Печать
Категория: Коом

35-40 жаштагы жигиттерди кантип жаш десе болот? Ушул куракта эл үчүн иштебегенде, качан иштешет. Жусуп Абдрахманов, Баялы Исакеевдер мындан да жаш мезгилдеринде мамлекеттик кызматка келишкен.

 

 

 

 

- Алмазбек мырза, Кубанычбек Кулматов экинчи ирет Мамлекеттик Бажы кызматына жетекчи болуп ишти жөндөй билгени үчүн бардыбы же ал кызматка андан башка татыктуу эч ким жокпу?

 

- Биринчиден, иш билгилиги үчүн ошол кызматка барды. Экинчиден, ага президент жана өкмөт ишенет. Үчүнчүдөн, 1-январдан баштап Евразия экономика биримдигиндеги бардык мамлекеттерге тийиштүү жаңы Бирдиктүү Бажы Кодекси киргизилет. Бул жагынан Кулматов идеалдуу фигура. Ал шериктештердин бажы кызматтары менен жакшы мамиледе. Өзгөчө, Россияныкы менен. Бул өтө маанилүү.

 

- Өкмөт башчынын 100 күндүк отчётуна ынандыңызбы?

 

- Толук ынандым, Буюрса, ийгиликтүү өкмөт болот. Креативдүү жаштар, ишенимдүү программа. “Таза Коомдун” 60-70 %ын эле ишке ашырышса, анда Кыргызстан таанылгыс болуп өзгөрөт.

 

- Өкмөт башчы мындан ары системдүү өзгөрүү кылаарын айтты. Кайсыл тармакта өзгөрүүлөр болушу мүмкүн?

 

- Эң биринчи мамлекеттик башкарууда өзгөрүү болот. Анан “Таза Коомдун” бардык тармактарга тиешеси бар. Мына ошол программаны ишке ашырышса, жогоруда айткандай Кыргызстан бардык тармактары таанылгыс болуп өзгөрөт. “Таза Коом” эң туура, үмүттөндүргөн программа болчудай.

 

- Кадрларды дайындоодо дагы деле партиялар бөлүштүрөбү же өкмөт башчы өзү тандап, өзү дайындайбы?

 

- Бул маселеде коалициялык көпчүлүккө кирген партиялар менен сөзсүз түрдө акылдашуу болот. Мисалы, Шадиев “Бир Болдон”, Дастан Жумабеков  “Кыргызстандан”. Бирок, премьер-министр жалгыз өзү чеччүү кызмат орундар да бар, аларды алуу-коюу премьердин мыйзамдуу укугу болуп эсептелет. Мисалы, Кубанычбек Кулматовду Бажы кызматына койду го. Андай кызматтардын башчыларын премьер-министр эч ким менен расмий макулдашпай эле дайындаганга толук укугу бар.

 

- Жаңы шайланган президенттен эмнени үмүт кыласыз? Ал ишти кайсыл тармакты өндүрүүдөн башташы керек?

 

- Мен президенттен эң жакшы иштерди күтөм. Тажрыйбасы мол, өзү таза адам. Коркпой үркпөй, өзгөчө коррупцияга каршы күрөштү күчөтсө болот. Бул ишти таза адам гана  жасай алат.

 

- Өкмөт башчы эмнегедир кеңешчилерди тандоодо дагы жаштарга басым койду. Эмне үчүн ал тажрыйбалуу адамдарды тарткан жок?

 

- “Акыл жаштан”- дейт кыргызда. 35-40 жаштагы жигиттерди кантип жаш десе болот? Ушул куракта эл үчүн иштебегенде, качан иштешет. Жусуп Абдрахманов, Баялы Исакеевдер мындан да жаш мезгилдеринде мамлекеттик кызматка келишкен. Азыр жаңы муун келди, саясий элита акыры алмашты. Бул жакшы жышаана, болбосо саясий аренада акыркы 20 жылда баягы эле 30-40 саясатчы жүрбөйбү. Алардын алмашуу учуру деле келди го өзү.

 

- “Республика-Ата Журт” партиясы шаардык кеңеште да өз бийлигинен кол жууду. Эми алар “ата-мекенчилердей” өгөй мамилеге туш болушабы?

 

- “Республика-Ата Журт” партиясына бардык фронттон чабуул башталды. Себеби түшүнүктүү. Партия мындай кыйын учурдан да өтүш керек: партия катары  такшалат. Ошондой эле  анча-мынча чыккынчылардан кутулат. Жаңы адамдарды издейт. Бул саясый күрөш да, күрөштө дайым эле жеңе бербейсиң да. Кээде жеңилесиң.

 

- Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айрым кадрлары кызматтан түшмөк тургай,  тескерисинче зоболосу көтөрүлүп, жогорку кызматтарды аркалай башташты.  Бул нерсе жаңы шайланган президентти Атамбаев тымызын башкарып жатат деген ойду кыйытып жаткан жокпу?

 

- Сооронбай Жээнбеков менен мурунку президент бир партиянын өкүлдөрү, жеңишке бирге жетишишти, бирдей эмгек кылышты. Эң негизгиси: стратегиялык көз караштары бир, командасы бир, бири-бирин сатпайт. Ошон үчүн бул команда күчтүү. Сооронбай Жээнбековду мурунку президент менен чабыштырууну каалагандар - бул бүгүнкү күндө өнүгүүнү каалабагандар, стабилдүүлүктү жээригендер, ызы-чууну эңсегендер. Аны бул эки инсан өзүдөрү деле түшүнүп турушат. Бул тандемдин биримдигин тилешибиз керек. Ошондо ийгилик жана тынчтык болот. Кээ бирөөнө жагабы, жакпайбы бул чындык. Бөйрөктөн шыйрак чыгарбай, “менин кадрым, сенин кадрың” дебей - эл үчүн, Кыргызстан үчүн иштей беришсин. Азыр араздашчу учур эмес, өнүгүү заманы. Бир муштум болуп бийликтин бардык бутактары эриш-аркак иштеш керек. Эгер өзүлөрү ыплас иштерге барса, элди алдаса, бири-бирин чукулашса, анда кыргыз эли бат эле жыйынтык чыгарып коет.

 

 

 

Чынайым Кутманалиева, Булак, “Майдан. kg” гезити