«Ата Мекен» фракциясынын бүгүнкү жыйынында депутат Өмүрбек Абдрахманов УКМК төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев ал тууралуу «Максим менен Бабановдун сүйлөшүүсүн таратты» деген билдирүүнү ММКларга бергенин жана ал сүйлөшүүнү Дүйшөбаев өзү жаздырганын айтты. «Мен жөнүндө жалган маалымат айтты, фракцияга чакырып сураш керек», - деди ал.
 
Натыйжада, бул боюнча К.Дүйшөбаевди кийинки жыйынга чакыруу чечими чыгарылды.
 
Баракелде
 

 Жалал-Абад шаарындагы «7-каналдын» алдына Сузак, Базар-Коргон райондорунан бир нече адамдар келип, Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Ташиевдин кол тийбестигин алуу боюнча көрүлүп жаткан аракеттерге нааразычылыктарын билдиришүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы Орозалы Карасартов маалымдады.
 
Чогулгандар азыркы бийлик бир учурда Ө.Текебаевди куугунтуктап, Жалал-Абад шаарындагы «Сентябрь» телеканалын жаптырган саясатты улантып К.Ташиевди куугунтуктап, «7-каналды» жаптыруу аракетин көрүп жаткандыгын билдиришип, бул - саясий буйрутма экенин айтышты.
 
Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылынан келген эмгек ардагери Таштемир Давлетовдун айтымында, бийлик бул кадамдары менен К.Ташиевге бут тосуп жатат. «Былтыркы июнь окуясында алдын албагандыгы үчүн бийлик өзү жоопкер жана башкарууга укугу жок», - деди ардагер.
 
Ошондой эле, ал К.Ташиевди чындыкты айткандыгы үчүн куугунтуктап жатат деп, ага каршы Б.Сулайманов жана башкаларды бийлик уюштуруп жатат, деди.
 
Мындай пикирлер менен күн сайын областтын тургундары кайрылып жатканын «7-каналдын» кызматкерлери да маалымдашты, деп кошумчалайт кабарчы.
Баракелде
 

Бул тууралуу “Ата Журт” фракциясынын лидери, депутат Камчыбек Ташиев “Азаттыкка” билдирди.

Башкы прокурор Аида Салянова “Ата Журт” фракциясынын жетекчиси Камчыбек Ташиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн анын кол тийбестик макамын алууга макулдук берүү жөнүндө сунушун Жогорку Кеңешке жолдогон. Бул маалыматты 14-июнда аталган органдын басма сөз кызматы тастыктаган. Ташиев муну алдыдагы президенттик шайлоого катыштырбоо максатында саясий буйрутма болгон деп баалап жатат.

Маалыматка ылайык, Камчыбек Ташиевге "кесиптеши Бахадыр Сулаймановду урду" деген айып боюнча кылмыш иши козголгон. Депутатка бейбашчылык боюнча айып тагылууда. Башкы прокуратуранын сунушу парламенттин регламентине ылайык күн тартибине коюлуп, каралмакчы.
Азаттык
 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты,
“Ата-Журт” фракциясынын лидери
Камчыбек Ташиевдин
 
 
Кыргызстандын калкына кайрылуусу
 
Урматтуу Кыргызстандын эли!
 
2010-жылдын апрель жана июнь айларында орун алган кандуу окуялардын бир да күнөөкөрү саясий, укуктук жагынан али күнчө жоопкерчиликке тартыла элек. Бишкектин борбордук аянтында, Ош менен Жалал-Абадда жүздөгөн адамдар курман болушту. Ошого карабастан, Р.Отунбаева башында турган бийлик күнөөлүүлөрдү издебөөгө чакырышууда.
 
Акыркы учурларда мен карапайым адамдар, кыргыз, өзбек, орус, тажик ж.б. көптөгөн улуттардын өкүлдөрү менен ондогон жолугушууларды өткөздүм. Ата-Журтубуздун бардык аймактарын кыдырып чыктым. Ошол жолугушууларымда эл апрель жана июнь окуяларынын күнөөкөрлөрүн таап, жазалап, акыйкаттуулуктун орнотулушун талап кылууда. Алар бийликте тургандардын бул маселеге келгенде бечелдигин баса белгилеп жатышат.
 
Жүз миңдеген мекендештеримдин бул акыйкаттуу талабын мен парламент олтурумунда ачык айтып чыктым. Жооп катары бийлик Акаев менен Бакиевдин ыкмасын колдонуп, жок жерден кылмыш ишин токушту. Булар дал ушундай жол менен коомчулуктун көңүлүн 2010-жылдын каргашалуу окуяларынан башкага бургулары келип жатат.
 
Себеп дегенде, булардын чындыкты айтууга эрки жетпейт. Коркушат.
 
7-апрелде аларга ишеним артып, Бишкектин көчөлөрүнө жана аянтына чыккан адамдарды сактап кала албагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып калуудан коркушат.
 
Кыргызстандын түштүгүндө орун алган кандуу окуялардын чыныгы жагдайлары ачыкка чыгып кетишинен коркушат.
 
Анан да, алар менин президенттик шайлоого катышып, эл колдоп, өлкөбүздө чыныгы өзгөрүүлөр болуп кетишинен коркушат. Себеп дегенде, мен мамлекетибизди кантип аңдан сууруп чыгып, гүлдөгөн өлкөгө айлантуу жолун жакшы билем.
 
Менин терең ишенимимде, эртедир-кеч 2010-жылдын апрель жана июнь окуяларынын чыныгы күнөөкөрлөрү өз жазасын алат. Булар учуру келгенде көз жашын көлдөтүп да болсо элден кечирим суроого мажбур болушат.
 
Мага түшкөн маалымат боюнча, өлкөбүздүн ар кайсы аймактарында мени колдоо акциялары башталганы жатыптыр. Ушуну уккандыктан, урматтуу Кыргызстандын эли, сиздерге кайрылууга мажбур болдум. Ансыз деле өлкөдө стабилдүүлүк араң орноп келатканда, дагы бир ызы-чуунун Кыргызстанга кереги жок. Баары мыйзам чегинде болушу керек. Сиздердин ниетиңиздер ак болгону менен, мындан башка күчтөр пайдаланып кетиши мүмкүн. Ошондуктан, провокациядан алыс болууга чакырам. Бул маселени мен мыйзам жүзүндө чечүү аракетин көрүүдөмүн. Өзүмдүн таза экендигиме ишенем, ошон үчүн адилеттүүлүктүн орношуна көзүм жетет!
 
"Ата-Журт" партиясынын пресс-борбору

 

 
Айылдын бюджетине өзгөчө көңүл бурулат. Бул тууралуу маалымдаган депутат Акылбек Жапаров,- «Ар бир айыл өкмөтүндө калк саламаттыгына жооп бере турган өзүнүн башкы врачы, мал-жандыгын караган ветврачы, тартип сакчылыгын тескеген аймактык милициясы болушу керек»,- деп билдирди.
 
Эгерде, депутаттар колдоп бере турган болсо, келе турган жылда микрокредиттик компанияларды ачуу жагы да караштырылууда. Бул үчүн жылына 2 млн. сомдон бөлүнүп берилет,- деп кошумчалайт депутат.
 
                                                                           
                                                                    КР ЖК Басма сөз кызматы
 

 
Кечээ, 14-июнда, Астана шаарында өтүп жаткан ШКУнун мааракелик саммитине катышуусунун алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда бир тууган эки өлкөнүн эки тараптуу жана көп форматтагы кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды. Президент Роза Отунбаева Н.Назарбаевге Казакстандын былтыркы жылы көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. Кыргызстан үчүн кыйын болгон 2010-жылда Казакстан жалпы жонунан 20 млн. доллардан ашык өлчөмдө жардам көрсөткөндүгү белгиленди.

Тараптар экт тараптуу мамилелердин динамикасы жакшы экендигин канааттануу менен белгилеп, ушул айдын аягында өтө турган эки өлкөнүн премьер-министрлеринин деңгээлиндеги өкмөттөр аралык комиссиянын ишинин күн тартибине киргизиле турган бир катар маселелерин талкуулашты.

Мамлекет башчылары Н.Назарбаевдин ушул жылдын август айында Кыргызстанга боло турган иш сапарынын, ошондой эле ушул эле күндөрдө Бишкекте өткөрүү пландаштырылып жаткан Кыргызстан менен Казакстан мамлекеттер аралык кеңешинин отурумунун күн тартибинин маселелерин талкуулашты.

Кыргызстанда күзүндө өтө турган президенттик шайлоолорго кайрылып, Н.Назарбаев алар демократиялуу, акыйкат жана айкындуулук шартында өтө тургандыгына ишенимин билдирди.

Экономикалык кызматташтыкты активдештирүү маселелерин талкуулоо учурунда Н.Назарбаев казак бизнесинин Кыргызстандын экономикасына инвестициялоого жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга катышууга кызыкдарлыгын билдирди.

Президент Роза Отунбаева инвестициялык кепилдиктерди камсыз кылуу маселелерин кароого даяр экендигин белгилеп, Кыргызстанда жагымдуу инвестициялык климатты түзүү боюнча көрүлүп жаткан чараларга токтолду.

Маек учурунда тараптар Казакстандын Кыргызстандын экономикасына инвестициялоо максатында 100 млн.долларлык каражаты бар инвестициялык фондуну түзүүсүнө байланышкан маселени да талкуулашты.
Жолугушуунун аягында ШКУ саммитине келген мамлекет башчылары үчүн ШКУнун 10 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу концерт тартууланды.

Кечинде Роза Отунбаева Президент Н.Назарбаевдин атынан ШКУнун мааракесине байланыштуу уюштурулган салтанаттуу кабыл алууда болду.

Эртең, 15-июнда, мамлекет башчысынын ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин отурумуна катышуусу күтүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Президентинин пресс-кызматы
 

 

Бүгүн Кемин шаарында Бишкек - Кытай стратегиялык кан жолун куруп жаткан кыргызстандык жарандардын арыздарына байланыштуу жыйын өтөт.

13-июнда “Синцзянь Бейсин” аттуу жол куруучу компанияда иштеген 50 чакты кыргызстандык курулушчу нааразылык акцияга чыккан. Алар укуктары одоно бузулуп жатканын айтып даттанышкан болчу.

Бул иш боюнча жергиликтүү бийлик менен Байланыш жана транспорт министрлигинин өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүлүп, иликтеп, укук бузулган жагдайлар бар экенин аныктап чыкты.
Азаттык
 

 

 

 

 
Бул тууралуу 14-июнда Астанада Кытайдын төрагасы Ху Цзинтао кыргыз президенти Роза Отунбаева менен Шанхай Кызматташтык уюмунун саммитинин алкагындагы жолугушууда билдирди.

Президент Отунбаева кытай төрагасына июнь коогасынан кийин көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык айтты. Президенттин маалымат кызматынын билдиришинче, тараптар жолугушууда Кыргызстандагы унаа жолдорду оңдоо жана куруу боюнча ири долбоорлор тууралуу пикир алмашты. Ош шаарында Кытайдын башкы консулдугун, ал эми Гуанчжоу шаарында Кыргызстандын башкы консулдугун ачууну макулдашты. ШКУнун Астана саммити бүгүн аяктайт.
Азаттык
 

 

 

Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек айылында 12-июнь күнү катуу жамгыр жааганга чейин аталган айылдын тургундары 19 жаштагы Таабалдиев А.Т. жана 16 жаштагы Тайырбек уулу Ш. Кулан жайлоосуна малдары карап келүү үчүн чыгышып, үйлөрүнө кайтып келген эмес.
 
ӨКМнин басма сөз кызматы маалымдагандай, министрликтин Баткен райондук бөлүмүнүн башчысы баштаган топ издөө ишин жүргүзүп, Орто-Сай сел каналынан эки баланын сөөгүн табышкан. Самаркандек айыл округунда эки баланын жоголгондугуна байланыштуу селдин кесепеттерин жоюу иштери болгон жок.
 
Лейлек районунун Чимген айылында сел кесепетерин жоюуга ӨКМнин 3-ИКОнан 15 куткаруучу, райондук мекеме ишканалардан 105 адам, 2012-чек ара аскер бөлүмүнөн 30 жоокер жана ЖЭМ-13 1 даана эксковатор, 2 даана самосвал, «Ак-Жол» ЖАКнан 1 даана эксковатор, 1 даана самосвал, 3 даана менчик самосвал, 2 даана менчик эксковатор тартылды. 42 турак жай, 1,4 чакырым ички чарбалык жол жана 1,6 чакырым ички чарбалык арык тазаланды.
 
«Арча-Бешик» бала бакчасын тазалоого ӨКМнин 74-ӨБ 1 даана Зил-130, 5 адам жана жергиликтүү калтан 35 киши тартылды.
 
Бешкент айыл округунун Эскиоочу айылында сел кесепетин жоюуга 12 адам айылдык куткаруу
командасынан жана 29 адам жергиликтүү калктан тартылган. 4 турак үй, ички чарбалык жолдун 0,8 чакырым аралыгы, ички чарбалык арыктардын 1 чакырым аралыгы тазаланды.
 
Маргун айылы. Сел кесепетин жоюуга 8 адам айылдык куткаруу командасынан, 35
адам жергиликтүү калктан жана ЖЭМ-13төн бульдозер тартылган. 6 огород, ички жолдун 6 чакырым аралыгы, ички суу кетүүчү арыктардын 0,6 чакырым аралыгын сел калдыктардан тазаланды.
 
ЖЭМ-13 ишканасы тейлеген унаа жолдун маалыматы боюнча, Ош-Исфана унаа жолунун 339-340-чакырымынын көпүрөгө жакын жерин сел жууп кеткен, 296-299 чакырымынын беш жеринен кум шагылга толтурулган жана Исфана-Жаркыштак унаа жолунун 0-чакырымынан 8-чакырымына чейин жолду калыбына келтирүү иштерин 1 даана грейдер, 1 даана жүктөгүч жана 6 адам жүргүзүүдө.
 
Сүлүктү шаарында 125 м аралыктагы «Карабулак-Сүлүктү жана Карабулак-Кошбулак»
шаарчасына суу кетүүчү 300 мм темир трубасын Аламду учаскасында түзөтүү иштерин, 1 даана эксковатор, 1 ширетүүчү апарат 12 метр диаметри 300 мм темир труба жеткирилип, 8 адам жумушка тартылды.
 
Макаевская жана Шахта-6 көчөсүндө 1-Тоо кен сактоо взводунун курамы үч үйдү тазалап бүтүрдү. Студент көчөсүндө 3-ИКО куткаруучулары 9 үйдү жана 9 үйдүн тамаркасын сел калдыктарынан тазалады, ошондой эле Макаевская көчөсүндө поезд жолунун ылдый жагында 150 м унаа жолду толугу менен тазалап транспорт каттамына жол ачылды. Ички жолдун 500 м арлыктагы ар түрдүү көлөмдөгү таштарды кум шагылдарды 1 погрузчик, 1 самосвал, 1 бензавоз – ГАЗ-53 15 адам тазалоо жумуштарын жүргүзүүдө. Жабыр тарткан 5 үй бүлөгө 7 комплект чатыр берилди.
 
Жаныбарларды коргоо кызматынын кызматкерлери тарабынан Джураев, Жолбаев, Токтогул, Макаевская, Шахта-6, көчөлөрүндө изилдөө жумуштары жүргүзүлүп, 36 баш майда мүйүздүү жана 2 баш ири мүйүздүү өлгөн мал жандыктардын тарпы көмүлдү. Шаардык санэпидемиялык кызматкерлери тарабынан 97 үйлөр, 104 тамаркалар дезинфекцияланды, өзгөчө кырдаалдар комиссиясы иликтөө жумуштарын улантып жатат.
Селдин кесепетин жоюуга тартылгандар: ПЧ- 52 ден ЗИЛ -130 АС -40 жана 4 адам, 15 жоокер 3-ИКО КР ӨКМ, ОМГСВ ден 8 адам, самосвал ГАЗ -53, ГАЗ -66 жана ишкана мекемелерден 115 адам, жергиликтүү элдерден 410 адам.
 
Облус боюнча материалдык чыгым 199 млн 670 миң сомду түздү.
Баракелде

 

 

Өлкө аймагында 15 миң баатыр эне бар. Алардын басымдуу бөлүгү пенсия жашындагылар. Калган бөлүгүнүн иштээрге дээрлик жумушу жок болгондуктан, аларга каражат жагынан колдоо көрсөтүү демилгеси ЖК депутаттары тарабынан көтөрүлүүдө. Бул тууралуу маселеге парламенттин Саламаттык сактоо, социалдык саясат, эмгек жана миграция боюнча комитети бүгүнкү,14-июндагы жыйынында кайрылды.
 
Талкууга коюлган "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча баяндама жасаган депутат Дамира Ниязалиеванын айтымында, баатыр энелердин пенсияларына ай сайын 1000 сомдон кошумча каражат төлөнүп берилет. Мындай керектөөлөрдү жабууга 2011-жылы 180 млн. сом жумшалат.
 
Баатыр энелер буга чейин пенсия чектетүү үчүн   акимчиликтен, соцфонд, укук коргоо органдарынан тартып Өкмөткө чейин кайрылып, тиешелүү кагаздары жыйнап убара тартып келишкен. Эми болсо,   кошумча каражатты алуу боюнча пенсия чектетүү үчүн соцфондго эле кайрылуу жетиштүү делет.
 
Бирок, сунушталып жаткан мыйзам долбооруна Өкмөттүн позициясын билдирген Каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошевдин айтымында, мыйзамда көрсөтүлүп жаткан 1000 сомдун ордуна 700 сомдук чектөө ылайык болот. 
 
Эгерде, 1000 сомдук кошумча каражат деп каралса, анда бюджеттеги бөлүнгөн 180 млн. сомду толуктоого дагы 63 млн. сом табуу зарылчылыгы жаралат.
 
КР ЖК Басма сөз кызматы
 

 

 

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси Талант Конокбаев  “Азаттыкка” билдирди.  Конокбаевдин билдирүүсүндө, баш прокурор Аида Салянова “Ата-Журт” фракциясынын жетекчиси Камчыбек Ташиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн макулдук берүү жөнүндө сунушун Жогорку Кеңешке жолдоду.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, депутат Камчыбек Ташиевге бейбашчылык боюнча айып тагылууда. Бул тууралуу Баш прокуратуранын басма сөз кызматы бир аздан соң кененирээк маалымат таратаарын билдирди.
 
Азаттык

 

Азимбек Бекназаров менен болгон кыскача маек «Алиби» гезитинин 14-июнда чыккан санында жарыяланды
 
- Жогорку Кеңештин депутаттары жаңы шайлана турган президентти Ошко көчүрмөй болушту. Буга сиздин пикириңиз?
 
- Бийликтин бир бутагы Ошто болуш керек. Түштүк аймакка президенттин эмес, парламенттин көчкөнү туура болот. Анткени, социалдык-экономикалык көйгөйлөр ал жакта көп болуп жатат. Депутаттар анда-санда барышып, берген убадаларын унутуп коюшат. Азыркы шартта президенттин көчкөнү оңоюраак, аппарат эле жылдырылат. Ал эми парламентти көчүрүүгө көп каражат кетет. Бирок, келечекте парламент дагы көчүрүлүшү керек. Түштүктө иш орундары пайда болот.
 
- Стратегиялык маанилүү мамлекеттик органдардын Ош шаарында жайгашуусу кооптуу экенин серепчилер билдиришүүдө, сиз буга кандай карайсыз?
 
- Сталин деле согуш убагында Москваны таштап кеткен эмес. Түштүк жергеси азыр эң оорулуу, аялуу аймак болууда, мамлекеттик жетекчилердин болушу шарт. Мейли Коргоо министрлиги, коопсуздук комитеттер бул жакта кала берсин. А бирок, президент менен парламенттин Ошто болушу эч кандай маселе жаратпайт.
 
Баракелде
 

Президент Роза Отунбаева Жогорку Соттун Конституциялык палатасы тууралуу мыйзамга кол койду. Конституциялык палата Конституциялык соттун ордуна түзүлгөн жаңы орган болуп эсептелет.
 
Палатанын курамы: төрага, төрага орун басары жана жети сот болуп 9 соттон турат. Эгер бул соттордун үчтөн бири чечим кабыл алса Конституциялык палатанын чечими күчүндө болот. Конституциялык палатанын сотторунун талапкерлерин президент көрсөтүп,  Жогорку Кеңеш тарабынан шайланат. Мыйзам 2011-жылы 12-майда кабыл алынган.
Азаттык
 

 «Ар-Намыс» партиясы коалицияга кошулса, атактуу «Каттани» ылакап аты бар Өмүрбек Суваналиев Ички иштер министрлигин жетектээри бышыкталып калды, деп жазат «Фабула» гезити 14-июнда чыккан санында.
 
Андагы маалыматка таянсак, уюшкан кылмыштуулукка каршы айыгышкан күрөштү мыктылап баштап берген Зарылбек Рысалиевдин ээлей турган кызматы азырынча такталып аткан экен. «Феликс Кулов менен «Бириккен фронтто» бирге жүрүп, кийин да ийиндеш болуп чогуу жүргөндөр эми минтип ээрге мингени турушат.
 
 «Желим» генерал атыккан Феликс Куловго караганда генералдык атак-даңкын жогору сактап келе жаткан Өмүрбек Суваналиев чынында бул кызматка татыктуу. Илгери үч вагон курал-жаракты кылтакка илип, Акаев баш болгон айлакер шумпайлардын бетин ачып сала жаздаган. Рыспек Акматбаев Ала-Тоо аянтына акция өткөрүп атканда, Бакиев менен Кулов айласын таппай, калтырап калганда да кайран Каттани эбин таап, митингчилерди эки саатта Ала-Тоодон айдап чыккан жайы бар», деп жазылган гезитте.
 
Баракелде
 
 

Ош окуясынын бир жылдыгына карата түштүк жергесинде «Санпа» коомунун жанында өткөн жолугушуу учурунда аталган коомдун төрагасы Сырдаш Мамарасулов Өмүрбек Текебаевге, «эй Өмүрбек, сен кайсы бетиң менен келип отурасың, эркек болсоң мандатыңды тапшырып кетип кал!» - деп, ачуу сөздөрдү айтканы, Текебаевдин унчукпастан угуп турганы айтылган, деп жазылган «Фабула» гезитинин 14-июнда чыккан санында.
 
Бирок, ал маалыматты Жалал-Абад облусунун губернаторунун орун басары Кадыр Жакыпов жокко чыгаргандай болгон. Чындыгында, Өмүрбек Чиркешовичке андан дагы ачуу сөздөр айтылганын ал жакка барып келгендер айтышты. Алардын айтымында, «Ата Мекендин» лидеринин акыркы кездердеги аракетине өзүнүн базар-коргондук жердештери аябай нааразы болушуп, партиясынан оптомунан чыга башташыптыр, деп жазылган гезитте.
 
Баракелде
 

 Бүгүн Ошто Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Жолдошеваны колдоо тобу журналисттер үчүн атайын маалымат жыйын өткөрүштү. Анда депутаттын ишмердүүлүгү кайсыл бир тараптардан кысмакка алынып, анын жарандык ишине сын айткандар көбөйгөнүн айтышты депутатты жактоочулар. 
 
«Азыр депутаттын ишмердүүлүгүнө карата ар кандай сын-пикирлер айтылып жатат. Июнь коогалаңында аял башы менен эркектер жасабаган иштерди аткарганын баалабай жатышат. Ал эл шайлаган депутат экенин эстен чыгарбашыбыз керек»,-деди «Кыргыз журтум» коомдук фондунун жетекчиси Сапаргүл Бердалиева.
 
Мындан сырткары, ал Талас элинин атынан чыккан бир топ адам Ж..Жолдошеваны мандатын тапшырсын деген талаптары жөн гана саясий кызыкчылыкты көздөгөн адамдардын куралы болуп калганын айтышты.
 
«Жолдошеваны бир эле Талас эли гана шайлаган эмес, аны Баткен, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Ош элинин шайлоочулары шайлаган. Ал июнь коогалаңы боюнча чоң иштерди аткарган»,-деди «Ош окуясынын дайынсыздары» коомдук бирикменин башчысы Мамасабыр Абдукааров.
 
Эскерте кетсек, былтыркы июнь коогалаңын иликтөө боюнча депутаттык билдирүүдө, Ж..Жолдошева 2010-жылдын 6-апрелиндеги М. Конгантиевди сабагандар боюнча «Фашисттер колго түшкөн генералга да мындай мамиле кылышкан эмес» деген сөзүнөн, нааразы болгон таластыктар 13-июнда пикет уюштурушуп, аты аталган депутатты мандатынан ажыратуу талабын коюшкан.
 

 

Бүгүн, 14-июнда, Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева Астанага (Казакстан) Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын саммитине катышуу үчүн жөнөп кетти.

Мамлекет башчысы ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин отурумуна катышып, жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүшү күтүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Президентинин пресс-кызматы
 

 Бирдиктүү тарифдик торчону жокко чыгаруу менен жаңы системаны киргизүү өтө шалаакылык менен жүрүп жатат, деп белгиледи ЖК депутаты Акылбек Жапаров «Добулбас» гезитинин 14-июнда чыккан санында.
 
«Мына мен 30 жылдыкка бардым эле, бизди окуткан мугалимибиз капа болуп, «Акылбек айлыкты көтөргөнүңөр менен алешемдиктер көп. Жаңы келген мугалимдердин айлык маянасы 2 эсе көтөрүлгөн менен 30 жылдан берки эмгектенип келе жаткандардыкына баягыдай эле 20-30 пайыз эле кошулду. Экөөнү теңеп койгонуңар калыстык эмес» деди. Буга кошумча жер-жерлерде техниктердин айлыгы көтөрүлгөн эмес. Бул теңсиздикти жоюу боюнча мен жакында комитеттин жыйынын өткөрүп, бул маселенин аягына чыгам», - дейт депутат.
 
Анын айтымында, булар шалакылык менен эсептеп, аз көлөмдө акча алып калышкан да, эптеп чампалап кошо туруу менен кутулабыз дешкен. Аягы келип дагы нааразычылыкты жаратты. Бир сөз менен айтканда, өкмөттө иш билгилер эмес, чоркоктор иш кылышууда, дейт Жапаров.
 
Баракелде
 

Мугалимдердин көбөйтүлгөн айлык акыларын толук кандуу бөлүштүрүп бере албагандыгы министр Канат Садыковдун бирден бир айыбы экен, деп жазылган «Фабула» гезитинин 14-майда чыккан санында.
 
Анда айтылгандай, өмүрүндө колуна мындай айлык алып көрө элек айрым мугалимдер көзүнө жаш алып сүйүнүп атса, ал турган акчасын алдын ала эсептеп, пландаштырып койгон мугалимдер мурунку айлыгынан аз-маз эле айырмаланган акча алгандар ызасына чыдабай көзүнө жаш алып, өкмөттү каргап шилеп атат.
 
Өткөндө эле өкмөт башчысынан сөгүш алган министр Канат Садыков мугалимдердин ушул сыяктуу өйдө-ылдый нараазычылыктарынан улам эми кызматынан айдалганы калыптыр. Ордуна «Республика» партиясынын өкүлү, Роза Акназарованын талапкерлиги такталып аткан экен, деп жазылган гезитте.
 
Баракелде

 

Суроо: Өткөн аптада жалпы Кыргызстан июнь коогалаңынын бир жылдыгын белгиледи. Негизги иш-чаралар Ош, Жалал Абад шаарларында өттү.  Ошол трагедиянын бир жылдыгына кандай иштер аткарылды? Анын кайталанбашы үчүн кандай иштер жүргүзүлүшү керек? Мындан кийинки улуттук саясат кандай болот? Ушуларга токтолуп кетсеңиз.

Жооп: 10- июнда Ош калаасында эскерүү аземи өтүп, ага жалаң гана республикалык деңгээлдеги жетекчилер, Жогорку Кеңештин депутаттары гана эмес, Жалал-Абад, Ош облустарынын, ошондой эле дипломатиялык элчиликтердин өкүлдөрү, коноктор да келип катышты. Сүйлөгөндөрдүн бардыгы эле келечек кандай болушу керек, биз кантип туңгуюктан чыгып кетишибиз керек деген теманын тегерегинде сөз кылышты. Негизинен,  турмушту кантип оңдоп, мындай окуялар кайталанбашы үчүн эмне кылуу керек деген темада сөз, тилекке каршы, аз болду. 18-июнда Кыргызстан калкы Ассамблеясынын курултайы өтөт. Ассамблеянын жыйынында улут аралык ырашкерликти, өнүгүү жөнүндө концепцияны караганы турабыз. Ошондой эле саясий консолидация, же болбосо бардыгын биримдикте Кыргызстанды өнүктүрүшүбүз керек деген концептуалдуу негиздөөчү документти, концепцияны акыркы вариантын карап чыгып, бекитмекчибиз. Бул концепция Кыргызстандын бардык жерлеринде каралып, талкууланып чыккан, анда биздин турмушубуздун ар кайсы багыттары камтылган. Билим берүү, маданият, экономика, кадрдык өзгөрүү сыяктуу маселелер чагылдырылган. Биздин Өкмөттүн жообу да ушул концепцияда келтирилген. Өзүңүздөр билгендей, июнь окуялары боюнча көптөгөн докладдар чыкты. Кыргызстанга керектүү,  Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына жооп бере турган  сунуштарды биз ишке ашырганга умтулуп жатабыз.

Суроо:  Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнө токтолуп кетсек. 9-июндагы кээ бир талкууларда кабыл алынган документтер, мыйзамдар журналисттер арасында  түшүнүксүз ойлорду пайда кылды. Мисалы,  ошол эле КТРК жөнүндө мыйзамдын кабыл алынышы. Президенттин резиденциясын Ошко көчүрүү деген мыйзам долбоору көпчүлүк добуш менен кабыл алынып, андан кийин биз эмне үчүн добуш берип жатабыз дегендей кылып, кийинки күнгө калтырылгандыгы тууралуу ойлор айтылды. Кийин алар Конституциянын кандайдыр бир мыйзамдарына же ошол эле кабыл алынып жаткан башка мыйзамдарга карама-каршы  болуп калбайбы? Ушул жөнүндө пикириңиз.

Жооп: 9-10- июнда бир топ мыйзамдар кабыл алынды парламентте. Мен бир нерсеге токтолгум келет. Парламент мыйзамдуулуктун очогу болушу керек. Парламенттин отурумдарына депутаттар деле аз катышып жатат. Аны биз көрүп эле турабыз. Мына, 10-июнда парламенттин курамынын жарымы болгон жок десек болот. Айтып жатышат, “мына, өздөрүнүн добуштарын калтырып кетишти” деп. Ошондо деле канчалаган депуттар бири-бири үчүн кнопкаларды басып жаткандыгы бул күнүмдүк эле көрүнүш болуп калды. Негизинен фракциялардын ролу жогорулатылышы керек деп ойлойм. Биз парламенттик республика болгондон кийин ар бир добуш берүүдө партиянын принцибине, программасына ыктап добуш берилиши керек да. Азыркы маселелер каралып жатканда ким кандай добуш берип жатат, эмненин негизинде - түшүнүксүз болуп жатат. Ошол эле КТРК боюнча. Бул көп талкууга алынды. Ушул мыйзамдын автору Каныбек Иманалиев Литвага барып келди. Ошол жерден көрүп таанышып келди, кандай иштейт экен деген тыянакта. Жылдыз Жолдошева Грузияга барып келди. Мен ишенем, парламенттеги депутаттар Кыргызстанды алдыга тартканга аракет кылат деп. Азыр булар бекиткен мыйзам көп нерсеге карама-каршы болуп жатат. Мисалы, Жогорку Кеңеш өзүнүн өкүлдөрүн жиберет экен, бирок, Жогорку Кеңештин регламентинде мындай ыйгарым укук каралган эмес. Байкоочу кеңеш деген бул жөн эле мекеменин директорлор кеңеши эмес да. Бул башка организм, башка кеңеш. Муну дагы караштырышыбыз керек, дагы иштеп чыгышыбыз керек. Убактылуу Өкмөттүн Декретин жоюп жатканын да өзүнчө прецедент деп эсептесек болот. Мындай чечимди юстиция министрлиги качан эле кабыл алган болчу. Биз жалпы коомдук консенсуска келип жатабыз азыр. Убактылуу Өкмөттүн Декреттери күчүндө калышы керек деп. Башкача айтканда, бул маселелер боюнча көп нерселерди биз дагы такташыбыз керек. Мага мыйзам келгенден кийин биздин юристтер отуруп, дагы  ийне-жибине чейин карап чыгат.

Президенттин резиденциясы көчсүн деген маселе боюнча. Бир топ министрликтер дагы көчсүн дептир. Эми мындай практика бар дүйнө жүзүндө. Министрликтер борбор калаадан башка жактарда жайгашса болот. Бирок, эсебин да билиши керек да. Мисалы, эсеп-кысабын караганда, айталы, Россия деген кандай өлкө. Санкт-Петербургга көчүрөбүз деп  чоң аракеттерди жасашты, бир топ министрликтерин. 20 жыл ичинде колунан келгени бир гана Конституциялык сотту көчүрүштү. Ошондо да бул ишке 8 миллиард доллар сарпталды. Анан биз Бишкектен кетсин, ошол жакка эле жайгашсын дегендин өзү - тексиз саясат. Президенттин резиденциясы кайда жайгашаарын президент өзү чечет. Мен болсо кете турган кишимин. Канткен күндө да бул чечим президенттин  өзүнүн укугунда. Президенттин Ошто резиденциясы бар. Ошол жерде иштегенге дагы, жашаганга дагы толук мүмкүнчүлүгү бар, парламент ага убара болбой эле койсун. Борбор шаарда дагы, Ошто дагы иштөө жөнүндө чечим мурда эле чыккан. Ага болбой эле борбордон көчүрөбүз деген саясатты Кыргызстандын пайдубалын жоготуу, бөлүп-жаруу саясаты деп эсептейт элем.

Суроо: Эми өткөн жумадагы эл аралык деңгээлдеги окуяга токтолсок. Венада болуп өткөн Европа жана Борбордук Азия боюнча экономикалык форумга катыштыңыз. Ал жердеги негизги сүртүмдөргө токтолуп өтсөңүз.

Жооп:  Австрия - өнүккөн батыш өлкөсү.  Нейтралдык мамлекет. Биздин катнаштарыбыз мына 20 жылдан бери өнүгүп келе жатат. Европа аймагында жана ЕККУга мүчө мамлекеттердин көңүлү Орто Азияга бурулуп жатат. Айрыкча, ЕККУ уюмуна мүчө мамлекеттердин учурдагы саясаты Балкандан Орто Азияга бурулууда. Быйылкы жыл Европа үчүн өтө чоң сыноо жылдарынан болду.  Биринчиден, Фукусима авариясы Европадагы жүздөгөн АЭСтердин токтолушуна түрткү болду. Ар бир Европа өлкөлөрүндө чоң референдум болуп, абдан чоң өзгөрүүлөр болуп жатат. Газ, мунайзат жагынан булар Орто Азияга көз каранды болуп калып жаткандыгын түшүнүшүүдө.  Австрия бизге дагы деле жардам берээрин айтууда.  Биздеги демократиялык процесстерге ыраазы болуп жатышты. Биздин парламенттик жолго өтүп жатканыбыз буларга маалым.  Ал жердеги Брунокрайский борборунда Кыргызстан туурасында өзүм маалымат берип,  ЕККУнун 56 туруктуу элчилери жана 12 өнөктөш өлкөлөр - жалпысынан 70ке жакын өлкөлөрдүн өкүлдөрүнө - Кыргызстан туурасында айтып бердим. Бир топ элчилер бизди колдоп сөз сүйлөштү. Россия, Казакстан, Украина, Беларуссия, АКШ, Европа Кеңешинин атынан  жана Венгриянын элчиси Кыргызстандагы жүрүп жаткан саясатты колдой тургандыгын билдирген сөз сүйлөштү. Бир жылдан бери бейпилдикте турмуш кечирип жатканыбыз, парламенттик жолго түшкөнүбүз, парламенттин түптөлүп жаткандыгы - мунун бардыгы туура багытта деп баа беришти. Кадыр-барктуу чоң форумда Кыргызстандын ички, тышкы саясатынын жактырылып жаткандыгы биз үчүн абдан маанилүү.