«Саясат пресс» гезитин аккредитациядан алып салуу боюнча токтом кабыл алынды. Мындай чечим Боршайкомдун 26-октябрда болгон кезектеги жыйынында белгилүү болду.
 
Анда айтылгандай, аталган гезит талапкерлерди каралоого багытталган материалдарын жарыялап, мыйзамга туура келбеген кара пиар иштерин жүргүзгөн.
 
Жыйында Алмазбек Атамбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү аталган гезитте А.Атамбаевдин аброюуна шек келтирген материалдар чыккандыгын билдирди. Анын айтымында, сот алдындагы териштирүүнүн максатында гезитке төгүндөө чыгаруу талабы жиберилген, бирок басылма кайрылууга эч жооп кылган эмес.
 
Гезиттин аккредитациясын алып салуу маселесин карап жатып, БШК мүчөлөрү ар кандай ойлорун айтышты. Айрымдар маселени кийинкиге калтыруу керектигин, башкалар кара пиар менен алектенген басылмаларды аккредитациясын алып салуу менен жазалаш керектигин айтышты. «Саясат пресс» гезити алдын ала үгүт иштерин жүргүзгөндүгү үчүн мурда эле эскертүү алганы да белгиленди.
 
Адахан Мадумаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү жыйындын жүрүшүндө аталган гезит аларга тиешелүү экенин жана Атамбаевдин өкүлдөрүнүн конкреттүү кандай нааразычылыктары бар экендигин сурады. Атамбаевдин өкүлү гезитке кат жолдонгонун жана сотко арыз берилерин маалымдады.
 
Булак: Баракелде.

 

«Ата Мекен» фракциясы Башкы прокуратурага бир катар чиновниктерди жана министрлерди административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тапшырма берди.
 
Аталган фракция бүгүнкү жыйынында өкмөткө жана Башкы прокуратурага Кыргызстанга радиоактивдүү көмүрдү алып келгендиги үчүн тиешелүү министрлерди жоопко тартууну сунуштады.
 
Фракция лидери Өмүрбек Текбаевдин айтымында, радиациялык коопсуздукту сактабаган жана бул маселеге шалаакы мамиле жасаган чиновниктерге укуктук баа берилиш керек. «Акыркы кездерде Кыргызстанга 30%га калориялуулугу аз көмүр алып келинип жатат. Мунун айынан миңдеген адамдардын ден соолугуна зыян келтирилип жатат. Буга байланыштуу өкмөткө радиациялык коопсуздукту сактабаган чиновниктердин ишин карап, кайсы министрлерди кызматтан кетирүү боюнча сунуштама айтуу керек. Ошондой эле Башкы прокуратура радиоактивдүү болгон көмүрдү ким алып келгендиги боюнча иликтөө жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартыш керек. Аларга тапшырма беребиз», - деди Текебаев.
 
Ал эми Райкан Төлөгөнов «Кыргызстанга радиоактивдүү көмүр алып келингендиги - бул факт, аны жаап-жашырбашыбыз керек жана күнөөлүүлөрдү аныктоо иштерин жүргүзүү керек», деди.
 
Булак: Баракелде.

«Айкын саясат» гезитинин 26-октябрда чыккан санында жазылгандай, Марат Султановду Нариман Түлеев куп гана жайлаган экен. Президенттик аламанга чыккан М.Султанов жакшы эле теминип калды эле, Түлеевдин айынан талапкерлигин алып салам деп, М.Султановго бүгүн абдан эле оор болуп турган чагы.
 
Басылмада жазылгандай, экөө кол алышып, «эгер мен койсом талапкерлигиңден сен баш тартасың, сен койсоң мен баш тартам» деп жигитче сүйлөшкөн экен. Анан эле, Түлеев «мен акчанын күчү менен болсо да шайлоого катышууга мүмкүндүк алам. Эгер болбосо сен катышасың», дейт. Анан Н.Түлеев жанталашып калат да, М.Султановду түртүп чыгып туруп, өзү А.Атамбаев менен соодалашып кеткенин жумурай журт ачык эле билип турса керек.
 
Учурда М.Султанов Н.Түлеевге тиш кайрап, «мындай болоорун билгенде аягына акчам жок болсо да бармакмын» деп аты-жыты билинбей кеткен Н.Түлеевди издеп жатыптыр. Түлеев болсо Маратка таптырбай, жолуккандан качып жүрүптүр, деп жазылат гезитте.
 
Анда кошумчалангандай, телефон чалып ала албай койгон М.Султанов жигитчиликтин баркын дагы бир түшүнүп башын чайкап жаткан кези экен.
 
Булак: Кереге.

Бүгүнкү күндө 51 мамлекеттен жана 35 эл аралык уюмдан 601 байкоочу катталды, деп билдирди БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимов маалымат жыйында.
 
Анын айтымында, бүгүнкү күндө дагы эл аралык байкоочуларды аккредитациядан өткөрүү иши улантылууда. «Кээ бир документтери туура эмес уюмдар да болуп жатат. Каттоодон баш тарткандар бар», - дейт ал. Ал эми жергиликтүү байкоочуларды каттоо эми башталат, алардын саны миңден аша турганын айтты.
 
Мындан тышкары, Т.Абдраимов 50 киши 4-8-11 жолудан башка шайлоо участкасына арызы менен каттоодон өткөнүн айтып, «Таласта бир жаран бардык 11 шайлоо участкасында каттоодон өтүптүр. Аны шайлоонун натыйжасын бурмалаганга аракет жасаган деп Башкы прокуратурага беребиз», - деди ал.
 
Анын айтымында, алдын ала республика боюнча 87 адам добуш берди. Бардык аймактык шайлоо комиссияларына урналар, картридждер таратылып берилүүдө. Добуш берүүдөн кийин бардык участкаларда факс аркылуу протоколдор жиберилип турат.
 
Ошондой эле ал аймактык шайлоо комиссияларга 108 млн сом бөлүнүп берилгенин айтты. Калемсаптар, кагаздар менен камсыз болушту жана айлык акыларга ошол суммадан бөлүнөт, деди ал. Ал эми БШКнын ишине бүгүнкү күндө 100 млн сом сарпталган.
 
Булак: Баракелде.

Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин билдиришинче, ушу тапта 11 үй толук курулуп бүтүп, колдонууга берилди. Былтыркы июнь коогасынан зыян тарткан шаарларды калыбына келтирүү үчүн берилген 100 миллион доллардын 65 миллиондон ашыгы коротулду.
 
 Сатыбалдиевдин маалыматына ылайык, жеке үйлөрдү калыбына келтирүүгө алгач Бириккен Улуттар Уюму колдоо көрсөткөн. Экинчи этабында Азия Өнүктүрүү Банкы каражат бөлдү. Ошондой эле түрк жана кытай өкмөттөрү да кол кабыш кылып жатат. Эки миңден ашуун ишкер 50 миң сомдон кайтарымсыз каражат алган.
 
 25-октябрда Жогорку Кеңештеги Бюджет жана каржы комитети Ошто көчмө жыйын куруп, аталган мамдирекциянын ишин жана келээрки жылга бөлүнчү каражатка байланыштуу маселелерди талкуулады.
 
Булак: Азаттык.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов 26-октябрда маалымат жыйынында билдиргендей, учурда шайлоочулардын тизмесин тактоо иши улантылууда.
 
Анын айтымында, бардык аймактык шайлоо комиссияларына шайлоо бюллетендери жеткирилип берилди. Республика боюнча 2 млн 923 миң бюллетень жиберилди. Андан тышкары, кайсы районго кандай номер менен кеткени да жазылып турат.
 
Азыркы мыйзамга ылайык, ар бир бюллетенде номер, корешок коюлган, деди төрага. Шайлоочулардын саны өскөндүгүнө байланыштуу, 170 миң бюллетень басылып чыкты. Бүгүнкү күндө шайлоочулардын саны такталса, эртеңден баштап кошумча бюллетендер таратылат.
 
Анын айтымында, шайлоочулардын саны 3 млн 6231 миң болду, бул көрсөткүч өсүшү да, ылдыйлашы да мүмкүн. Жалпы жонунан 160 миң киши тизмеге кошулуп, ошондой эле, 35 миң киши тизмеден алынган.
 
Мындан тышкары, каза болгон 19 миң киши алынды. Ал эми 3870 миң адам тизмеге бир нече жолу кайталап катталгандыгы аныкталып, тизмеден алынып жатат. «Бүгүнкү күндө шайлоочулардын саны дагы текшерилип атат. Жалпылап айтканда, шайлоочулардын саны 3 млндон ашты. Бул азайышы да, көбөйүшү да мүмкүн. Эртеңден баштап, баары такталып бүтөт», - деп айтты Т.Абдраимов.
 
Булак: Баракелде.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда элдердин жакырчылык жашоосу 37%ды түзөт, же 16 миң 596 үй-бүлө жакыр катары эсептелет. Бул тууралуу Сузак районунун акиминин милдетин аткаруучу Нурболот Мирзахмедов маалымат жыйынында билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы Анархан Жаңыбаева.
 
Анын берген маалыматына караганда, райондо орто жакыр 14 миң 41 үй-бүлө бар. Жакырлардын көпчүлүгү бүгүнкү күндө айыл чарбасы менен иш алып барышат. «Айыл-чарбасында көптөгөн проблемалар болгондуктан улам, бүгүнкү күндө бул үй-бүлөлөрдүн абалын жогорулатуу өтө оор болуп жатат», - дейт райондун акими.
 
Мамлекеттик жөлөк пулду райондогу 24 миң 607 бала алышат. «Бир айлык керектелүүчү сумма 6778,5 миң сом, ар бир балага орточо 266,6 миң сомдон мамлекеттик жөлөк пул пайдаланылды», - деди Н.Мирзахмедов.
 
Булак: Баракелде.

Бүгүн Бишкекте тымызын тыңшоого жол берген СОРМ же Оперативдик-издөө чараларын камсыздоо боюнча техникалык каражаттардын системасын жөнгө салуу боюнча мыйзам долбоор талкууланат. Быйыл май айында тыңшоолорду мыйзам аркылуу жөнгө салуу боюнча жумушчу топ түзүлгөн болчу. Натыйжада атайын мыйзам долбоор даярдалды.
 
 Кыргызстанда тымызын тыңшоолорго байланыштуу ар кандай күдүк ойлор тыйылбай келет.
 
 Жогорку Кеңештеги Коргоо жана коопсуздук комитети 10-октябрда тыңшоого ылайыкташтырылган жабдуулар тууралуу жыйын куруп, анда парламенттин имаратында жана кабинеттерде шектүү зымдар бар экени айтылган. Ушундан улам тыңшоого ылайыкташтырылган шектүү зымдарды таап иликтөө боюнча атайын топ түзүлгөн болчу.
 
Булак: Азаттык.

 

Кыргыз өкмөтү 25-октябрдагы жыйынында 46 өлкөнүн жарандары үчүн визасыз каттамга уруксат берүү боюнча мыйзам долбоорду талкуулады. Экономикалык тескөө министри Учкун Ташбаев визасыз каттам өлкөнүн туристтик тармагы үчүн пайдалуу болоорун айтты. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов мыйзам кабыл алынса өлкө казнасына 60-70 миллиондой сом түшпөй калаарын, бирок келечекте мындан да көп каражат келээрин айтты.
 
 Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче, жыйын соңунда бул мыйзам долбоорду Юстиция министрлигинин сунуштарын эске алуу менен колдоо тууралуу чечим кабыл алынды.
 
Булак: Азаттык.

ЮСАИД Кыргызстанда асыл тукум мал чарбаларын түзүп өнүктүрүү үчүн 8,5 миллион доллар бөлгөн жатат. Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, мындай чарбалар ар бир облуста бирден ачылмакчы.
 
 Мал киндиктүү Кыргызстанда Советтер Союзу ыдырагандан бери асыл тукумдуу мал баккандар дээрлик калбай калган.
 
Булак: Азаттык.

 

Бишкек, «Саясат kg» - Автандил Белеков. Бүгүн, 26-октябрда таңга маал Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы “Достук” чек ара бекети ачылды. Алгачкы ирет Кыргызстан тараптан Өзбекстанга 50-60, ал эми Өзбекстандан биз тарапка 4-5 адам жана 10 КАМАЗ автомашинасы өткөн. Бул тууралуу “Азаттык” радиосу кабарлады.
 
Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы 2010-жылдын апрель окуясына байланыштуу Өзбекстан тараптан бир тараптуу жабылган болчу. Анын натыйжасында эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык мамилелер токтоп, “Кара-Суу” базарындагы соода-сатык солгундап калган. Эки мамлекеттин ортосунда 7 чек ара бекети бар. Калган 6 бекеттин качан ачылары тууралуу маалымат жок.

 

Бишкек, «Саясат kg» - Автандил Белеков. 18-октябрь күнү түнкүсүн «Кыргыз-Почтасынын» Чоң-Алай районунун борбору Дароот-Коргон айылында жайгашкан филиалына белгисиз бирөөлөр терезесин сындырып киришкен. Алар андан ары сейфтин эшигин темир араа менен кесип ачышып, балдардын пособиясы менен пенсияга бөлүнгөн 4 миллион сомдон ашык акчаны уурдап кетишкен. Бул тууралуу КР ИИМ маалымат кызматы билдирди.
 
Окуя болгон жерге аталган райондун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери барышып, кылмыштын бетин ачуу боюнча атайын ыкчам-тергөө тобу түзүлгөн. Сыщиктер бир эле мезгилде Чүй, Жалал-Абад облустарында жана Ош шаарында иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. Чоң-Алай РИИБнин кызматкерлери Ысык-Ата районунун айылдарынын биринен ири суммада акча уурдоого шектүү кылмышкерлердин бирин таап, анын жанынан 1,9 миллион сом акчаны табышкан. Ал эми Жалал-Абад облусунун Сузак районунан 60 миң сом табылган. Бул кылмышка шектүүлөрдүн бири уурдалган акчанын бир бөлүгүн таштап кеткен экен.
 
 Ош шаарында жүргүзүлгөн ыкчам иш аракеттердин натыйжасында 24-октябрь күнү 1,5 миллион сом табылган. 25-октябрда Ош облустук ИИБде табылган акчалар (3,5 миллиондон ашык) «Кыргыз-Почтасы» ишканасынын Чоң-Алай райондук филиалынын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди. Ошентип балдар менен пенсионерлердин акчасынын көп бөлүгү ээлерине кечигип болсо да таркатылган.
 
Азыркы учурда милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышты жасоого шектүү катары эки адам кармалып, үчүнчүсүн колго түшүрүү боюнча иш чаралар жүргүзүлүүдө. Булардын жаш курагы 20-22де жана Ош облусунун Алай, Чоң-Алай райондорунун жашоочулары.

 

Бишкек, «Саясат kg» - Автандил Белеков. Бүгүнкү күндө республикабыздын транспорт тармагында бир катар көйгөйлүү маселелер бар. Алардын эң негизгиси-колдонуудагы жеңил жана оор жүк ташуучу автомобилдердин 48%га жакынынын колдонуу мөөнөтү өтүп кетип, скилиги жеткендиги.
 
Анын кесепетинен жол-транспорт кырсыктары көп катталууда. Мындан тышкары экологиянын бузулушу бир гана табиятка эмес, адамдардын ден соолугуна зыян келтирүүдө. Жыл сайын жалпысынан 400-600 миң тонна бензин жана дизел майы керектелет. Ошондой эле такси кызматындагы жеңил автомашиналардын иши көзөмөлгө алынган эмес. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүк жыйында айтылды.
 
Бирок Кыргызстандын аймагы бийик тоолуу болгондуктан жана алыскы айылдарга жетүүнүн кыйындыгынан улам автомобил транспорту негизги жол жүрүү каражаты катары кала берүүдө. Ошол эле учурда өлкөбүздүн аймагы аркылуу Россия, КЭР, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана башка мамлекеттер үчүн транзиттик жол катары пайдаланылууда. Ошондуктан бул жагдай экономикалык жактан киреше табуунун жана эл аралык мамиленин баалуу бөлүгү болууга тийиш.

Бишкек, «Саясат kg» - Автандил Белеков. КР Өкмөтү парламенттен жарандардын менчик автомашиналарын техникалык кароодон өткөрүүнү жокко чыгарган чечимди колдоп берүүнү суранат.
 
Бул тууралуу кезектеги өкмөттүк жыйында Биринчи вице-премьер-министр, премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов билдирди.
 
Анын айтуусунда мындай чечимди ички иштер жана каржы министрликтери да колдогон. “Автомашиналарды техникалык кароодон өткөрүү түздөн-түз коррупцияга айланып кеткен. Мындай көрүнүш менен күрөшүү максатында техникалык кароону жокко чыгарган токтомго кол коём”,- деди ал.
 
Бирок жүргүнчүлөрдү ташуучу автомашиналар эч качан техникалык кароодон бошотулбайт.

Кыргызстанда жумушсуздуктун көрсөткүчтөрү былтыркыга салыштырганда ошол эле бойдон сакталууда. Бул тууралуу Экономикалык тескөө министрлигинен билдиришти. Жумушсуздуктун деңгээли учурда эмгекке жарамдуулардын жалпы санына карата 8,4% болууда. Экономикалык жактан активдүү делген калктын саны - 2 миллион 420 миң адам.

 

Алардын дээрлик 90 пайызы жумуш менен камсыз болушкан. Жумушсуз жүргөндөрдүн саны 204 миң адам экени расмий айтылууда. Жумушсуздуктун айынан көптөгөн кыргызстандыктар, айрыкча элеттин жаштары чет мамлекеттерге чыгып кетишүүдө.
Булак: Азаттык.

 

Шашылыш эскертүү

 

 Октябрдын 28-нен 30-на чейин Кыргызстанда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: жамгыр жаап, өрөөндүү райондордо карга айланат, тоолорго кар түшөт, айрым жерлерде жаан-чачын мол жаайт. Батыштан соккон шамал 15-20 м/с чейин катуулайт. Күндүз абанын температурасы өрөөндүү райондордо 1...6га чейин төмөндөйт. Аба ырайынын мындай өзгөрүлүшү айыл-чарба өсүмдүктөрдүн өсүүсүн токтотот, кант кызылчасын жыйноодо тоскоол болот, автотранспорт, энергетикалык жана коммуналдык кызматтарынын ишин кыйындатат.
 Аба ырайы
 26-октябрда Кыргызстандын аймагында ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
 Абанын температурасы:
 Чүй облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 15...20,
 Талас облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз 14...19,
 Баткенде түнкүсүн 1...6, күндүз 15...20 градус болот.
 Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2...7, күндүз 17...22,
 Ысык-Көлдө түнкүсүн 0...+5 градус, күндүз 11...16,
 Нарында түнкүсүн -3...+2, күндүз 10...15.
 Тоолордо түнкүсүн 15-20 градус суук, ал эми күндүз -2...+3 болот.        
 Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт.Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 3...5, күндүз 17...19 градус жылуу болот.
Булак: Азаттык.

Жалал-Абад облусундагы мектептерде мугалим жетишпейт. Облбийликтин тармактык бөлүмүнөн “Азаттыкка” билдиришкендей, кыргыз, орус, чет тили жана математика, физика, химия сабактарын окутуучу 328 мугалим жетишсиз болууда.

 

Жалал-Абад шаарындагы мектептерде мугалимдер толук болгону менен орус жана өзбек тил мугалимдеринин тартыштыгы бар. Мугалимдердин өздөрү адистердин жетишсиздигин өкмөт көбөйттү деген айлык акынын мурдагыдан аз болгону жана айлыктары баанын кымбатташына жараша көбөйтүлбөгөнү, алар үчүн  жашоого ылайыктуу шарттар түзүлбөй, үй-жай, жеңилдетилген насыялар берилбей, коммуналдык кызмат акылар төлөнбөй калганы менен түшүндүрүшүүдө.
Булак: Азаттык.

 

Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын маалыматына ылайык, Ош шаарында салыкты убагында төлөбөгөн 52 мекеме-ишкананын материалдары Ош шаардык прокуратура жана финансы полициясына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы билдирди.

 

Маалыматка ылайык, салыктан карызы бар 33 мекеме ишканадан 7 млн 150 миң 500 сом Ош шаардык прокуратура жана финансы полициясы менен бирдикте жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында бюджетке өндүрүлдү. 2011-жылдын 1-январына карата 96 млн 547 миң 500 сом салык төлөөчүлөрдүн карызы калган болсо, 2011-жылдын 1-октябрына карата салык төлөөчүлөрдүн карызы 61 млн 662 миң 900 сомду түзүп, 34 млн 884 миң 600 сомго азайтылды.
Негизинен салыктан көп карызы бар мекемелердин катарында өзгөчө кырдаалдарды болжолдоо жана мониторинг жүргүзүү департаменитинин 53 млн 9 миң 600 сом, салыктан карызын өндүрүү үчүн 5 млн 782 миң 500 сомдук мүлкү бааланып, сотко берилди.
Салыкты өз убагында төлөбөгөн ишканалар «ЖБИ-20» АК 5 млн 259 миң 500 сом, «Ош Турснаб» ЖЧК 4 млн 129 миң 900 сом, «Сезим ЮГ» ЖЧК 6 млн 199 миң 700 сом, «Бентос» ЖЧК 2 млн 235 миң 200 сом, «РАС-Сер ЛТД» ЖЧК 3 млн 110 миң сом, «Усен АМан» ЖЧК 766 миң 700 сом.
Салыкты өз убагында төлөбөгөн 15 мекеме-ишкананын жетекчилерине 75 миң сомго административдик жаза колдонулуп, 45 миң сому бюджетке өндүрүлдү.
Булак: Баракелде.

Президенттик шайлоого карата Кыргызстандын түрмөлөрүндө күзөт күчөтүлдү. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын маалымат катчысы Жолдошбек Бузурманкулов билдирди.

 

Анын айтымында, мындай тартип 20-октябрда киргизилген. Күчөтүлгөн күзөттүн мөөнөтү шайлоодон кийинки өлкөдөгү коомдук-саясый абалга жараша болот. Баары тынч болсо, 5-ноябрдан тарта кадимки тартипте иштөөгө өтүшөт.
Кыргызстанда түрмөлөрдүн жана тергөө абактарынын жалпы саны 32. Соттун чечими менен күнөөлүү аталып, эркинен ажыратылгандар добуш берүү укугуна ээ эмес. БШКдан маалымдашкандай, тергөөдөгү жарандар добуш бере алат. Президенттик шайлоо 30-октябрда болот. 19 талапкер ат салышууда.
Булак: Азаттык.

 

Акыйкатчы институту тарабынан президенттик шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иштердин жүрүшүнө мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу акыйкатчынын орун басары Токтокан Боромбаева 25-октябрда өткөн маалымат жыйынында айтты.

 

Анын айтымында, мониторинг жүргүзүү үчүн жети адамдан турган штаб түзүлгөн. Алар бардык талапкерлердин штаб башчылары менен жолугуп, шайлоого даярдыктары жана үгүт иштеринин жүрүшү тууралуу маалыматтарды алышты.
Иликтөөнүн жыйынтыгына ылайык, бардык аймактарда талапкерлер шайлоого активдүү катышып, үгүт иштерин жүргүзүп жатышат. «Биз бүт талапкерлердин штаб башчылары менен жолуктук. Бир гана А.Атамбаевдин штабына кирүүгө мүмкүндүк болгон жок. Күзөтчүлөрү жана башка кызматкерлери ар кандай шылтоолорду айтышып, бизге штаб башчысын жолуктурушкан жок», - деди орун басары.
«Кээ бир талапкерлер үгүт материалдарын айрып кетишкендиктерин жана атайын алдырып салгандар тууралуу айтып, арызданышты. Ошондой эле, административдик ресурстар колдонулуп жаткандыгын да билдиришти. Ушул сыяктуу айрым мыйзам бузуулар боюнча БШКга атайын кат жолдодук. Негизинен анчалык көп деле кемчиликтер болгон жок. Чындыгында, административдик ресурстар колдонулбаса эле, биз шайлоо таза өтөт деген ишеничтебиз», - дейт Т.Боромбаева.
Булак: Баракелде.