Печать
Категория: Коом

Бишкек, «Саясат. kg».  Текебаевдин адвокаттары Жогорку соттун өкүмүн үч жумадан кийин гана алышкан.

 

Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновго карата Жогорку сот чыгарган өкүмдү алардын адвокаттары үч жумадан кийин гана алышкан.

 

Эске салсак, ЖК депутаты Текебаев жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мурунку министри Чотонов коррупция беренеси менен айыпталып, сегиз жылга эрктеринен ажырашкан.

 

«Ата Мекен» партиясынын юристи Таалайгүл Токтакунованын айтымында, соттолгон саясатчылардын адвокаттары БУУунун адам укуктарын коргоо Комитетине даттануу алдында турушат. «Кыргызстанда юридикалык коргоонун бардык ыкмалары жокко чыгарылды», - деген юристтин белгилешинче, эми аларда эларалык инстанциялар аркылуу гана акыйкаттуулукту калыбына келтирүүдөн башка арга жок.