыга баштады.
Мыкты мамлекет деген түшүнүккө 3 критерийди киргизээр элем. Биринчиси - укуктук, экинчиси - жарандарына ыңгайлуу шарт түзгөн, үчүнчүсү - өнүккөн же өнүгүп аткан мамлекет. Эмне үчүн кээ бир мамлекеттер мыкты мамлекеттердин катарында, ал эми айрым мамлекеттер жакыр, жарандары мекенин таштап, башка өлкөлөргө кеткен жана социалдык-экономикалык кыйынчылыктардан башын көтөрө албаган абалда?
Айтылуу Азимбек Бекназаров маалымат жыйынын өткөрүп, 16 миллиондун айланасындагы жагдайларды тактап, журналисттерге ошол акчанын дайын-дареги камтылган документтердин көчүрмөсүн берген эле.
Шайлоого саналуу күндөр калды. Партиялар үгүт иштерин дээрлик аткарып болушту, алдыда жолугушуулар, жана теле, радио кайрылуулар калды. Негизинен, Бишкеке ким мэр болору да түшүнүктүү болуп калды.
Ушул убакка дейре кыргыз тилинин абалы, өзөктү өрттөгөн көйгөйү туурасында, эмне деген кабырга кайыштырган нечендеген ой-пикирлер, сунуштар, талаптар айтылып, жазылган жок. Бул маселе бүгүнкү күндө да күндүн күрөө тамыры болуп турат.