Базардын ээси Зуура Сегизбаева кол алдында иштегендерди өзүнүн “Жаңы шаар” партиясына добуш берүүгө мажбурлаган.

 

11-декабрда жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен жармаштырылып өткөн бийликтин (элдин эмес) Конституцияга толуктоо жана өзгөртүү киргизүү боюнча референдумуна жалпы шайлоочулардын 3/1и катышса да өттү деп БШК тарабынан расмий жарыяланды. Эми элдин 60%ы катышпаган шайлоо жана референдумга тарых калыс баасын берер. Бирок бул шайлоонун өтө ыплас жана зордук-зомбулук менен өткөндүгүн Кара-Балтадагы чыр далилдеп койду. Ага “Азия-2” базарынын сатуучуларынын арызы себеп болду. Базардын ээси Зуура Сегизбаева кол алдында иштегендерди өзүнүн “Жаңы шаар” партиясына добуш берүүгө мажбурлаган. Көрсө, бул айым базарда соода кылгандардын өздөрүн эле үй-бүлөлүк партиясына добуш берүүгө мажбурлабастан, ар бирине ондон адамды кошо ээрчитип келүүнү талап кылыптыр. Бул “тапшырманы” аткарбагандарга ошол эле күнү базар жабылып, ижара акысы 2 эсе жогорулаган. Арыздын негизинде Жайыл районунун прокурору А.Намазалиев, райондук ички иштер бөлүмдүн жетекчиси Р.Мырзаканов кызматтан алынды. Ал эми Чүй облусунун прокурору Азат Өскөнбаев менен облустук милициянын башчысы Канат Жумагазиевге сөгүш берилди. Ошондой эле З.Сегизбаеванын уулу, Бишкектин Биринчи Май райондук прокурорунун орун басары Талант Сегизбаев да кызматтан алынды.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити