Печать
Категория: Коом

Бишкек, «Саясат. kg».  Жалал-Абад облусундагы   милиция бөлүмүнүн кызматкери сотко берилди.

 

Жалал-Абад облусундагы Ноокен районуна караштуу Бүргөндү айылындагы милиция бөлүмүнүн кызматкери КР Кылмыш жана жаза кодексиндеги эки берененин негизинде айыпталууда.

 

Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

 

 Маалыматка караганда, Ноокен райондук прокуратурасына Бүргөндү айылынын жашоочусу кайрылып, Ноокен райондук ИИБ кызматкерине чара көрүүнү суранган. Айтымында, анын өспүрүм уулун 11-июлда бөлүмгө алып барып, сабаган.  

 

Такталгандай, 11-июлга караган түнү Ормон-Сай айылындагы иш чарада мушташ башталып, өспүрүм курбалдашын бычак менен сайган. Жабырлануучуну ооруканага жеткиришкен. Шектүүнү милиция бөлүмүнө алып барышып, ишти иликтешкен.

 

 Бейбаштык боюнча моюнга алган көрсөтмө алуу үчүн милиция бөлүмүнүн жетекчиси өспүрүмдү сабап, сегиз саат өзүнүн сарайында күч менен кармаган.

 

 Соттук- медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, 17 жаштагы бала денесине ар кандай жараат алган. Ошондой эле анын угуу органдары да жабыркаган.

 Ноокен райондук прокуратурасы 24-июнда  милиционерге карата кылмыш ишин козгогон.