Бала болуп башына жүн чыккандан бери алып-сатарлык менен шугулданып жүрүп, өлө байыган Турсунтай Салимов деген көпөс, самандай сапырылган акчаларына, «Мадина» аттуу базарына, «Прадо» делген жалапканасы бар спорттук эс алуу жайына каниет кылбай, кыргыз саясатына аралашууну чечип, Алмазбек Атамбаевди «аке-жакелеп» жатып, КСДПнын тизмесинен олчойгон акчага орун сатып алганы айтылып, Жогорку Кеңештин бакыйган депутаты болуп чыга келгени белгилүү.
Акүйдөгү кыргыздын тагдырын калчаган дөө-шаалардын катарына кошулгандан бери Турсунтай акеңердин көзүн май басканбы (?), айтор, айрым тар чөйрөлөрдө өзүн аябай көтөрө чалып, мактанып, кол алдындагыларга өзүм билемдик кылып, кордоп, уруп сабатып, депортация кылдырып («милицияны сатып алгам» деп), майда соодагерлерди ары-бери кубалап, аларды чыгымга учуратып, ортодон кошумча акча таап, айтор, Кудайды көзгө илбей баратканы каңкууланууда.
Т.Салимовго байлык-бийлик аздык кылганбы (?), эми ал «эч кимди көзгө илбес, эч кимден корпос» бир баатыр сыяктуу өзүнө пиар жасай баштаганы кандай? Көпкөн депутат оозун көбүртүп, «мен деген, убагында, Рысбек Акматбаевди, Камчы Колбаевди, Алмамбет Анапияевди да тоготпой, аларга бир тыйын берген эмесмин. Рысбек Акматбаев мага наезд кылып, пул талап кылган. Мен ага «эчтеке бербейм» деп бетине ачык айтып, тоготпой койгом. Беркилери келгенде да ушундай жооп алышкан. Жаныш Бакиев келип, «Мадинаны» же «Прадону» бер» дегенде, «ала алсаң экөөнү тең ал, бирок мен бербейм» деп ачык айткам. Менден бир тыйын да ала алган эмес. Кийин раматылык Медет Садыркуловго кайрылып, анын сунушу боюнча Курманбек Бакиевге кат жазып берип атып, аман калгам. Мени эч ким сындыра алган эмес. Жогорку Сотко чейин барып, акырына чейин турган жалгыз менмин. Ошондо Жогорку Соттун судьясы: «Турсунтай, кыргыздардын баары катын экен, баары жатып берди. Кыргызстанда жалгыз эркек бар экен, ал сен экенсиң» деп айтканы бар» деген сыяктуу сөздөрдү жобурап, көзү өтүп кеткен, бийликте жок адамдардын артынан сөз сүйлөп, баягы «өлгөн арстандан коркпойм» деп короктогон чычкандай болуп, кыйынсынганы кандай?
Курманбек Бакиевдин заманында, анын үйбүлөөлүк-криминалдык бийлиги менен ачык салгылашып, камалып, запкы чеккен кыргыздын азаматтарын, төшүн окко тосуп, шейит кеткен баатыр уулдарын, түз айтканда, кайдагы бир маңкурт сот экөөнүн келекелегенге акысы барбы? Ошондо баатыр өңдөнгөн Турсунтайды ким көрүптүр, катын сыяктуулардын арасында эле жүрүп, өрт өчкөндөн кийин, жаңы бийликке жагынганга өтүп, Алмазбек Атамбаевге жатып бербеди беле? Же калппы?
Алып-сатар депутатыбыз «криминалды уруп ойнобойм» деген менен гана чектелбестен, бир чети сөзүм ишенчиликтүү болсун (!) дегендей, экинчиден, эл көзүнө «кой оозунан чөп албаган» Кудайы момун, кумурскага жаманчылык кылбаган адилет адам катары өзүн сүрөттөп, бир ирет гана кой сойгонун эстеп, өкүнүмүш болуп, «Бишкек-Торугарт жолундагы бир автобус кытайлык соодагерлерди мен өрттөткөн эмесмин, Рысбек өрттөткөн» деп безеленет. «Рысбек Акматбаевге (жана беркилеринин баарына) түшүндүрдүм, ак иштеп, каткан эч нерсем жок, бүт баары ачык (!) деп катуу билдирсем, ошондон кийин Рысбек мага ишенип, жөн койгон» дейт.
Кыргызстан көзкарандысыздыкка жетип, өз алдынча мамлекет болгондон бери кытай менен соода жүргүзүп, реэкспорттон миңдеген адамдар байыды. Кытайлар «Кыргызстанга баланча миллиард экспорт болду» деп көрсөтүп жатса, Кыргызстандын статистикасы боюнча анын ондон бири гана көрсөтүлүп, эки ортодо казынага милиардаган акчалар түшпөй, шылуундардын калтасы толгону белгилүү эмеспи. Бул маселе өкмөттүк деңгээлде нечен ирет көтөрүлүп, «сварга» премьер-министирлерден бери катышканын эл билет. Анан жалаң кытайдын товарын сатуу менен байыган депутаттын минтип, аксынып, «ошол аткезчиликтен түшкөн пайдадан ооз тийген жокмун» деп, карганганына ким ишенет? Анан, ошол көлөкөдөгү экономикадан үлүш талап кылган кримчөйрө, ошону билбей Турсунтайга ишенип калгыдай, эмне алар «лохторбу?» дегиң келет, эй! Минтип, кара жанын жеп, эл алдында чынчыл, адилет адамдын кейпин кийип, акчыланып жаткан Турсунтай Кудайдын алдында күнөөгө батып жатканын кантээр экен? Же эмне, «бир Кудайдан гана корком» дегени курулай гана сөзбү?
Ошентип, баягы «кызый-кызый кыздын коюнуна кирип...» дегендей болуп, Турсунтай акең күн өткөн сайын арышы артып барат. Кечээ жакында эле 25 миң добушу менен Солтолорго кошулганы маалым болду. Алып-сатардын ойлонбой жасаган мындай жүрүшү — «Чүйдө солтолор деле калбай баратыптыр» деп, алар менен чабышып жаткан А.Атамбаевге жакпай, аны сатып кеткен сыяктуу бааланып, ажо кыжырданып жатканын эшиттик. Эми Турсунтай акең кантээр экен, КСДПдан куулуп кетпейби? Ай, жок, самандай сапырылган акчалары турганда, «бу Кудайды карабаган неме Алмаздын башын оңой эле айландырат» дегендер да көп.
Не дейбиз? Алды-артын аңдап карабаган А.Атамбаевдин Турсунтайга окшогон базарчыга, андан-мындан жөө качкан «ит-куштардын» акчаларына кызыгып, коюнун ачканы, натыйжада, партиясынын да, өзүнүн да аброю кетип, бүгүнкү күндө «кому не лень» Алмазды боктоп жатканы кашкайган чындык! Андыктан, «сооп болуптур, чала болот!» дегенден башка да эч нерсе айта албайт экенсиң...
"Аламан" сайты