Печать
Категория: Коом

Бишкек, «Саясат. kg». Коопсуздук комитети Kloop.kg маалымат агенттигинин журналистин суракка чакырган.

 

 

 

 

Эске салсак,президенттик шайлоодон кийин Kloop.kg маалымат агенттиги samara.kg сайты тууралуу иликтөөлөрүн жарыялаган. Ал макаланы жазган журналист Ринат Тухватшинди УКМК суракка чакырганы белгилүү болду.

 

УКМКнын  түшүндүрмөсүндө, аталган агенттиктин журналистин текшерүүнүн алкагында суракка алышкан. Комитет samara.kg сайты боюнча иликтөөлөрүн жүргүзүшүүдө.

 

«Журналисттин берген көрсөтмөсү бизге иликтөөлөрдө жардам берет деген үмүттөбүз», - деп билдирет УКМК.