Ош облусу боюнча суу пайдалануучулардын сугат сууга болгон кызмат акысынын карызы 7 млн 386 миң 500 сомду түзөт. Бул тууралуу облус губернатору Сооронбай Жээнбеков билдирди, деп маалымдады «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы.

 

Суунун кызмат акысы үчүн эң көп карыз Кара-Суу районунда орун алып, 6 млн 839 миң 500 сомго жетип, райондогу Сарай, Ак-Таш, Нариман, Кашкар-Кыштак, Шарк, Жоош, Отуз-Адыр, Сары-Колот, Мады айылдык округдары ири суммадагы карыздарын төлөбөй келүүдө», - дейт С.Жээнбеков.


Бул багытта ал бардык суу пайдалануучулардан төлөм каражаттарын тез арада топтоону уюштуруу жана каражатты ишке салуу керектигин боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берди.


  Баракелде

 

Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Асия Сасыкбаева радиоактивдүү көмүр боюнча комиссия түзүүнү 1-февралда пленардык жыйындын алдында өтүндү.


«Азыр радиоактивдүү көмүрлөр мектептерге берилип кетти. Эми губернатор ал көмүрлөрдү кайра ТЭЦке ташыйм деп айтып жатат. Ал радиоактивдүү көмүрдөн чыккан күл 3-4 эсе зыян деп айтылууда. Ошондуктан, бул маселе боюнча комиссия түзүп, ал көмүрлөрдү утилизация кылууну колго алсак», - деди ал.


Ал эми депутат Анарбек Калматов радиоактивдүү көмүр боюнча чоң кызматтагы адамдар аралашкан деди.


  Баракелде

 

 Кечээ, 31-январда саат 11:40тан баштап 12:00гө чейин артиллериялык топ Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымында 5 жолу аттыруу жүргүзүп, жалпы көлөмү 5 миң куб метр өлчөмүндөгү кар көчкү түшүп унаа жол убактылуу жабылган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, саат 13:45тен баштап саат 14:34кө чейин артиллериялык топ Бишкек-Ош унаа жолунун 248-чакырымында 12 жолу аттыруу жүргүзүп, бирок кар көчкүсү түшкөн эмес. Саат 15:32ден баштап саат 15:47ге чейин артиллериялык топ Бишкек-ош унаа жолунун 246-чакырымында 6 жолу аттыруу жүргүзүп, жалпы көлөмү 11 миң 500 куб метр кар көчкү түшүп, унаа жолуна жеткен эмес.


Белгилей кетсек, көчкүлөрдү атайылап атып түшүрүү иштерин аткарып жаткан ӨКМдин ыкчам тобу Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымындагы «Итагар» кар көчкү изилдөөчү станциясында жайгашкан.


Ошол эле күнү саат 17:50дөн баштап саат 18:15ке чейин артиллериялык топ Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 69-чакырымында 5 жолу аттыруу жүргүзүп, жалпы көлөмү 200 метр кубка жеткен кар көчкүсүн түшүргөн.


Маалымат боюнча, саат 18:45тен баштап саат 19:15ке чейин артиллериялык топ Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 71-чакырымында 3 жолу аттыруу жүргүзүп, бирок кар көчкүсү түшкөн эмес.


Кар көчкүлөрүн атайылап түшүрүү боюнча иш алып барып жаткан ӨКМнин ыкчам тобу жана артиллериялык топ Жаңы-Базар айылындагы «Эко-Центр» мейманканасында жайгашкан.


  Баракелде

 

Кечээ, 31-январда болжол менен саат 01:00дөр чамасында Талас облусунун Талас районунун Беш-Таш суусундагы «Контрабанда» суу бөлүштүргүчүнөн суу ташып, Кара-Дөбө айылындагы 10 турак үйдүн короо сарайларын суу каптаган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалымат боюнча, кырсык болгон жерге Жарандык коргонуу комиссиясынын биринчи орун басары жетектеп барган топ, айыл тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен бирге айыл өкмөт башчысына Беш-Таш суусундагы «Контрабанда» суу бөлүштүргүчүн жабуу тууралуу тапшырма берилди.


  Баракелде

 


 
 
3-февралда Бишкекте Кыргыз-славян университетинин башкы корпусунда  Диний иликтөөлөр борбору тарабынан уюштурулган республикабыздагы диний кырдаалды талкуулоого арналган иш чара өтөт.  Бул тууралуу аталган борбордон маалымдашты.
 
Аталган маселенин актуалдуулугу Кыргызстанда дин чөйрөсүндөгү абалдын курчтугуна, диний уюмдардын өтө тездик менен көбөйүшүнө, өлкөбүздө бул маселе боюнча саясаттын жоктугуна жана диндер аралык пикир келишпестиктерди тартипке салуу зарылдыгынан улам жаралууда.
 
1990-жылдан бери Кыргызстанда чыныгы диний кырдаалдын абалын көрсөткөн маалымат жок. Мындай иликтөөлөр КР Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча  комиссиясы жана 2006-жылы КРСУнун Стратегиялык анализ жана божомолдоо институту тарабынан негизинен мусулман калкы жашаган төрт облуста гана жүргүзүлгөн. Бул маалыматтар менен өлкөдөгү чыныгы диний кырдаалга баа берүүгө мүмкүн эмес.
 
Кыргызстандын диний иликтөөлөр борбору – окумуштуулар, окутуучулар, коомчулуктун өкүлдөрү жана дин тууралуу акыйкат маалымат берүүнү каалаган жарандардын көзкарандысыз илимий-иликтөө борбору.
 
Булак: Кабар

 

 Бишкек – “Саясат.kg”. КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматына караганда Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу унаа жолдорунда кар көчкүсүнүн түшүүсү   жана жолдордун тайгак болушу күтүлүүдө.


Министрлик коопсуздукту камсыз кылуу максатында айдоочулар тоолуу авто жолдорундо 500 метр аралыкты сактоону эскертет.

 


 
20-январда КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик финансы полициясы кызматынын Аламүдүн району боюнча башкармалыгына Б.А. аттуу жаран андан аталган райондун РЭС кызматкери электр энергиясын тийиштүү уруксаты жок пайдалангандыгы үчүн 5 миң сом пара талап кылгандыгын билдирген. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Бул факты боюнча, 21-январда Мамлекеттик финансы кызматынын Чүй облустук башкармалыгы тарабынан КР КЖКнын 225-беренесине ( мыйзамсыз сыйургал алуу) ылайык кылмыш иши козголгон.
 
Ал эми 30-январдагы ыкчам-иликтөө иш чараларынын натыйжасында Аламүдүн РЭСнин инспектору 4 миң сомду мыйзамсыз түрдө алып жатканда кармалган.
 
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
 
Булак: Кабар

 

31-январда, КР Премьер-министри Өмүрбек Бабанов TeliaSonera компаниясынын президенти Нюрберг Ларс Гуннар жетектеген делегацияны кабыл алды.


Жолугушуу учурда Нюрберг Ларс Гуннар Өкмөт башчысына компаниянын иштери тууралуу айтып берди жана Кыргызстандын экономикасына өзгөчө телекоммуникация тармагына инвестиция салууга кызыкдар экендигин айтты.


Премьер-министр Кыргызстан өлкөнүн рыногуна киргиси келген инвесторлор менен иштешүүгө даяр экендигин айтты.


“Кыргызстан инвесторлорду кабыл алууга даяр. Бизде инвестиция үчүн жакшы шарттар түзүлгөн. Өкмөт тендерлердин ачык-айкын жүргүзүлүшүно кепилдик бере алат”, - деди Ө.Бабанов.


Кабар

 


 
 Кечээ, 31-январда Жалал-Абад облустук соту тарабынан 2010-жылдын июнь окуясы боюнча сот жообуна тартылган Кадыржан Батыров, Ином Абдурасулов, Абдурахман Абдуллаев, Халилжан Худайбердиев жана Жавлон Мирзаходжаевдердин адвокаттарынын Жалал-Абад шаардык сотунун 2011-жылдын 28-октябрындагы чечимин жокко чыгаруу боюнча доо арызын кароо аягына чыгарылды. Бул тууралуу КР Жогорку Сотунун маалымат кызматынан билдиришти.
 
Жалал-Абад облустук сотунун кылмыш иштери жана администрациялык тартип бузуулар боюнча коллегиясынын чечими менен Жалал-Абад шаардык сотунун 2011-жылдын 28-октябрындагы чечими өзгөртүүсүз калтырылды.
Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен К.Батыров жана Ином Абдурасулов 2010-жылдагы июнь окуясын уюштурууга жана массалык адам өлтүрүүгө күнөөлүү деп табылып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр боюу эркинен ажыратылышкан.
 
Ошондой эле соттун чечими менен А.Абдуллаев жана Х.Худайбердиев үй-мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга эркинен ажыратылышкан. Ж.Мирзаходжаев үй-мүлкүн конфискациялоо менен 14 жылга эркинен ажыратылган. М.Абакжанов үч жыл сыноо мөөнөтү менен 6 жылга колония-поселенияда жазасын өтөөгө өкүм чыгарылган.
 
Булак: Кабар

 


 
 
Бишкек, “Саясат. Kg”. Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Чубак ажы Жалилов сотто оппоненти Ормон Шаршеновду кечирип, өз доосун кайтарып алды. Азрети Муфтий Чубак ажы Жалилов мындай кадамга Президент Алмазбек Атамбаевдин 2012-жылды “Үй-бүлө, тынчтык, түшүнүү жана кечирим” жылы деп жарыялаган саясатын кабыл алып барды. Бул тууралуу Муфтияттын маалымат кызматынан билдиришти.
 
Мындай чечим кабыл алуусуна байланыштуу Муфтий ар кандай пикир келишпестиктерди тынчтык жолу менен чечип, диний башкармалыктын баардык адам абройуна жана кадыр-баркына байланыштуу сот, прокуратурага кайрылууларды кайра алууну белгиледи.
 
Ошондой эле Муфтий Чубак ажы Жалиловдун буйругу менен  облусттук жана шаардык казыяттарга жума намазы учурунда (жума сайын бир жолу) үй-бүлө, тынчтык жана кечирим темасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
 
 
 

 

 

Украинада катуу сууктан 5 күндүн ичинде 30 киши тоңуп өлдү. Бул маалыматты өлкөнүн чукул кырдаалдар министрлиги бышыктады. Буту-колун үшүккө алдырган дагы 500дөй киши  доктурларга кайрылышкан. Жапа чеккендердин көбү үй-жайсыз селсаяктар деп айтылууда. Украинанын айрым жерлеринде абанын температурасы 33 градуска чейин төмөндөп кеткен.


Азаттык

 


 
 
Баткен облусунун губернатору Арзыбек Буркановдун тарапкерлери анын кызматтан кетүүсүнө каршы болушууда жана Лейлек районунун Андарак айылындагы окуяны иликтеген өкмөттүк комиссиядан ишти кайрадан карап чыгууну талап кылышууда. Себеби алар А.Буркановдун Андарактагы эки улуттун өспүрүмдөрүнүн ортосундагы хулиганчылык деңгээлдеги чыр-чатакка күнөөсү жок, кайра улуттар аралык жаңжалга жеткирбей токтотуп калды деп эсептешет. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз билдирди.
 
Бүгүн Баткен облусуна барган КР Өкмөтүнүн Аппарат башчысы Төрөгул Бековду облустук администрациянын алдында 500гө жакын жергиликтүү жашоочулар тосуп алып, А.Буркановду ордунда калтыруу талабын билдиришти.
 
Баткендиктер ошондой эле Өкмөт Аппаратынын жетекчисине коррупцияны токтотуп, облус аймагынан Тажикстанга аткезчилик жолу менен дизел майын жана бензинди ташып жаткан машиналарды токтотууну айтышты.
 
Булак: Кабар

 

Бишкек, “Саясат.kg». Коргоо Кеңешинин отурумунда президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик бийликтин коррупцияга каршы жүргүзүп жаткан саясатын, аны менен күрөшүүнүн ыкмаларын жана жолдорун аныктап, талкууга салды.

Коррупциянын Кыргызстанга тийгизген залалын акчалай эсепке салганда, бул өнөкөт өлкөбүздү бир эле жылдын ичинде 30 миллиард сомдук жоготууга алып келгенин Кеңештин катчысы Бусурманкул Табалдиев билдирди. Мындан сырткары, учурда өлкөбүздө орун алган тымызын экономикада 130 миллиард сомго чейинки акча каражат айланып жатканын да жашырганы жок.

“Коррупция Кыргызстанды түп-тамырынан бери ээлеп, каныбызга сиңген илдет болуп калды”,- деген пикирге кошулбаган адам болбосо керек арабызда. “Жыгачтын жумшагын курт жейт, адамдын жумшагын адам жейт”, деген сөзгө, “коомдун жумшагын коррупция жейт” деп кошумча кылсак тура болчудай. Мындай дарттан кантип арылса болот, аны менен күрөшүүнүн ыкмалары барбы деги?

Барынан да кызыгы, коррупция менен күрөшүүнү коррупцияга белден батып, мамлекеттин казынасына беш саласын бирдей малып алган чиновниктердин колуна берип койгондорунда болуп жатпайбы. Бөрүгө кой кайтарткандай, бул маселеде жылт эткен жылыштарды күтсө болобу? Коррупцияга каршы күрөшүү керек  деген атка минерлердин сөзүнө кантип ишенсе болот. 20 жыл бою жеп-ичип, бюджетти тоноп, карапайым элдин эсебинен капчыктарын кампайткан адамдар бир күнү эле, уйкудан чочугансып келип, коррупцияны жок кылыаарына көз жетпейт.

«Кыргызстандын өкмөтүнүн өзү коррупцияга малынган болсо, коррупция менен күрөшүү жөнүндө кандай сөз болмок эле», деген оюн Коргоо Кеңешинин отурумунан кийин «Ата Журт» фракциясынын лидери Камчыбек
Ташиев билдирди. Анын айтымында, Президент Атамбаев коррупция менен күрөшүүгө чындап бел байлаганы билинип жатат, бирок ал аракеттер кагаз жүзүндө эле кала бербей, иш жүзүндө ашырылса жакшы болор эле. Ушуга чейин атту-баштуу аткаминерлердин бирөөсү да айыпталып, соттолгон эмес.

Кызматдарга дайындоолор дагы эле болсо таныш-билиш, тууган-урук, акчанын күчү менен бүтүп жатканын жашыруу кыйын. Демек, “коррупция өлмөк түгүл, өсүп-өнүп жатат”,- дейт Камчыбек Ташиев. Жөнөкөй, карапайым элдин арасынан чыккандардын илим-билимине карабастан бийликтин бутагына илиниши оңой эмес, бул да болсо коррупция.

Депутат Камчыбек Ташиевдин пикиринде, бүгүнкү өкмөттүн коррупцияга чыныгы каршылык көрсөтүүгө күчү да, мүмкүнчүлүгү да жок. Анткени өкмөттүн өзү коррупцияга белчесинен өйдө батып жатканы белгилүү. Өткөн жылы Өмурбек Бабановдун коррупциялык схемаларга аралышып калганы жөнүндө «Ата Мекен» фракциясы бир нече жолу айтып чыккан эле. Анан кантип ушундай күмөндөр чиновник коррупцияга каршы күрөшүүнү башкара алат.Коррупцияга каршы күрөшүү жемиштүү болушу үчүн президент мындай отоо чөптү түп-тамыры менен жулуп жок кылууга аракет кылышы зарыл. Мисалы, бүгүнкү өкүмөттү толугу менен отставка кетирип, парламенттик коалицияны кайрадан түзүп, жаңы өкмөт дайындалышы абзел. Ошондо гана коррупцияга каршы күрөштүн алгачкы кадамдары жасалды десе болот. Ага чейин, атка минерлер оң колу менен өтө чөп жулуп, сол колу менен пара алып жата бериши турган кеп.

Бирок Президенттин мындай радикалдуу кадамдарга күчү да, саясий эрки да жетер бекен? Же коррупция менен күрөшүү урааны элге арналган кезектеги «короз кант» бойдон кала береби?


                                     


 

Бир айдан бери унчукпай жаткан «Ата Журт» фракциясынын башчысы айдын аягында катуу ачылды, деп жазылат «Фабула» гезитинин 31-январда чыккан санында.


Басылмада бегиленгендей, 28-январда парламенттик отурумда Ө.Бабанов баш болгон, Тынаев төш болгон өкмөт мүчөлөрүн өкүртө сындады. Кичи мекенине иш сапары менен аттанган баш бакандын өкмөттүк саатка катышпаганына капаланган Камчыбек Ташиев «Ө.Бабанов убаданы катуу берет, аткарарда качып кетет», - деп атырылды.


Баракелде

 


 
 
Мамлекеттик финансы полициясы кызматынын Жалал-Абад облусунун Ноокен аймагы боюнча бөлүмү тарабынан Кочкор-Ата шаар башкармалыгынын жетекчисинин жана тендердик комиссиясынын төрагасынын кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланышкандыгы аныкталды. Бул тууралуу аталган кызматтын  билдиришти.
 
Алар алдын ала сүйлөшүп алышып, “Про-Мото” ЖЧКнын курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүгө жана реконструкциялоого лицензиясы жоктугуна карабастан, аталган шаардагы №14 Губкин атындагы мектепти оңдоо иштери үчүн өткөрүлгөн тендерде жеңүүчү деп тапкан жана бул курулуш ишканасынын эсебине 1 млн. 600 миң сом которушкан.
Бул факты боюнча Мамлекеттик финансы полициясы кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча бөлүмүнүн тергөөчүлөрү тарабынан КР КЖКнын 306-беренесине (Мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген келишим түзүү, мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү)  ылайык кылмыш иши козголду.
 
Азыркы учурда бул иш боюнча баардык тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
 
Булак: Кабар

 

30-январдан 31-январга караган түнү Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автожолунда 21 жолу кар көчкү түштү. Мындай маалыматты бүгүн Унаа жана жол министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Карташ жана Ойтал калктуу пункттарынын ортосундагы атожолдун 76-чакырымынан 89-чакырымына чейинки бөлүгүндө 6 жолу кар көчкү түшкөн. Мындай кар көчкүнүн көлөмү 3 миң 360 кубометрге жеткен. Ошондой эле Терекчат участогундагы автожолдун 100-чакырымынан 106-чакырымына чейинки бөлүгүндө жалпы көлөмү 12 миң 850 кубометр келген 15 жерге көчкү түшкөн.


Маалыматка ылайык, бул участоктордо автоунаалардын бир багытта жүрүшү үчүн жол тазаланды. Учурда жолду кардан тазалоо иштери уланууда.


Кабар

 

Кыргызстандын соттор кеңеши Фемида кызматкерлерин жоопко тартууга макулдугун берген чечим кабыл алды. Бул тууралуу «De-факто» гезити 31-январда чыккан санында жазган.


Гезитте жазылгандай, сот залында Октябрь районунун соту Мамасадык Абдыкалыковдун, Токтогул районунун соту Жунусмамат Эгембердиевдин жана Ноокат районунун соту Марс Исмановдун жооп берүүлөрү күтүлүп атат.


«Булардын баары УКМК тарабынан кызмат абалынан пайдаланып, ири көлөмдө пара алган деп айыпталууда. Кылган күнөөлөрү үчүн бул үч сот мыйзам чегинде тиешелүү жазаларын алышса, анда бул Кыргызстандагы сот реформасынын башталышынан кабар берген иш болмок», - деп жазат гезит.
 
Баракелде

 

 «De-факто» гезитинин 31-январда чыккан санында жазылгандай, «Кыргызалтын» ишканасынын жетекчисинин орду азырынча бош. Буга чейин жетектеп келген Осмонбек Артыкбаев жакында эле бошотулуп, башка кызматка кеткен.


«Ак үйдөгү ишенимдүү маалымат булагыбыз билдиргенге караганда, ал орунга КСДП партиясынын активдүү мүчөлөрүнүн бири, бир кезде бир жарым ай гана Чүйдүн губернатору болууга жетишкен Сагынбек Абдрахманов барат экен», - деп жазат гезит.


Гезит белгилегендей, С.Абдрахманов коомчулукка «С.Чокморов» атындагы коомдук фонддун жетекчиси катары белгилүү.


Баракелде  

 

Ысык-Көл облусунун губернатору Мирбек Асанакунов Чолпон-Ата шаарынын эли менен атайын жолугушуу өткөрдү, деп маалымдады обладминистрация басма сөз кызматы.


20-январда Чолпон-Ата шаарынын мэрин шайлоо болуп өтүп, шаардык кеңештин депуттары тарабынан көпчүлүк добуш менен Бактыгул Алиевдин талапкерлиги жактырылды. Бирок, кээ бир жаштар тарабынан «Биз Алиевди жакшы тааныбайбыз» деген ойлорун айтып, наарзычылык билдиришти. Бул маселе боюнча жеринде барып, жергиликтүү эл, аксакалдар, жаштар, район, шаар жетекчилери, участкалык комиссиянын төрагасы жана укук коргоо кызматкерлери менен биргеликте сүйлөшүп, аталган маселеге чекит коюу үчүн облус жетекчиси М.Асанакунов жеринде жолугушуу өткөздү.


Жолугушууга келген участкалык комиссиянын төрагасы депутаттар, шайлоо ачык-айкын жана мыйзам чегинде өткөнүн баса белгилешти. Ал эми жаштардын «биз аны жакшы тааныбайбыз» деген сөзүнө, шаар аксакалдары «мыйзам чегинде шайланган мэрге иштөөгө мүмкүнчүлүк берели» деген ойлорун ачык айтышты.


Ал эми облус жетекчиси губернатор Мирбек Асанакунов «Жаштар жергиликтүү жетекчилер менен биргеликте шаардын өнүгүп өсүшү үчүн биргеликте, ынтымакта иш алып барууларына чакырамын жана жаңы шайланган мэрди эл үчүн иштегенге мүмкүнчүлук берели, анан жалпыбыз бирге баалайлы», - деп айтты.
Натыйжада маселеге чекит коюп, шаар жетекчиси өз кызматына толук кандуу киришти.


  Баракелде

 

 Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Исмаил Исаков М.Суталинов менен УКМК сүйлөшүп алган деди.


«М.Суталинов кайсы парашют менен түштү? Биздин комитетке М.Суталинов Казакстандын аймагында жүрөт деген маалымат түшкөн. Бирок чек арачылар Суталинов чек арадан өткөн жок деп жатышат. Анда ал асмандан түштү да», - деп суроо берди И.Исаков Чек ара кызматынын башчысына.


«УКМКда азыр кадрдык башаламан болуп жатат. Суталинов УКМК менен сүйлөшүп алган, ошондуктан ал келип отуруп калды. Ошондуктан, Суталинов боюнча Атахановду жоопкерчиликке тартуу керек. Чек арачылар Суталинов чек арадан өткөн жок деп жашырып жатышат. Аны такташ 3 күндү талап кылат», - деди ал.


  Баракелде