«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев аталган партиянын Ош облусундагы Кара-Cуу райондук уюмунан кимдин чыгып жатканы тууралуу так маалыматы жоктугун, ал уюмдун мүчөлөрү миңге жетпей турганын билдирди. «Төлөгөн Келдибаев чыгам деп жүргөнүн билем. Анын чыккан-чыкпаганы мага белгисиз. Ал арыз менен чыгат да. Анан ошончо адам партиянын мүчөсү болбосо, мүчөлүктөн ким чыкмак эле», - деди Текебаев.
 
Буга чейин партиянын Кара-Суу райондук уюму өзүн-өзү таркатканы кабарланган. Анда партиядан чыккан Төлөгөн Келдибаев башында турган миңден ашуун адам жаңы уюшула турган партияга кирээри айтылган.
Азаттык

 

 

 
   
 “Ош шамы” гезитинин 20 жылдыгына карата республикабыздын жалпыга маалымдоо каражаттарынын арасында Ош шаарынын мэри М. Мырзакматовдун атынан футбол боюнча мелдеш өткөрүлөт. Мелдешке катышуунун шарты төмөндөгүдөй:
 
Мелдеш Аймактык өспүрүм жана жаштардын спорт клубунда (ДЮСШ) 22-май күнү саат 14.00дө башталат;
Футболдук команданын ар бир мүчөсү толук ставкада иштөөсү керек;
 
ЖМКнын аймактык өкүлчүлүктөрү (КТР, 5-канал, Стан-ТВ, «Кыргыз Туусу», «Эркин Тоо», «Заман Кыргызстан». «Кабар», «Азаттык», «Би-Би-Си», «Аки-пресс» ж.б.) чогулуп, курама команда түзүп, мелдешке катышса болот;
Команданын формасы жана күйөрмандары даярдалыш керек;
 
Белектер: Гран-При – түстүү телевизор; 1-орунга музыкалык борбор; 2-орунга музыкалык борбор; 3-орунга DVD аппарат;
 
Кызыктыруучу сыйлык (радио): 1. эң мыкты дарбазачы; 2. эң мыкты коргоочу; 3. эң мыкты чабуулчу; 4. Эң ардагер оюнчу.
 
Команданын аталышы, курамы (6 киши) тууралуу маалымат жана катышуу үчүн Кепилдик кат 19-май, саат 10.00гө чейин кабыл алынат.

 

 
Бишкек шаарынын мэрии Иса Өмүркуловдун “Ата-Түрк” паркын сатуу ниети жок жана чет мамлекетке качып кетүүнү ойлобойт. Ал үйүнө граната ыргытылганда да кебелген эмес. Бул тууралуу аталган паркта жайгашкан жылкы фермасынын ээсинин айткандары калп жана жалаа болуп эсептелет. Мындай билдирүүнү Бишкек мэриясынын коомчулук менен байланыш башкармалыгы таратты.
 
Шаар башчысы ошондой эле баш калааны тартипке келтирүү, жолдорду оңдоо жана башка мурда баштаган бир топ жумуштарды аягына чыгарат. Бул жасалып жаткан иштер баш калаанын көпчүлүк жашоочуларынын кызыкчылыгына төп келет.  Акыркы күндөрү бир эле адамдар тарабынан Бишкек мэрине  жалаа жапкан, жок жерден каралаган маалымат жыйындарынын үстөкө-босток өткөрүлүп жатышынан ушундай гана тыянак чыгарууга болот.  Алардын артында көмүскө демөөрчүлөрү тургандыгы жашыруун эмес.
 
Айрыкча аты-жыты белгисиз И. Трофимов менен Арча-Бешик конушунун жашоочуларынын жана Ош базарынын соодагерлеринин акыркы билдирүүсү кимдир-бирөөлөрдүн атайын буюртмасы менен жасалууда жана эч кандай далили жок.
 
Бүгүнкү күндө Ош базарынын тегерегинде жайгашкан  1200 контейнер мэриянын эсебинен башка базарларга жылдырылды. Ош базарындагы жол боюнда соода кылгандарга “Дордой-дыйкан” базарынын аймагынан 1000 үстү жабык орун даярдалууда.  Эс алуу парктарынын, анын ичинде “Ата-Түрк” паркынын башкы планы түзүлүүдө. Шаар четиндеги конуштардын жашоочулары өздөрүн ыңгайлуу сезип, жашоого шарты болуш үчүн инфраструктураны өнүктүрүүнүн комплекстүү планы түзүлүүдө. Быйыл шаардыктарды ичүүчү суу менен камсыз кылуу, таштандыларды ташып чыгаруу, электр энергиясы менен камсыз кылуу сыяктуу бир топ иштер жасалмакчы.
 
Мурда белгиленгедей, мэриянын мурдагы жетекчилиги тарабынан Арча-Бешик конушунун Кривоносов көчөсүндөгү сатылган жер тилкеси жана “Ата-Түрк” паркында мыйзамсыз салынган үйлөр үчүн И. Өмүркулов жооп бериш керек эмес. Мэрия жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органы катары мурдагы чечимдерди жокко чыгара албайт. Бул үчүн кызыккан адамдар 2000-2007-жылдардын аралыгында кабыл алынган чечимдерди жокко чыгаруу боюнча сотко кайрылууга укуктуу.
 
 

 
 
Ош шаарында июнь окуяларынын бир жылдыгына карата коопсуздук чаралары күчөтүлө баштады. Маалыматка ылайык, бул чаралар жарандардын коопсуздугун сактоо жана мүмкүн болуучу террордук актылардын алдын алуу максатында жасалууда.
 
Мэрдин талабы боюнча, бардык уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин жетекчилери  күзөт кызматтарынын иштөө графигин, ошондой эле алардын телефон даректерин Ош шаардык мэриясына маалымдашы керек.
 
Ошондой эле, ички иштер органдарынын кызматкерлерине укук-тартип көзөмөлүн, өзгөчө, эл көп чогулган жайларда – базарларда, темир жол жана автобекеттеринде, соодо түйүндөрү жайгашкан жерлерде күчөтүлгөн режимде аткаруулары милдеттендирилди. Бул туурасында мэрдин басма сөз кызматынан билдиришти.
 

 

 
 «Кыргызнефтегаздын» акционери Максат Айылчиев учурда бул ишканада эски директор Каныбек Масиров менен жаңы жетекчи Кеңешбек  Масировдун ортосунда тирешүү күндөн күнгө күчөп бараткандыгын айтты. Ал тургай 26-апрелде кызматынан алынган мурдагы жетекчи К. Масировдун тарапкерлери ишкананын кеңсесинде тапанча, автомат менен жүрүшкөндүгүн М. Айылчиев бүгүн “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында билдирди.
 
Анын маалыматына ылайык, “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү ишкананын Кочкор-Ата шаарындагы кеңсесинде күн сайын жүрүшөт. Бирок жамаат мүчөлөрү кызмат талшакан жетекчилердин бирин да колдобойт же тескерсинче кетсин деген талап коюшпайт.
 
Бул кырдаалды тез арада чечүү жана эски директорду коргоп кеңседе куралчан жүргөн адамдарга мыйзам чегинде чара колдонуу талабы менен М. Айылчиев КР башкы прокуратурасына кайрыларын кошумчалады.
 
Кабар
 
 

 
 Каржы полициясынын Баткен областтык башкармалыгынын башчысы Камчыбек Абдыкадыровдун билдирүүсүнө боюнча Баткен областтык мамлекеттик администрациясынын алдында укук коргоо органдарынын Координациялык Кеңешинин чечимдерине ылайык каржы полициясы тарабынан оперативдүү-иликтөө иштери жүргүздү. Ош областынын Кара-Суу районунда катталган «Тимур Ойл» жеке менчик ишканасы 11-апрелдеги №22 келишимге ылайык жабык типтеги «Мунайзат» АКнын   Кызыл-Кыя шаарындагы филиалынан күйүүчү-майлоочу материалдарды алып турган. Жүктү коштоочу документтерин текшерүүдө «Тимур Ойл» жеке менчик ишканасы Баткен областына 17 миллион 764 миң 467 сомдук бензин, соляка ташып келгендиги аныкталган.
 
Каржы полициясынын Баткен областтык башкармалыгынын башчысы Камчыбек Абдыкадыровдун айтымында көпчүлүк учурда фирмалар областын аймагында эч кандай май куюучу филиалдары, сактоочу жайлары жок туруп бензин, солярка ташып келүүдө. Каржы полициясы тарабынан мамлекеттик салык кызматынын областтык инспекциясынан алган маалыматы боюнча   «Тимур Ойл» жеке менчик ишканасы тарабынан Баткен областынын аймагындагы май куюучу жайларга бир литр дагы бензин, солярка келип түшпөгөндүгү аныкталып, ташылып келген 17 миллион 764 миң 467 сомдук бензин, солярка кайда кеткени белгисиз бойдон калган. Натыйжада мамлекетке 359миң 870 сомдук салык төгүлбөй калган. Бул факты боюнча каржы полициясынын Баткен областтык башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголуп,   иликтөө амалдары жүрүп жатат.
 
Ошол эле учурда област губернатору Арзыбек Бурканов атайын буйрук менен областтык мамлекеттик администрациянын кызматкерлерин чек ара бекеттеринде бензин, солярка ташыган унаалардын жүктү коштоочу документтерин каттоого алып, мониторинг жүргүзүүгө чыгарды. Губернатордун маалыматына ылайык областтык администрациянын бирден кызматкери ар бир 12 саатта алмашып чек ара, бажы, салык инспекциясынын кызматкерлери менен биргеликте Тажикстан менен жакын аймактагы чек ара бекеттеринде күнү-түнү күзөттө турмакчы. Мындай аракет өз жемишин бере баштады. Биринчи эле күзөт учурунда, 13-майдан 14-майга караган түнү 12 саат ичинде ар кандай фирмалардын жүк тартып бара жаткан 10 КАМАЗ автоунаасы областтык администрациянын кызматкери тарабынан катталып, коштоочу документтеринин көчүрмөсү алынуу менен жүктүн андан аркы тагдыры кандай боло тургандыгы тиешелүү органдар тарабынан көзөмөлгө алынды.
 
Баткен областынын аймагында күйүүчү-майлоочу продукцияларга болгон бааларды турукташтыруу, чет жактарга чыгарбоо боюнча бул аракетибиздин жыйынтыгы боюнча жакынкы күндөрдө жалпы коомчулукка кеңири маалыматтарды жарыя кылабыз. Азырынча мыйзам бузуучулар менен аёсуз күрөштү уланта бермекчибиз - дейт Баткен областынын губернатору Арзыбек Бурканов.

 
Бишкек мэриясы 1-июнда 441 баланы Ысык-Көлгө эс алууга жиберет. Бул максатка шаардык бюджеттен 1 млн. 631 миң 700 сом бөлүнөт. Ошол эле учурда 1-июндан тартып мектептердин алдындагы ден соолукту чыңдоочу лагерлер да иштей баштайт. Жалпысынан 4500 окуучунун эс алуусуна жана ден соолугун чыңдоосуна 3 млн. 960 сом каралган.
 
Балдардын чыгармачыл борборлору тарабынан бөбөктөргө ар кандай конкурстар, турнирлер, мелдештер, сүрөт көргөзмөлөрү жана башка иш чаралар уюштурулат. Ар кандай клубдарды кошуп алганда 20 миңге жакын бала спорттук секцияларга катышат.
 
Балдардын ден соолугун чыңдоо, жайкы каникулун көңүлдүү өткөрүү, өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулукту азайтуу максатында жыл сайын райондук администрациялар жана шаардык тиешелүү кызматтар тарабынан мындай камкордуктарды көрүү салтка айланып калган.
 

 


 

«Кыргызнефтегаз» ААКнын акционеримин деп өзүн тааныштырган Максат Айылчиев Бишкектеги «Кабар» маалымат агенттигинен жыйын өткөзүп, аталган ишканада абал тынч эместигин билдирди.
 
Анын айтымында, Каныбек Масировду жактап, «Ата Мекен» партиясынын эки мүчөсү тапанча алып, экинчи кабатта жүрүшөт. «Алар партиянын эмблемасын колдорунда кадимкидей тагып жүрүшөт, мындай жагдай 26-апрелден бери уланып келе жатат», - деген М.Айылчиев абалды тынчытуу үчүн тиешелүү органдар чара көрүүсүн өтүндү.
 
Баракелде
 

 
“Алиби” гезитинин 17- майдагы санына Алмаз кантип курчуду? деп жазылган. Кыргыз Өкмөтү 1-майдан баштап, мугалимдер менен врачтардын айлык маяналарын эки-үч эсеге көтөрөбүз деген убадаларды берген эле.
 
Өкмөттүн кезектеги кеңешмесинде премьер-министр А. Атамбаев айтылган убаданы аткаруу үчүн акча табылганын айтып, Билим берүү менен Саламаттык сактоо министрлерине кайрылып, эгер айлык маяналар убагында төлөнбөсө, анда министрликтер ишсиз калаарын билдирди. Бул багыттагы ишти жайбаракат алып баратканы үчүн, эки министр, Медициналык милдеттүү камсыздандыруу фондунун директору моюндарына бирден сөгүш илип алышты.
 
Өкмөт башчысы кайсы жерлерде көтөрүлгөн айлык маяна кечиге турган болсо, мындай жазадан губернаторлор, акимдер жана мектеп директорлору да четте калбастыгын эскертти. “Акча бюджети бар. Чайнап берген ашты нары жута албасанар, анда өз убалыңар өзүңөргө. Андай министрлердин бизге кереги жок” деп жазылган.  
 
“Алиби” гезити

 

  
“Фабула” гезитинин 31-санына Ажы “абысындар” баяны аттуу маалымат чыккан. Эзелтен бери чабышып келе жаткан азыркы акыйкатчы менен мурунку акыйкатчынын акыйнеги дагы уланды.
 
 “ Ар- Намыстын” депутаты Турсунбай Бакир уулу Турсунбек Акун абактагылардан акча өндүрөт деп айыптап чыкты. Бакир уулунун айтымында, Турсунбек Акун шылуунчулук үчүн айыпталып, абакта жаткан “ Азия Курулуш” компаниясынын башчысы Адина Турдубаевадан акыйкатчы акча өндүргөн тууралуу баяндаган катын ЖК спикери Акматбек Келдибековго өткөн жуманын акырында тапшыргандыгын кошумчалады деп жазылат.
 
 
Булак: “Фабула” гезити

 

 


 
17-майдагы чыккан “Фабула” гезитине төрөга “кембагал” депутаттарды аяды деп жазылган. Өткөн жуманын акырында ЖКнын пленардык жыйынында ар-намысчы Дастан Бекешов 1-июндагы балдарды коргоонун эл аралык күнүн эстеп кетип, депутат кесиптештерине “балдарга белекке 2 миң сомдон чогулталы”- деген асыл оюн айтып чыкты. Кабактары бүркөлө түшкөн эл өкүлдөрүбүздү төрага Акматбек Келдибеков: “Койгула, андан көрө мен спикердин резервдик фондунан эле акча бөлдүртөйүн.
 
Депутаттарды кыйнабай эле коелук. Ансыз деле аз айлыкка иштеп атышат”- деп куткарып кетти. Акматбек мырза бул кебин чындап айттыбы, же мыскылдап айттыбы, ким билсин, бирок залда отурган депутаттарыбыздын бирөө да “2 миң сомдон кемип кетмек белек, берели “- деп койгонго жарашкан жок эй! Эмне демекчибиз, буйрусун деп жазылган.
 
Булак: “Фабула “ гезити

 
«Фабула» гезитинин 17-майда чыккан санында жазылгандай, эл өкүлү Өмүрбек Текебаев шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө катуу далалат жасап жатат.
 
Анда айтылгандай, БШКнын курамын толугу менен кызматтан кетирүү талабын коюп, БШКга башка мүчөлөрдү шайлоо маселесин дагы көтөрүп келет. «Шайлоо кодексине өзгөртүү киргизип, БШКнын курамын башка шайлаш керек деп, анын төрагасы кылып өзүнүн ишенимдүү кишиси Ишенбай Кадырбековду алып баруунун үстүндө катуу иш жүргүзүп жатат. Эгер чындап Өмүрбек мырзанын бул планы ишке ашып кете турган болсо, ишенимдүү түрдө президенттикке ат салышууга чыгышы толук мүмкүн», - деп кошумчаланган гезитте.
 
Баракелде

 
Кечээ, 16-май күнү ылдамдыгы 20 м/сек чейинки шамалдын кесепетинен «Түндүк электр» ААК аймагына тийиштүү Чүй, Талас областарында жана Бишкек шаарында авариялык өчүрүүлөр болуп, учурда борбор калаада 10 фидер чыңалуусуз турат. Бул тууралуу аталган компаниянын басма сөз кызматы билдирди.
 
Шамал бак-бутактарды кыйратып, электр берүү чубалгылары үзүлдү. Учурда «Жогорку Орок», «Ала-Тоо», «Кара-Жыгач»” конуштары, «Ак-Өргө» конушунун жарымы, Репин, Баха, Ахунбаев көчөлөрүнүн электр жабдуусуз тургандыктан, электр куроочулардын 24 бригадасы оңдоп калыбына келтирүүдө.
 
Чүй областы боюнча 90 фидер чыңалуусуз тургандыктан, 59 бригада авариялык бүлүнүүлөрдү оңдоп, калыбына келтирүү иш-чараларды көрүүдө. Ал эми учурда Таласта 23 фидер бүлүнгөндүктөн, шууту жүрүүчү бригаданын 10 электр куроочулары иштөөдө.
 
Баракелде
 

Былтыр май айында "Азияуниверсалбанктын" ячейкаларынан алынган 20 млн. жашылбайдын 1 миллиону тууралуу "телефонгейт" тегиз тарап, коомчулук уу-дуу болгон. Акыры президент Роза Отунбаева ортого түшүп, ал миллион түштүктү стабилдештирүүгө жумшалганын айткан соң, Алмазбек Атамбаев, Азимбек Бекназаров, Темир Сариевдер беттырмашмайын токтотушкан болчу. Кечээ парламентте Азике эски жаратты кайра чукуп, миллиондон эч нерсе жебегенин айтып актанып, керек болсо миллионду устукандоодо Атамбаевдин катышы бар дегендей демитип алды. Деги мунун учугу качан, каяктан чыгар экен?

Ушул эле күнү "Дастан" ишканасынан чыгарылган 2 млн. доллар тууралуу доомат жалганга чыгарылды. Эске салсак, буга чейин экс-башпрокурор Кубатбек Байболов "Дастан" ААКсынын 2 млн. доллары кайсы бир партиянын үгүт кампаниясына жумшалганын билдирип, муну ишкананын топ-менеджери Оскар Даминов да тастыктаган. Кийинчерээк заводдун инженери Борис Удоттун тергөөдө акча КСДП партиясына жумшалганын айткандары интернет булактарына чыккан эле.
 
Эми минтип анын баарын улутташтырылган мүлктү башкаруу фондунун башчысы Даир Кенекеев "айтылган факты боюнча финполиция, ИИМ, Эсептөө палатасы жана Башкы прокуратура өкүлдөрү катышкан ведомство аралык комиссия иликтөө жүргүзүп жатат. Бирок экс-башпрокурордун ишканадан ири сумманы чыгарып кетишкен дегени негизсиз" дейт. Деги булардын кимиси жалганчы?
 
Агым

 


Президенттик шайлоо жыттана баштагандан бери элге эрмек табылды. Учурда "Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев түштүктү түрө кыдырып жүрөт. Алгач жалал-абаддыктар менен жолугушуп, элди улут аралык ынтымакка чакырды. Мамлекетти гүлдөтүү боюнча омоктуу ойлорун ортого салды. Берилген суроолорго берилүү менен жооп берип, апрель революциясынан кийин банктардын ячейкаларынан алган каражаттар тууралуу кенен айтып, өзү ал каражаттан пайдаланбаганын билдирди. Кечээ сапарын Сузак районунда улантты. Аягында жолугушууга келгендерге сый тамак берилүүдө.

Агым

 

 
Өткөн саныбызда айттык эле, "Ата-Журттан" ажолукка Түлеев аттанат экен деп. Айтканыбыз акырындап ачыкка чыгып баратат. Мурдагы күнү "Кырк чоро" деп аталган коомдук бирикменин мүчөлөрү маалымат жыйынын өткөрүшүп, Султанов менен Түлеевди алдыдагы президенттик шайлоого ат салышуусун аябай суранышкан экен. Ошентип, бригадачыларга бешинчи болуп кирген Нариман Түлеев Марат Султанов менен тандемдешип, ажолукка аттанышмай болуптур. Буга далил катары Султановдун орус тилдүү бир маалымат булагына берген маегин мисалга тартсак болот.
 
Анда Марат Абдразакович одонороок айтканда, өлүмүш болуп, "чоролорунун" мындай демилгесин биринчи жолу угуп атканын айтып, бирок Түлеев менен президенттик кресло тууралуу ойлору, пландары болгондугун жашырбаптыр. Ал гана эмес, ажолук аламан байгеде экөө кантип жеңишке жетишкени жатканын да саймедиреп бериптир. "Биринчиден, мыкты командабыз бар, экинчиден, Түлеев экөөбүздүн өзүбүздүн ашып-ташыган акчабыздан тышкары жардам беребиз дегендер жайнайт, каржы жагынан таптакыр кыйналбайбыз. Үчүнчүдөн, ишкерлик сапатыбыз экөөбүздүкү тең укмуш"-дейт.
 
 Экөөнүн канчалык мыкты экенин элибиз өзү таразалап алат деңизчи, бирок экөө ашып-ташыган байлыгын кимдин эсебинен чогултканы кө-ө-өптөгөн күмөн ойлорду туудуруп келет.

Айтмакчы, президенттик шайлоого катышаарын кечээ жакында ачыктаган Мирослав Ниязов Адахан Мадумаров менен тандемдешип, экс-катчылар ажолук ат салышка жетелешип чыгышмай болду. Ал эми Аликбек Жекшенкулов менен Жусупжан Жээнбековдун, Кубатбек Байболов менен Өмүрбек Текебаевдин болочок тандеми учурда катуу талкууланып жатканы тар чөйрөдө айтыла баштады.
 
Фабула

 

 
«Ата Журт» фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев үстүбүздөгү жылдын май айынын башында Жалал-Абад областынын аймагын кыдырып, шайлоочулары менен жолугушкан. Бул тууралуу «Ата журт» партиясынын Жалал-Абад областы боюнча өкүлү Апсамат Паязов аймактык кабарчы Орозалы Карасартовго билдирген.
 
А.Паязовдун айтымында, К.Ташиев ошол жолугушууда шайлоочулар тарабынан берилген сунуштарды аткара баштаган. Аксы районуна караштуу Жарды-Колот айылынын эли суу насосу жок, эл таза суу иче албай кыйналып жатканын айтып, К.Ташиевге кайрылышкан. Эл өкүлү таза суу чыгаруу үчүн 58 миң 400 сом каражат жардам берип, суу чыгаруучу насос оңдолуп, эл таза суу менен камсыз болгон.
 
Базар-Коргон районундагы Арстанбап айыл округуна караштуу Кызыл-Суу айылынын жашоочулары да таза суу үчүн каражат чогулта албай жатышканын айтып, 20 миң сом каражат жардам сурашкан. Ушул эле райондун 1-май айылынын мектебинин окуучулары шахмат боюнча Ысык-Көл областына барып катышуу үчүн демөөрчүлүк кылууну өтүнүп кайрылышкан. К.Ташиев аларга 14,500 сом каражат жардам берген.
 
Чаткал районундагы Ыдырыс пайгамбардын күмбөзүнүн үстүн жабуу сунушу түшүп, учурда архитекторлор ишке киришкен.
 
Баракелде
 

 

 
Ж.Темирбаева: Кыргызды "шакал" көрсөтүп, китептер чыгып атса кыргыз бийлиги эч реакция кылбай жатат

 
Кыргызcтандын премьер-министри Алмазбек Атамбаев өкмөттүн кезектеги жыйынында Кыргызстандын экс-башкы прокурорунун милдетин аткаруучу Кубатбек Байболовдун биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановго каршы дооматтарынын баарынын эч бир фактысы жок экендигин Жогорку Кеңештин депутаттарынан түзүлгөн комиссия аныктагандыгын айтты.
 
Премьер-министр башкы прокурордун мурунку милдетин аткаруучу жалган дооматтары үчүн мыйзам чегинде жоопкерчиликти тартышы керектигин айтты. Өкмөттүк жыйынга биринчи-вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов катышты.
 
Баракелде
 

 
2011-жылдын 15-майында Кыргызстандын Жогорку Кенешинин төрагасы Ахматбек Келдибеков Евразиялык экономикалык шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын (ЕврАзЭШ ПАА) төрагасынын орун басарлыгына шайланды. Мындай чечим Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан ЕврАзЭШ ПАА жыйынынын жүрүшүндө кабыл алынды.
 
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйынга ЕврАзЭШ мүчө-мамлекеттердин парламенттик делегациялары, тагыраак айтканда, Беларусь улуттук жыйынын кеңешинин төрагасы Анатолий Рубинов, Казакстан Мажилисинин төрагасы Урал Мухамеджанов, Мамлекеттик дума төрага орун басары Валерий Язев, Тажикстан Мажилисинин төрага орун басары Мирганд Шабозов жана башкалар катышты.
 
Жыйын катышуучулары ЕврАзЭШ, анын Парламенттик ассамблеясы, ПАА Бюросу менен байланышкан, тагыраак айтканда, ПАА жана ПАА Бюросунун курамын өзгөртүү, ЕврАзЭШ төрагасы, типтүү мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча маселелер талкууга алынды. Ошондой эле, ЕврАзЭШге мүчө-мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүү тууралуу пикирлер айтылды.
 
Баракелде