Ош облусунун Өзгөн районунун эли менен экс депутат Камчыбек Ташиев менен жолугушуусун күч түзүмдөрү көзөмөлдөп жатат. Учурда райондук милиция кызматкерлери жолугушуу өтүп жаткан жерди айланасын кыдыра карап турушат. Алардын саны болжол менен 50дөн ашат. 
Депутат Дамира Ниязалиеванын айтымында, суррогаттык эне болууну мыйзамга ылайыкташтырбаса, бир топ маселе жаралышы мүмкүн. Суррогаттык эне болууга макул болгон жаран бала төрөлгөндөн кийин биологиялык ата-энесине берүүдөн баш тарткан, же эгиз төрөлсө ата-эне бирөөсүн гана алууга аракет кылган да учурлар кездешет. 
Камчыбек Ташиев бүгүнкү Өзгөн эли менен жолугушуу учурунда бул кезге чейин Бишкекте Ак үйдүн дарбазасын ашып өткөндүгү үчүн өкүнбөстүгүн билдирди.
Өзгөн эли менен жолугушуу учурунда сүйлөгөн сөзүндө Камчыбек Ташиев кримчөйрөнүн анабашы болгон Батукаевди жогорку бийликтин кийлигишүүсү менен гана чыгып кеткендигин билдирди.
Эртең 1-ноябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Кыргыз милициясынын 89 жылдыгын жана башкармалыктын бөлүмдөн башкармалык болуп кайра түзүлгөндүгүн белгилейт.
Бул тууралуу маалымат жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди.
Өкмөт «Центерра Голд» компаниясы менен сүйлөшүүдө үч вариантты сунуштайт. Алар: Кумтөрдөгү Кыргызстандын үлүшүн 67 пайызга жеткирүү, 50/50 пайыз боюнча меморандумду калтыруу жана келишимден бир тараптуу чыгып, улутташтыруу.
Эртең менен "Парк-Отель" мейманканасында Бажы биримдигине киргенден кийин алкоголсуз ичимдиктерди экспорттоонун абалы боюнча иликтөөнүн жыйынтыктары тааныштырылат. Ишкерлерге Бажы биримдигине мүчө мамлекеттерге алкоголсуз суусундуктарды сатуунун эрежелери тууралуу маалымат берилет.
Бүгүн, өкмөттүн жыйынында журналисттердин, Башкы прокуратура депутат Равшан Жээнбековго карата “Кумтөр” маселеси боюнча кылмыш ишин козгошу мүмкүнбү?- деген суроосуна, өкмөт башычысы: “Тергөөчүлөр өкмөттүн алдында жооп бербейт. Биз бул боюнча эч нерсе айта албайбыз.
Камчыбек Ташиев учурда эл кыдырып жүргөн кези. Кыдыруунун максаты, “Кумтөр” жөнүндө, А.Мадумаровдун кызматка барганы, Ө.Текебаевдин ал жөнүндө айтканы, дегеле бүгүнкү элдин акыбалы боюнча баарлаштык.

 
Бул тууралуу өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн Бишкекте өткөн энергетика тармагын реформалоого арналган эл аралык жыйында билдирди. Анын айтымында, акыркы жылдары өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу баа маселеси көтөрүлбөй келген.
Саруу айылынын тургундары сырттан келген кишилерди текшерип киргизүүдө. Бул тууралуу Саруу айылынын тургуну Жанболот ( жеке коопсуздугу үчүн аты өзгөртүлүп берилди) “Маалымат” сайтына билдирди.
Бул салтанат кечээ, 30-октябрда Бишкек шаарындагы Бакыт үйүндө болуп өттү.  Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин демилгеси менен жаштардын үйлөнүү үлпөтүн өткөрүп берүү ушуну менен үчүнчү жыл колго алынып атат. 
Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев билдирди.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында айтылды. Депутат Гүласал Садырбаеванын айтымында, депутаттар мындай абалга Ош жергесинде белгиленген Насирдин Исановдун 70 жылдык мааракесинен кайтып келатышканда кабылышкан. 
"Сиз мага эле кыйын болосуз, мага эле кыйкыра аласыз. Анткени башка депутаттарга кыйкыра берсең болот деген укукту сизге беришкен эмес. Төраганын депутатка сөөмөй кезегени этикага туура келбейт", - деди депутат Равшан Жээнбеков Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында. 
Депутат Анвар Артыков "маалымат каражаттарында парламенттен алты депутат Канадага "Кумтөр" тууралуу  сүйлөшүүгө барат деген маанидеги маалымат тараганын" айтты. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат парламенттин "Кумтөргө" барчу делегациясы боюнча кабары жоктугун билдирди. Бул А. Артыковдун нааразычылыгын жаратты. 
"Мен ачык жүргөн адаммын, мени жабык эшик артында талкуулоонун зарылчылдыгы жок", - деди депутат Бөдөш Мамырова Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында. 
Сулайман-Тоодогу тартылган сүрөттөрдөн соңку күндөрү арбактардын сөлөкөттөрү түшүп жатканы кеп болууда. Бул шаардыктардын ичинде кызуу пикирлерди жаратууда. Ал эми сүрөткө өздөрү түшкөн адамдар аны кимдир бирөөнүн колдоочусу деген ойдо. Бирок алар журналисттерге маек берүүдөн баш тартып келатышат.
-Ал бала Батукаевдин баласы болгондо эчак эркиндикке чыкмак, - деди Дастан Бекешев апасы менен чогуу абакта кармалган эки жумалык ымыркай тууралуу.