Печать
Категория: Чемпионат мира по футболу FIFA 2026
Просмотров: 58

"Кымбаттуу Лионель Месси,
сенин футбол ойногонуңду көрүү бул спорт түрүндөгү эң чоң сыймыктардын бири болуп келген. Сен талаада мүмкүн эмес нерселерди жасай аласың, сен талантың менен бүткүл дүйнөнү бириктирип жатасың. Сага жылуу саламымды жөнөтөм. Жер планетасында футболдун эң сүйүктүү спорт түрүнө айланышы үчүн жасаган бардык иштериңе рахмат. Сага туулган күнүң менен куттуктоомду жолдойм жана ушул дүйнө чемпионатынын кийинки беттештеринде ийгиликтерди каалайм. Бул мелдеште сен төрт жыл мурун Катарда улуттук курамаң менен жеңип алган титулду коргоп жатасың. Сен мурдагыдай эле дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдарга футболго болгон кумарды башка эч кимге окшобой тартуулап келесиң»,-
деп жазды Инфантино өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына.

Picture background

24-июнда Лионель Месси 39 жашка толду. 2026-жылдагы дүйнө чемпионатында чабуулчу беш топ киргизди. Футболчу Алжир менен болгон беттеште (3:0) хет-трик жасаса, Австрия менен болгон оюнда (2:0) дубль аткарды.