Элдик курултайды уюштуруу комитетинин мүчөсү, жарандык активист Адил Турдукулов “Азаттыкка” билдиргендей, жыйын быйыл 7-апрелге чейин же андан кийин болот. Так мөөнөтү азырынча белгисиз.

 

 

Элдик курултайды уюштуруу комитетинин мүчөсү, жарандык активист Адил Турдукулов “Азаттыкка” билдиргендей, жыйын быйыл 7-апрелге чейин же андан кийин болот. Так мөөнөтү азырынча белгисиз.

 

Уюштуруу комитети 12-мартта жыйынга чогулуп, чет мамлекеттерде качып жүргөн мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди да курултайга чакырыш керек деген чечимге келген. "Алардын келерине ишеним жок, бирок өкүлдөрү келип өз позицияларын билдирет деген ойдобуз" деди Турдукулов:

 

- Менин жеке пикиримде, аларды эч ким күнөөсүз деген жок. Экөө тең күнөөлүү. Өткөн окуяларга саясий жоопкерчилиги бар. Бирок эмнегедир ошолор эле күнөөлүү болуп калды. Ошол системада иштегендер азыр деле өз иштерин улантып жатышат. Ошондуктан курултайга чакыруу алардан саясий жоопкерчиликти алып коюу дегенди түшүндүрбөйт. Бирок күнөөсүн моюнга алабы, жоопкерчилигин сезеби - алардын да ойлорун угуп коюшубуз керек деп ойлойм.

 

Курултайда коррупцияга каршы күрөш, саясий туткундарды бошотуу, сөз эркиндигине карата кысымды токтотуу маселелери көтөрүлөт. Жыйынды Улуттук мекенчил күчтөр жарандык активисттер менен чогуу уюштурганы жатат.