Бишкек, «Саясат. kg». Бул Кубат Оторбаевдин отставкасына алып келиши мүмкүн.
Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы акыйкатчы Кубат Оторбаевдин отчетун кабыл албады.
Кубат Оторбаев депутаттарга 2016-жылдагы Акыйкатчылык институтунун ишмердүүлүгү боюнча отчет берген.
Депутат Рыскелди Момбековдун айтымында, Кубат Оторбаев депутаттарга отчету жиберген, бирок өзү келген эмес.
«Биз күтө албайбыз. 2018-жыл да келип калды. Жазында 2017-жылдагы ишмердүүлүгүн чагылдырган отчетун угушубуз керек. Бүгүн да ал келбеди. Себебин айтпады. Ошондуктан, отчетун биз кабыл албадык», - дейт.
Айтымында, фракция корутундусун пленардык жыйынга алып чыгат. Эгер көпчүлүк депутат колдосо, анда Кубат Оторбаев кызматынан бошотулушу мүмкүн.