Печать
Категория: Коом

Бишкек, «Саясат. kg». 2018-жылдан тартып Мамлекеттик ипотекалык компания кызматын кеңейтет.

 

 

Мамлекеттик ипотекалык компания 2018-жылдан тартып бюджетке карабаган жарандарга да насыя бере баштайт. Бул тууралуу «МИК» ААКсынын жетекчиси Бактыбек  Шамкеев билдирген.

 

«Бул насыяларды берүүгө Германиялык өнүгүү банкы 11 миллион евро которот. Сумма анча чоң эмес, сомго айлантканда 800 миллиондон бир аз ашат. Эгер турак-жайдын орточо баасын 1-1,5 миллион сом деп эсептей турган болсок, анда насыяны 700-800 адам ала алат», - деген жетекчи.

 

 Насыя алуучуларды бир катар талаптар менен тандашат, насыянын акыркы бөлүгүн төлөгөн кезде жаш курагы 21ден 65 жашка чейин болушу керек, менчик турак-жай жок жана иштөөгө жөндөмдүү акыбалда болушу шарт.

 

 Насыянын мөөнөтү 15 жылга чейин. Бюджеттегилерге ипотекалык насыялар жеңилдетилген 8-10 пайызда берилсе, бюджетке карабагандарга 12-15 пайызда берилет.

 

 «Насыялар турак-жайды курууга же сатып алууга гана берилет. Бишкек менен Оштон башка аймактардын тургундары гана ала алышат. Анткени, бул эки шаарда үйлөр жетиштүү курулду. Өлкөнүн башка аймактарына да курулуш иштерин өнүктүрүүнү ойлоп жатабыз, бизге биринчи базардагы турак-жайлар жетишпейт» , - дейт Бактыбек Шамкеев.