Печать
Категория: Коом

Бишкек, «Саясат. kg». Ата-эне жылуу үйдө отуруп, арак ичип отурушканда, сыртка чыккан бала тоңуп каза тапкан.

 

 

 

ИИМдин билдиргенине караганда, окуя Нарында болгон. Нарын шаарынын тургуну милицияга арыз менен кайрылып, бир күн мурда, кечки саат 6 чамасында 5 жаштагы баласы үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айтышкан.

 

 Ошол эле күнү милиция кызматкерлери баланын жансыз денесин үйүнөн анча алыс эмес жерден табышкан. Үй-бүлө Нарын дарыясынын боюнда жашашкан, үйдүн жанында жар болгон. Бала жардан болжол менен жети метрлик тереңдикке кулаган. Анын денесин таштардын үстүнөн табышкан.

 

Бул боюнча судмедэкспертиза дайындалган. Жыйынтыгы азырынча даяр боло элек. Алдын ала жасалган текшерүү баланын  денесинде жарааттар болбогонун көрсөткөн.

 

 Милициянын билдиргенине караганда, үй-бүлө бакыбат жашабайт, аялы менен күйөөсү расмий никеге турушпаган. Эки жыл мурун эрезеге жете элек балдардын иши боюнча инспекция бул үй-бүлөнү социалдык муктаждардын катарына кошкон.

 

 Таанып-билгендер алардын ичкиликке жакын болгонун айтышкан.

 

«Ал күнү да сыягы ичип атышып, баланын сыртка чыгып кеткенин да байкашпаган окшойт. Баланын жоголгонуна бир күн болгондон кийин атаны да, энени да текшердик, ошондо да алар кызуу абалында болушкан», - деп билдирет аталган мекеме.