Печать
Категория: Укук-тартип

Шылуундардын ити чөп жеп... 

 

11-декабрда Ош шаарындагы “Драгонс” деп аталган каржы пирамидасына алдандык деген кыркка жакын адам Ош милициясынын алдында нааразылык акциясына чыгышты.

 

Алардын айтымдарында, Жалал-Абад, Баткен, Ош облусунан миңден ашык адамдын арты 20, алды 60 миң долларын ушул компаниянын өкүлүнө беришкен. Жабыркагандар акчанын тууган пайызын эмес, сумманын негизги бөлүгүн да кайтара албай убара.

 

Маалыматка ылайык, “Драгонс” каржы пирамида компаниясы Ош шаарында быйыл апрель айында ачылып, кайра август айында эле жабылып калган. Бирок, мекеме өкүлдөрү ушул күнгө чейин жарандарды “акчадан акча жасап” байууга үндөп, ишмердүүлүгүн токтоткон эмес.

 

Каржы пирамидасына “акчамды алдаттым” деген миңден ашык жарандын атынан Ош ШИИБге ноябрь айында арыз жазылган. Компаниянын лидери Бишкек шаарында болсо, бул жактагы эки өкүлүнүн бирөөсүнө иш козголуп, кармалган. Жергиликтүү милициянын басма көз кызматынын өкүлү Райхан Абдыразакованын айтымында, шектүү аял Ош ШИИБнин убактылуу кармоо жайында отурат.

 

Ош шаардык жана облустук сотунун маалымат катчысы Бекзат Осмонкулов бул ишке шектүүнүн баш коргоо чарасы 8-декабрда аныкталганын, бирок милиция ал аялды колго түшүрө элек болгон үчүн Жалал-Абаддагы тергөө абагына эки айга камакка алуу боюнча сырттан чечим чыгарганын айтты.

 

Бул иш боюнча милиция менен сот эки башка маалымат берип  жаткан чакта жабыркагандар арасында каржы пирамидасынын өкүлү жазага тартылбай калат деген кеп тарап, бүгүн Ош ШИИБде нааразылык билдиришти. Түшүнбөстүккө шектүүнүн баш коргоо чарасын аныктоо себеп болгон. Анткени алар тергөө иштери жүргөнчө эки айга камакка алууну шектүү ушуну менен жазасынан биротоло кутулуп кетет деп кабыл алышкан.

 

Ош милициясы билдиргендей, “Драгонс” каржы пирамидасынан келтирилген чыгым азырынча 5 млн доллар деп эсептелип жатат. Алдангандардын көбү банктан насыя алып, акчасын бул жакка салган.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №57 (335), 13-декабрь 2017-ж.

Тема: