Печать
Категория: Коом

Токолдун көйнөгүнүн ичинде тоодой саясат жатат!


 

Айтылуу Чубак ажынан 17 жылдан бери мыйзамдуу никеде жашап келе жаткан аялы Гүлнур Жалилованын билдирүүсү коомчулукта кеңири талкууга алынып жатат. Гулнур айым “Сезим” кризистик борборуна, ошондой эле ички иштер органдарына кайрылып, өзү жана балдары үчүн коркуп турганын, күйөөсү Чубак ажы балдарын чычкандын уусун берип өлтүрүп коёрун айтканын билдирген.
 
“Чубак ажынын токол алуусу атайын бир программанын башталышы десек болчудай. Чуу чыкканы менен Чубак жазаланбайт. Биринчи аялы бала-чакасы менен колун карап отурган кишинин үстүнөн арыз жазбайт. Эл уу-дуу болуп басылат. Динчилердин абройу көтөрүлүп, үгүт ишинде үнү катуу чыга баштайт. Мамлекет ар бир үй-бүлөөдөн куралат. Ар бир үйдөн чыккан чыр мамлекеттик деңгээлге тез эле айланат. Дин бүт дүйнөлүк коркунуч болуп турганда биз үйүбүздүн төрүндө эркелетип жатабыз. Токол маселеси тоготпой койчу майда маселе эмес. 153-беренени жокко чыгарып салуу аракети башталды”,- деп акын-сатирик Кадырбек Керимбаев таамай сүрөттөптүр.

 

Kadyrbek Kerimbaev. Аныгында эле, ушу тапта токол маселесинин айынан эл эки жаатка бөлүнүп, кагылышкандан кайра тартпай тургандай кырдаал жаралды.
Жума башында бул чуу боюнча Азирети Муфтий Максат ажы Токтомушев да атайын билдирүү менен чыгууга аргасыз болду. “Ислам дининде маалыматтын чын-төгүнүн билбей туруп сүйлөө, жалган айтуу жана кимдир бирөөнүн беделине шек келтирүү, аны акарат кылуу күнөө болуп саналат. Албетте, ар бир инсан өзүнүн кылган иши үчүн Алла Тааланын алдында суралып, эсебин берет. Ыйык Курани Каримде белгилүү шарттар менен муктаждык болгон учурда көп үй-бүлө күтүүгө уруксат берилген. Ошондуктан биздин кадырлуу, бүгүнкү күндө кыргыз журтчулугу үчүн диний жаатта кызмат кылып келе жаткан аалымыбыз, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов Жараткандын алдында эч кандай күнөөкөр болгон жок. Ал эми ал кишинин үй-бүлөлүк маселесин тиешелүү органдар териштирип жатат. Андыктан бирөөнүн үй-бүлөсүнө бүлүк салып, социалдык барактарга туура эмес, такталбаган маалыматтарды жазуудан этият бололу. Ар бир нерсе өз ордунда такталат, ага убакыт керек. Туура эмес пикир же көз-караш айтып коюп, кийин өкүнүп калбайлы. Бул үчүн кыямат күнү чоң жоопкерчилик болоорун эсибизден чыгарбайлы. Мусулман-мусулмандын жардамында болушу керек. Мусулман адам башка мусулмандарга карата дайыма жакшы күмөндө болуусу шарт. Андыктан, келиӊиздер жалпыбыз мамлекетибиздин бейпилдиги, элибиздин тынчтыгы, ынтымагы үчүн дуба кылып, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салымыбызды кошолу”,- дейт муфтий Максат ажы.

 

Аялынын укук коргоо органдарына арыз менен кайрылып, жардам сураганы боюнча Чубак ажы Жалилов далилдүү эч кандай кеп айта элек. “Азыр учуру келе элек. Убагы келгенде мен маалымат жыйын өткөрөм. Андыктан азырынча сабыр кылып туруӊуздар”,- дегени белгилүү.

 

Эске салсак, 28-ноябрда, социалдык тармактарда Чубак ажы Жалиловдун видеожазуусу жарыяланган.  “...мен жакында эле экинчи жолу үйлөндүм. Менин эки аялым бар. Жолдошу каза болуп калган жесир аялга үйлөндүм, ал Түркияда бала багуучу болуп иштеген. Шариятка ылайык, эркектер экинчи же үчүнчү аялы кылып жашоодон запкы көргөн, кыйналган же жесир аялдарга үйлөнөт. Бизде азыр кыргыз аялдары акча табам деп мажбур түрдө чет жактарга иштегени кетип жатышат. Биз кыргыз эркектери аларга жардам беришибиз керек, намыстанышыбыз керек. Ошон үчүн мен экинчи аял алдым. Эч кимден жашырган жерим жок, ата-энем, жубайым баарын билишет. Шарияттын бардык мыйзамдарына ылайык үйлөндүм. Албетте менин биринчи аялым капа болду буга, анын кызганууга, капа болгонго укугу бар. Мен мусулмандарды жашырынып эмес, үйлөнгөнүӊөрдү ачык айтып жашагыла деп чакырып кетет элем”,- деген болчу Чубак ажы. Ошондон бери токол ызы-чуусу токтой элек. Укук коргоочулар Конституцияга ылайык, көп аял алууга тыюу салынганын эскертип, Чубак ажынын үстүнөн прокуратурага кайрылышкан. Ага ылайык, аалымды бир нече ирет суракка чакырышкан. Учурда тергөө кызуу жүрүп жатат.

 

 

 

“Майдан-пресс”, Булак: “Майдан. kg” гезити