Печать
Категория: Коом

Бишкек, «Саясат. kg». Абактан качкан соттолуучунун мөөнөтү узартылды.

 

Жатак-колониядан качкан соттолуучуга жаза мөөнөтү узартылды.

 

Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

 

Соттолуучу  сексуалдык ыдык көрсөтүү жана зордуктоо беренелери боюнча айыпталып, абакка түшкөн. Ага өкүм Жайыл райондук соту тарабынан чыгарылып, 17 жылга эркинен ажыратылган.

 

Соттолуучунун жаза мөөнөтүнүн аякташына төрт жыл калгандыктан аны Кызыл-Кыя шаарындагы жатак-колониясына которушкан.

 

Б.Р.А.ны жатак-колониянын шарты менен тааныштырышкан. Ал «Авахан» жеке ишканасына жумушка орношкон. Бирок, бир нече убакыттан кийин жумуштан уруксат сурабай, качуу ниетинде чыгып кеткен.

 

 Ал эми соттолуучу жумуш берүүчү тарап аны сабагандыктан жумуш орунун таштап чыгып кеткенин айткан.

 

Соттолуучунун айыбы толугу менен далилденип, сот ага 1,5 жыл жаза мөөнөтүн берди. Андан тышкары эми аны күчөтүлгөн тартиптеги абакка которушат.