Буга байланыштуу токтомго премьер-министр Алмазбек Атамбаев 10-майда кол койду. Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдагандай, токтом 2010-жылы орун алган июнь коогасында набыт болгон жана дайынсыз жоголгондордун жакындарына материалдык жардам көрсөтүү максатында кабыл алынды. Ушул эле токтомго ылайык, июнь коогалаңында жабыркагандар 50 миң сомдон жардам алышат.

2010-жылы июнь айындагы улуттар аралык жаңжал учурунда 400дөн ашуун адам каза болуп, эки миңден ашууну жараат алган. Ондогон адамдар ушул убакытка чейин дайынсыз.
Кыргыз руху

 

 

Ж.Жекшеев, Июнь окуясын иликтөө боюнча улуттук комиссиянын мүчөсү:
"Батыров оюна келгенди оттой берет"

 

 
 
«Акшумкар» саясий партиясынын лидери Темир Сариев Жалал-Абадда эки күндүк иш сапарында Жалал-Абад университетинин студенттери менен маңдай-тескей отуруп, курч суроолоруна жооп берип, студенттер менен баарлашты, деп билдиришет бул партиядан.
 
Ошондой эле, Т.Сариев 12-майда өткөн «Мамлекет жана дин» аттуу конференцияга катышып, сөз сүйлөп, өзүнүн ою менен бөлүштү. Андан соң Джалал-Абад телерадиоканалынын журналистери менен  кеңири 30 мүнөт  маек куруп, телеканалга интервью берди.
 
Андан аркы иш сапарында Ноокен районунун Кочкор-Ата айылындагы партиянын активистери менен жолугушту, жолугушууда өлкөдөгү коомдук-саясий абалга токтолду. Ошондой эле, Ноокен районунун координаторунун отчетун угуп, облустук конференцияга делегаттарды шайлашты. Кийинки жолугушуу  Базар-Коргон айылында болуп өттү, ал жерде дагы коомдук-саясий абал талкууланып, «Ак шумкар» партиясынын райондук бөлүмүнүн координаторун шайлашты. Темир Сариев Жалал-Абад облусунун губернатору, мэри менен жолугуп, өлкөдөгү коомдук, саясий абалын талкуулашты.
 
Баракелде
 

 
 Узун кулактардын айтымында, 15-майда Өмүрбек Бабанов кайра эле мурдагы кызмат ордуна келсе, дагы бир аз күндөн соң Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоого аттанып кетээри айтылууда, деп жазылган «Алиби» гезитинин 13-майда чыккан санында.
 
«Ф.Кулов биринчи вице-премьерликке макул болбой, «эгер премьерликти берсеңер, фракция толугу менен коалицияга кошулат», деген шартын койгон. Албетте, ага коалициянын башындагылар макул болушкан», - деп жазат гезит.
Баракелде
 

 
“Бүгүнкү күндө премьер-министирдин же башка саясатчылардын жер-жерлерге барып эле миллион долларды жеп коюшту деп айткандары, азыркы бийликке аброй алып келбейт.  Эгер премерь-министр башы менен ушинтип айтса, анда ал чара көрбөйбү ошол ууруларга. Азыркы күндө президенттик “гонка башталды”.
 
 Өкмөттүн, малекеттин экономиканын  иши калып эле жер-жерлерде аксакалдарга чай берилип калбадыбы. Ошондуктан мен парламентке кайрылдым, же Атамбаев шайлоого кетсин же өз ишин аткарсын”, - дейт Азимбек Бекназаров 7-каналга берген жообунда.

 

"Биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун ишмердүүлүгүн текшерүү багытындатүзүлгөн парламенттик комиссиянын төрагалыгына Токтогул Туманов бекитилгенде эле көпчүлүгү объективдүү чечим чыгарына ишенген эмес", деп жазат "Майдан.kg" гезити 12-майда жарык көргөн санында.

 

"Анткени, Туманов мырза Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) тизмесинен депутаттыкка илинген. Бабанов убактылуу четтегенден бери КСДП лидери болсо биринчи орун басарын мактоо-жактоо менен алек. Жада калса, маектеринде “парламенттик комиссия Бабановдун күнөөсүн далилдеген жок”,- деп, алдын-ала мактанып жүрөт. Премьердин Бабановдун тагдырына оптимисттүү карап жатканынын бир гана сыры – парламент комиссиясын өз адамы жетектейт, андан тышкары “Республика”, “КСДП”, анан да Атамбаевге ыктаган “Ар-Намыстын” депутаттары бар. Айтор, жең ичинен, алдын-ала Бабановго ылайыктуу чечим даярдашканы анык болууда",- делет маалада.

 

 

"Майдан.kg" жазгандай, бүгүн-эрте Бабанов тууралуу комиссия жыйынтыгы чыгат. "Анын жыйынтыгы белгилүү, себеби, Туманов “азырынча Байболовдун Бабановдун дарегине арткан дооматтарынын бири да далилдене элек” дебедиби. Муну Туманов комиссия жыйынтыгын чыгарарына 2 күн калганда айтып жатат. Эки күндө эмне өзгөрөт? Угушубузча, Бабановдун кайтып келишине байланыштуу чоң сценарий даярдалууда. Анын пиарщиктери Бабановду президент келгендей тосуп алуунун камылгасын көрүүдө. Өмүрчик өзү болсо, Байболов баш болуп, калгандарына “эми силерге көрсөтөм” деп, билек түрүнүп турат",- дейт автор.
 
Гезит белгилегендей, Бабановдун келишине Улуттук банктын парламенттен өтпөй калган и.о. төрайымы Бактыгүл Жеенбаева абдан сүйүнүп жатыптыр. Анткени, Бабанов экөөнүн бүтпөгөн иштери арбын. Алсак,”Залкарбанктты” сатуу. Төрайымдыкка өтпөй калгандан да, ушундай иштери бүтпөй калганына капаланган Б.Жеенбаева ыйлап барса, Бабанов тек гана, “мен келгенче чыдап тур, калганы баары жакшы болот”,- деген имиш.

 


 

Президенттин аппарат жетекчиси Эмиль Каптагаев өз тагдырын президенттике талапкер болуу менен сынап көрүүгө биротоло белсенгендиги айтыла баштады, деп жазылган «Айгай пресс» гезитинин 12-майда чыккан санында.
 
«Мындай өктөмдүккө барсаң, кокус арты өкүнүч менен бүтпөсүн, аламанда атың тердеп калаар, алдырып ийген жаратың бар, тынч оокатыңды эле кылсаңчы», деп жердештери жең учунан тартып жатат, деп жазылган гезитте.
 
«Бирок, ага да болбой же капчыгы калыңдаганбы, же башка эч ким билбеген көзүрү барбы, айтор демин басчудай түрү жок дейт», - деп кошумчалайт гезит.
Баракелде
 


"Ата Мекен" фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевди президенттикке талапкер катары президенттик шайлоо кампаниясы башталардан он күн мурун отставкага кетирүү керек деген сунуш айтты. Бул сөз КСДПга жакпай калды көрүнөт, жабалактап баары туш-туштан каршы чыгышты.
 
"Бул талапкерлердин Конституциялык укугун бузуп атат деп" Галина Скрипкина айтса, "Өкмөт башчы отставкага кетсе, министрлер кабинети бүт кетиши керек. Бул кайра эле коалицияны уратууга болгон аракет" дейт Данияр Тербишалиев. Эгерде Алмазбек Атамбаев президенттикке талапкер болуп чыгып, бирок шайлоо кампаниясынын учурунда өкмөттү жетектеп турса, мамлекеттик машина бүт бойдон ага иштээри талашсыз. Өмүрбек Текебаев мына ушул маселени айтып чыркырап атат. КСДП болсо кандай жол менен болсо дагы өз жетекчисин президенттик такка жеткирүүнүн аракетин көрүп, мурунку "Акжолдун" кейпин кийип атабы?

 

Де-факто

 

 
2010-жылы июнь коогалаңында набыт болгон жана дайынсыз жоголгондордун жакындары бүгүн да Ак үй алдына митингге чыгышты. 30 чакты киши түштүктөгү коогалаңды иликтеген эл аралык комиссиянын корутундусу бир тараптуу болгонун айтышып, негизги айыптуулар көрсөтүлбөй калганына нааразылыгын билдиришүүдө.
 
Ошондой эле, бийликтен коогалаңды уюштурган башкы айыпкерлерди таап, жоопко тартууну талап кылышууда. Бүгүн митингдин экинчи күнү уланууда.
Азаттык
 

 
«Де Факто» гезитинин 12-майда чыккан санында жазылгандай, Талас облусуна «губернатор болом» дегендердин саны арбын. Айрымдар Акбаралы Карабаев дешсе, кээ бирөөлөр Айдаралиев келет деп болжолдошууда.
 
Жакында эле Искендер Айдаралиев Талас районунун Чоң-Токой айылына эл жыйнап, жыйын өткөргөн. Искендер мырзаны колдоп жүргөндөр да жок эмес. Баарынан кызыгы, ошол колдоочулар кечээ эле «Бакиевдин кадрлары жоголсун» деген каармандар эле. Ал эми бүгүн алар бир жээктен экинчи жээкке секирип жатышат, деп кошумчаланган гезитте.
 
Баракелде
 

 

 

 
Жыйында каралган “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын долбоору экинчи жана үчүнчү окууларда кабыл алынды. Мыйзам долбоору боюнча Жогорку Кеңеш депутаты Өмүрбек Текебаев баяндама жасады.
 
Конституциялык Мыйзамдын бул долбоору 2010-жылдын 27-июнунда референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө ченемдерин ишке ашыруу максатында кабыл алынган.
 
Конституциялык Мыйзамдын ушул долбоору менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын жалпы жоболору, компетенциясы, курамы, түзүүнүн тартиби жана анын ишин уюштуруу, Конституциялык палатанын төрагасын, төрагасынын орун басарын, ошондой эле конституциялык сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруунун тартиби аныкталган.
 
Конституциялык палатага кайрылууга укугу бар субъекттердин чөйрөсү кеңейтилген. Жарандарга Конституциялык палатага кайрылууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилген. Эгерде алар мыйзамдар же ченемдик укуктук актылар менен өздөрүнүн Конституция тарабынан таанылган укуктар менен эркиндиктери бузулду деп эсептелсе, жеке жана юридикалык жактар Конституциялык палатага кайрылууга колу жетет.
 
Талкууда депутаттар тарабынан айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен добушка коюлуп ,экинчи, үчүнчү окууда кабыл алынды.
КР ЖК Басмасө кызматы
 

 

  
«Де-Факто» гезитинин 12-майда чыккан санында жазылгандай, дүйнөгө чуу салган Wikileaks Кыргызстанга тиешелүү дагы бир документти жарыялады.
 
Анда айтылгандай, ал документ АКШнын Кыргызстандагы ошол кездеги элчиси Мари Йовановичтин мамдепартаментке жазган дипломаттык каты экен. Катта 2007-жылы Алмазбек Атамбаев уулангандан кийин АКШ элчиси менен жолугуп, ууланганы тууралуу айтып бергени жазылган.
 
Уулантууга шектүүлөрдүн тизмесинде биринчи экс-премьер-министр Феликс Кулов аталган. Атамбаев ал учурда Ак үйдүн ашканасында мурунку өкмөт башчы Куловго караштуу адамдар иштегенин айтат.
Өкмөт башчы шектүүлөрдүн катарында Таш-Көмүр шаарындагы «Кристалл» заводун менчиктештирүүнү токтотуп койгондугу менен байланыштуу болушу да мүмкүн экенин божомолдогон.
 
Мындан сырткары, «Казакстандын президентинин күйөө баласы да бул ишти уюштурушу мүмкүн» деп, бирок себебин ачык айткан эмес, деп кошумчаланган гезитте.
Баракелде
 


Өкмөт май айынан баштап мугалимдердин айлык акылары жогорулайт дегени эсиңиздерде чыгаар. Май айы деле болуп калды. Эл деген үмүт менен гана жашайт эмеспи. Өкмөттүн оозун карап отуруп алардын азыркы кебетесин көрүп түңүлүп калышты көрүнөт. Май айында деп айтса эле дароо май айында көтөрүлүп кетиш керек эмес да. Дал ушул айлык-акынын айынан кайрадан Базар-Коргондун мугалимдери митингге чыгууга даярданып жатышат. Өкмөттүн өңү бозоруп турса май деп айтылган ооздор июнь болуп кете электе чыга салалы, болбосо танып кетишеби дегенсип жатышса керек да.
 
 Маалымат үчүн айта кете турган болсок Каржы министрлигинин маалымат кызматы 1-майдан тарта мугалимдердин айлыгын көтөрүү тууралуу өкмөттүн токтому чыкканын маалымдаган эле. Анын айынан саламаттык сактоо, билим берүү, илим, маданият, жана социалдык коргоо кызматкерлери 1-майдан баштап жаңы система боюнча айлык ала баштамак. Учурда ар бир мекеме өзүнө тиешелүү тактоолорду жасоодо. Салыштырып карай турган болсок, окуу жайды жаңы бүтүп, ишке орношкон жаш мугалим 2000 сом айлык алса - мурда, көбөйгөндөн кийинки маянасы алты миң сом алат. Бул мугалимдер үчүн бир топ эле жакшы жагдайды түзмөк. Жаш мугалимдердин да мектептерден качып, башка кызматтарга тартылуусуна бөгөт болмок. Эми өкмөт ошол сөзүн ишке ашыра алаар бекен?
Айкын саясат

 


 

Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асановго асылгандардын саны арбыды. Алдыдагы шайлоого каратабы, айтор азыркы өкмөт башчысына жакпай жаткан сыяктуу, деп жазылган «Параграф» гезитинин 12-майда чыккан санында.
 
Гезитте жазылгандай, «Кыргызгаздын» жетекчилигин алмаштырууда да, аз эмес салымы бар.
«Же болбосо Акаевди кетиргенде активдүү жүрүп, Бакиевдин тушунда революциячылардан кичине бекинип, алыста жүргөнүнүн таасири тиийип жатабы? Өкмөт тараптан алмаштырууга катуу кам көрүлүп, ордуна келчү кадр дагы дайын болуп турат. Азырынча атын атабай туралы», - деп жазылган гезитте.
 
Бараеклде
 

 

Камчыбек Ташиев, “Ата-Журт” фракциясынын лидери:

 

- “Кыргызнефтегаз”  элдики бойдон калуусу керек. Албетте, айрым партиялардын айынан элдин экиге бөлүнгөнү жаман көрүнүш. Президент, премьер-министр, спикер тез аранын ичинде бул маселени чечпесе, адамдар өзүн-өзү өрттөгөнгө даяр болуп кылышыптыр. Ошондуктан,  бийликтегилер бул маселени тез аранын ичинде чечип бере албаса, анда элдин алдына басып келбей эле коюшсун!

(5-майда Ноокен районунун эли менен жолугушуусу учурунда)

 

 
 
Үсөн Сыдыков жакында жалаң чөнтөгү калың түштүктүк бизнесмендерди жыйып, «Адахан Мадумаровду маарага кетирсек кантет», деп кеп салды дейт, деп жазылган «Асман пресс» гезитинин 12-майда чыккан санында.
 
«Адахан да жаны тынбай айланкөчөк атып жүрү. Билгендер «бу Үсөн акеге не болгон, кечээ А.Келдибековдун чайын ичип, бүгүн А.Мадумаровду мактап атат, деп баштарын тырмап атыр», - деп жазат гезит.
 


 

 

Бекназаров менен Сариев ячейкалардан алынган акчаларды бөлүшүп алды деген кептер жомок-ырга айланды, аны премьер-министр улантып жатат, деп билдирди 12-майда парламенттин пленардык жыйынында президенттин парламенттеги өкүлү Азимбек Бекназаров.
 
«Атамбаев жер-жерлерге барганда, бул кептерди дагы эле айтып жатат. Бул акчалар түштүк коогалаңын басыш үчүн кеткен, бул иштерге миллион эмес, андан да көп акчалар кеткен. Андай болсо, Атамбаев да бул боюнча жооп бериш керек, же Сариев менен Бекназаров түрмөгө отурушу керек», - деди А.Бекназаров.
 
«Эмне азыр шайлоо башталдыбы? Мен түшүнбөй жатам. Премьер-министр кайрадан айтып жатат, мындайларды ооздукташ силердин милдетиңер», - деди ал депутаттарга кайрылып.
Баракелде
 

 

 

 
 
Жалал-Абад шаарында 11-майда «Ак шумкар» партиясынын лидери Темир Сариев шаардын жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы Орозалы Карасартов маалымдады.
 
Жолугушууда Темир Сариев кыргызстандын жашоочуларын улут аралык ынтымактыкка чакырып, мамлекеттин өнүгүп гүлдөшү үчүн өз ойлорун ортого салды. Апрель революциясынан кийин банктардын ячейкаларынан алган каражаттар тууралуу маалымат берип, «мен бул каражаттан пайдаланган эмесмин» деп билдирди. Жолугушууга келгендерге сый тамак берилди.
 
«Ак Шумкар» партиясынын эл менен жолугушуусу бүгүн Сузак районунда өткөрүлөт.
 
Баракелде
 

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Ташиев Ноокен районундагы «Кыргызнефтегаздын»  тегерегиндеги маселени  спикерден жана президенттин, өкмөттүн өкүлдөрүнөн тез арада чечип берүүнү талап кылды.

 
11-майдагы “Дело№” гезитинде “Жалал-Абад мэринин коркунучтуу оюндары” аттуу макала басылып чыккан. Анда шаар башчысы Максат Жээнбековдун Россиянын жараны болуп туруп аккан досу Бектур Асановдун колдоосу менен шаарга мэр болгондугу, ага ушул жылдын январь айында финполиция тарабынан кылмыш иши козголгондугу жөнүндө белгилүү болгондугу, буга чейин мамлекеттик кызматта такыр иштебестен келип калгандыгы жана июнь окуяларынан кийинки коомдук абалды андан сайын курчутуп  бийликтен калкты иренжитип  жаткандыгы жөнүндө жазылган.